зат.Эл-журт, коомчулук, көпчүлүк.Бей-бечаралардын... керектерин камсыз кылуу жөнүндө кантип эле ушундай жетекчилери бар жамаат унутулуп калсын (Абдукаримов). Калмак менен бирге өскөн Кара кыргыз жамааты («Жазгыч акындар»).
ЖАМААТ – 1) бир тектүү аймактын алкагында жашаган аргандай милдетти аткаруучу организмдердин жыйындысы; 2) Бельгия федерациясында маданий-лингивистикалык автономия принциптеринде түзүлгөн субъектердин аталышы. Бельгияда үч Ж. бар: фламанд-, франко- жана герман тилдүү.
1. Эң ар түрдүү жалпылык: шаардык коммуналар, селолук коом, жердештик, диний бирикмелер, профессионалдык бирикмелер ж.у.с. Бей-бечаралардын керектерин камсыз кылуу жөнүндө кантип эле ушундай жетекчилери бар жамаат унутуп калсын (Абдукаримов). Демек, чоң байлар өз жамааты менен бирге алыскы Суусамырга көчүшкөн (Каимов). 2. Өндүрүш каражаттары коллективдүү ээликке жана толук же жарым-жартылай өзүн-өзү башкарууга негизденген адамдардын бирикмеси. 3. Ирегелеш, катарлаш; чектеш, жамаатташ. Атаңдың ашын, бердирбей, Айылды жамаат кондурбай («Эр Табылды»).
входящий с кем-л. в одну и ту же общину; близкий сосед, одноаулец; түрдүү тамашаны угууга жамаатташ койчулардын бардыгы келе бере турган чтобы послушать разные шутки, приходили сюда все ближние пастухи овец; баатыр айлына жамаатташ конушкан - курама, коңшулары в ауле батыра (см.баатыр 2) рядом селились безродные (см.курама 3) и его зависимые родичи (см.коңшу 2).
I сын. Бир коомдош, бир багытта биргелешип аракет кылган.Реакциячыл адабий агымдарга жамаатташ болгон символисттер («Советтик Кыргызстан»).Бул жерлер аздык кылгандыктан, [Кайназар] өзүнө жамаатташ кедейлердин жеринен дагы бир канча жер алган (Жантөшев). ЖАМААТТАШIIэтиш. Бир коомго кошулуу, биригишип уюшуу.
Бир коомдош, бир тараптан, бир жактан, айлы же жери бирге, чектеш. Бул жерлер аздык кылгандыктан, Кайназар өзүнө жамаатташ кедейлердин жеринен дагы бир канча жер алган (Жантөшев).
ЖАМААТТАШ КОРГОНУУ – эларалык укуктагы эки же андан көп мамлекеттин алардын арасындагы куралдуу колсалуунун курмандыгы болгон биринин саясий көзкарандысыздыгын, аймактык бүтүндүүлүгүн жана колтийгистигин калыбына келтирүү үчүн колдонгон жооп иретиндеги куралдуу аракети.
ЖАМААТТАШТЫК ЧАРАЛАР – эларалык укукта эларалык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого жана калыбына келтирүүгө ыйгарым укугу бар 2 же андан көп мамлекеттердин же алардын аймактык жана көп жактуу уюмдары тарабынан жасалган куралсыз же куралдуу мүнөздөгү аракети. Куралсыз мүнөздөгү Ж. ч-га экономикалык мамилелерди толук же жарым-жартылай үзүү,темиржол, деңиз, аба, почта, телеграф, радио, теле ж. б. байланыш каражаттарын токтотуу, ошондой эле элчилик мамилелерди бузуу кирет. Ал эми куралдуу мүнөздөгү Ж. ч-га деңиз, аба, кургак жер куралдуу күчтөрүн пайдалануу менен, күч көрсөтүү, курчоо, тороо ж. б. аскердик аткарымдар жатат.
