КОЛ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Адамдын эки ийнинен баштап, манжаларынын учуна чейинки мүчөсү. Динар колундагы китепти чоң энеге көрсөтүп, силкилдетип койду (Сыдыкбеков). Абдылданын сол колу шалкайып калды (Байтемиров). 2. Малдын алдыңкы буту. Аттар колдорун солбута тарсылдатып, ташты чапчышат (Жантөшев). 3. Беш манжа. Беш кол тең эмес (макал). Беш колундай билет. 4. Кимдир бирөөнүн жазуудагы, тамга тартуудагы өзүнө мүнөздүү болгон өзгөчөлүгү. Кат уулум тарабынан жазылганына көзүм жетти, колунан тааныдым («Ала-Тоо»). 5. Кандайдыр бир документке, тизмеге, текстке же картинага тиешелүү адамдын өзү тарабынан жазылган фамилиясы, аты-жөнү.