КОЛУ АШКА ЖЕТПӨӨ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Турмуш-тиричилик жагынан абдан начар, жетишсиз абалда болуу. Колу ашка жетпей, жер тырмалап, саан саап жан баккан момун элди ок, ажал менен коркутуп отуруп каптап кирди (Бейшеналиев). Өмүр бою этегиң тизеңе жетпей, колуң ашка жетпей куурап жүрүп өт, – деди Арзыкул Жылдызканга (Байтемиров).