зат. Химиялык лабораторияларда колдонулуучу шар же конус формасындагы узун моюндуу айнек идиш.
ж.
колба (узун моюндуу, тоголок же үч кырдуу айнек идиш; химия лабораторияларында колдонулат).
колбаса;
колбаса азыктары колбасные изделия.
зат. Ичегиге салынып же сыртынан жука кабыкча менен капталып, чучук формасында даярдалган эт азыгы.
ж.
колбаса, чучук;
варёная колбаса бышырылган колбаса;
копчёная колбаса ышталган колбаса.
Орус тилчиси Ф.Корштун ою боюнча, колбаса түрк тилдериндеги күл басты деген сөздөн алынган. М.Фасмер анын бул оюна кошулуп, бул сөздүн славян тилдериндеги варианттарынан улам мындагы т тыбышы сын атооч жасалган учурда (колбасный) түшүп калса керек деп божомолдогон. Бул сөз ошондой эле түрк тилдериндеги кол жана басты деген сөздөрдөн келип чыгышы да толук мүмкүн, анткени колбасаны чучук сыяктуу эле койдун ичегисине этти кол менен киргизип жасашкан.
~, ая, -ое
колбаса-га т.;
колбасный завод колбаса заводу.