Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эң ар түрдүү жалпылык: шаардык коммуналар, селолук коом, жердештик, диний бирикмелер, профессионалдык бирикмелер ж.у.с. Бей-бечаралардын керектерин камсыз кылуу жөнүндө кантип эле ушундай жетекчилери бар жамаат унутуп калсын (Абдукаримов). Демек, чоң байлар өз жамааты менен бирге алыскы Суусамырга көчүшкөн (Каимов). 2. Өндүрүш каражаттары коллективдүү ээликке жана толук же жарым-жартылай өзүн-өзү башкарууга негизденген адамдардын бирикмеси. 3. Ирегелеш, катарлаш; чектеш, жамаатташ. Атаңдың ашын, бердирбей, Айылды жамаат кондурбай («Эр Табылды»).