КОