Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«колоң II: колоң чач длинная коса (женская); с длинной косой (красавица); күмүш үндүү, колоң чач фольк. (красавица) с приятным (букв. серебряным) голосом и с длинной косой» (Юдахин 1965:398). Аялдардын чачына карата айтылуучу бул сөз «олоӊ» деп да айтылат: «олоң чач или олоңдой болгон чач толстая и длинная женская коса» (Юдахин 1965). Ал эми олоӊ ат жабдыгын билдирет: «олоң I (или тяньш. олоң тартма) задняя подпруга (прикрепляется к ленчику седла); чап олоң 1) подпруга, проходящая близко к пахам; 2) южн. подпруга бычьего седла; төш олоң передняя подпруга (проходящая близко к передним ногам); олоң баш пряжка передней подпруги; куюшканы куйма алтын, олоң башы оймо алтын фольк. подхвостник у него литого золота, пряжки у него с насечкой золотой; олоң-жырым всякого рода сбруя; сбруя и всякие ремешки» (Юдахин 1965). Этимологдордун ою боюнча, колоӊ «кол олоӊ» (жогорудан көрүнүп тургандай, аттын колуна жакын тартылган басмайыл азыр төш олоӊ деп аталат) дегендин кыскарышынан улам пайда болгон: кол олоӊ > колоӊ (ЭСТЯ 1997:47). Байыркы мезгилде олоӊ кайыштан эле эмес, кылдан да өрүлүп жасалган жана аялдардын коюу, узун чачы ушундан улам жогоркудай айтылып калса керек деп божомолдоого болот.