Колдонмо
Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека СааданбековаКолдонмо програм (кыскача колдонмо) – бул белгилүү бир тапшырманы аткаруу үчүн иштелип чыккан көмпүтердик програм. Сөздүн түбү англис тилиндеги application software термининен келет. Колдонмону адатта жеке колдонуучулар урунат. Буга смартфонго орнотулган TikToK, Instagram, YouTube, WhatsApp, Google Photo, Spotify, Netflix ж.б. кирет.
Колдонмо програм деп програмдар жалпысын айтылат. Андан тышкары, көмпүтердин иштешин камсыздаган iOS, Android, Windows, Linux сыяктуу операциондук системдер (ОС) жана “үтилиттер” аталган көмөкчү програмдар өзүнчө классты түзөт.
Колдонмолдор көмпүтердин операциондук системи менен бирге же өз алдынча орнотулушу мүмкүн. Менчиктөө укуктарына карата колдонмо ачык булактуу же жабык кодду болот.
"Колдонмо" термини көбүнчө смартфон сыяктуу мобилдик түзмөктөрдө иштеген колдонмо програмдарды билдирет.