Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Байланышпай, барышып-келишпей, катышпай, катташпай калуу, байланышы болбой калуу. Катышып кол үзбөй турганыбыз да дурус (Бейшеналиев). Атай Маматтан кол үзөйүн десе, Седеп менен жолугушууга мүмкүндүк берген ушул үй гана (Каимов). Мен да сага ошондон кол үз деп айтканы жаткам (Саатов). 2. Бир нерседен ажыроо, айрылуу, такыр кол жууп калуу, жок болуу. Биз биртике эле көзүбүз мындай боло калса, жылкылардан кол үзүп кала турганбыз (Баялинов). Врачтар болбогондо жаштайынан жарыкчылыктан кол үзмөк («Ден соолук»)