КОЛ КАБЫШ КЫЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жардамдашуу, көмөк көрсөтүп кошо иштешип берүү. Жыйым-терим бүтүп, иш сээлдегенден бери Калыйча да кол кабыш кыла баштады (Саатов). Жумуштан колу бошой калганда жыгаччылык устаканасына барып, андагы карт жыгаччы Иванга кол кабыш кылыша кетет (Баялинов). Күлайым эжекем да кол кабыш кылып алардын жанында (Сыдыкбеков).