ЖАМААТТЫК БЕЛГИ – бирдиктүү сапатка же башка жалпы мүнөздөмөгө эгедер болуп, чыгарылуучу жана/же сатылуучу товарларды белгилөөгө арналган биримдиктердин, чарбачылык ассоциацияларынын, концерндердин жана да башка ыктыярдуу ишкана бирикмелеринин товардык белгиси. Ж. б. жана аны пайдаланууга укук башка жакка берилбейт.
ЖАМААТТЫК КООПСУЗДУК – БУУ Уставында белгиленип, ошол бүт дүйнөлүк уюм, жамааттык коопсуздук боюнча коопсуздуктун аймактык уюмдары тарабынан эларалык тынчтыкты коргоого жана баскынчылыкка каршы туруу максатында ишке ашырылуучу мамлекеттердин биргелешкен аракет тутуму. «Ж. к.» аталгысы 1922-жылкы Улуттар лигасынын алкагында эларалык мамилелерге кирген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, Ж. к. принциби юридикалык жактан БУУ Уставы башка эларалык келишимдер жана документтер (м.: 1975-жылдагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча Хельсинки кеңешмесинин корутунду актысы ж. б.) менен бекемделген.
ЖАМААТТЫК МАКУЛДАШУУ (жамааттык келишим) – уюмдагы социалдык-эмгектик мамилени жөнгө салуучу жана кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнүн атынан алардын ортосунда жазуу жүзүндө түзүлүүчү локалдуу ченемдик акты. Ж. м-лар менчиктин кандай түрү болбосун уюмдарда кеминде 1 жылдык мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн. Тараптардын жамааттык сүйлөшүүлөрү башталган күндөн тартып 2 айдын аралыгында Ж. м-нун айрым жоболору боюнча тараптардын ортосунда макулдашууга жетишилбесе, пикир келишпестиктердин протоколун бир эле учурда түзүү менен макулдашылган шарттарда жамааттык келишимге кол коюлууга тийиш. Жөнгө салынбаган пикир келишпестиктер андан аркы жамааттык сүйлөшүүлөрдүн жүйөсү болушу же эмгек мыйзамдарына ылайык чечилиши мүмкүн.
ЖАМААТТЫК МЕНЧИК – бир катар мамлекеттердин мыйзамдары боюнча мамлекеттик жана жекеменчик менен катар турган өзалдынча менчик. Адатта, Ж. м. катары кооперативдерге кирген менчиктер түшүндүрүлөт. Азыркы учурда КР мыйзамдарында каралган эмес.
ЖАМААТТЫК ПОДРЯД – бригадалардын же башка жамааттардын уюмдашуу жана эмгекакы төлөө таризи. Эмгекакы акыркы иш натыйжасы боюнча төлөнөт. Иштеп табыла турган эмгекакы бригада мүчөлөрүнүн арасында тарифтик баскыч, иш жүзүндө иштеген убакытка, эмгекке катышуу өлчөмүнө жараша бөлүнөт.
ЖАМААТТЫК ЭМГЕК ТАЛАШТАРЫ – КР эмгек мыйзамдарына ылайык, эмгек шарттарын (эмгек акысы менен кошо) жакшыртууга жана өзгөртүүгө, жамааттык келишимдер менен макулдашууларды түзүүгө, өзгөртүүгө жана аткарууга байланыштуу, ошондой эле уюмдардагы эмгек укук ченемдерин камтыган актыларды макулдашууда жана кабыл алууда жумуш берүүчү кызматчылардын шайлануучу өкүлчүлүк органдарынын пикирин эске алуудан баш тарткандыгына байланыштуу кызматчылар (алардын өкүлдөрү) менен жумуш берүүчүлөрдүн (алардын өкүлдөрүнүн) ортосундагы жөнгө салынбаган кайчы пикир.
ЖАМААТТЫН ЭРКИН МҮЧӨСҮ – укуктук-уюмдашуу жана ээлик кылуу түрүнө карабастан, жамаатка үлүштүк салым кошуу менен, үлүштүк киреше алып, бирок тийешелүү мыйзамдарда каралган учурлардан башка учурларда добуш берүү укугу жок жеке жана юридикалык жактар.