зат. Бир коомдо болгондук бир багытта биргелешип аракет кылгандык.
Бир коомдо болгондук, биргелешип же бир тарапта болуп аракет кылуучулук, айлы, жери биргелик же жакын чектеш болгондук. Жамаатташтыгы байкалуу.
ЖАМААТТАШТЫК ЧАРАЛАР – эларалык укукта эларалык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого жана калыбына келтирүүгө ыйгарым укугу бар 2 же андан көп мамлекеттердин же алардын аймактык жана көп жактуу уюмдары тарабынан жасалган куралсыз же куралдуу мүнөздөгү аракети. Куралсыз мүнөздөгү Ж. ч-га экономикалык мамилелерди толук же жарым-жартылай үзүү,темиржол, деңиз, аба, почта, телеграф, радио, теле ж. б. байланыш каражаттарын токтотуу, ошондой эле элчилик мамилелерди бузуу кирет. Ал эми куралдуу мүнөздөгү Ж. ч-га деңиз, аба, кургак жер куралдуу күчтөрүн пайдалануу менен, күч көрсөтүү, курчоо, тороо ж. б. аскердик аткарымдар жатат.