Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жашынан, кичинесинен бирөөнүн колунда туруп, өздөй болуп үйрөнүшүп кеткен балага же келинге карата колдонулат. Жашында жетим калды. Айылдагы динчилге кол бала болуп кат тааныды (Бейшеналиев). Алай эненин айдыңында кол баласы катары курсант дооран сүрүүдө (Бейшеналиев).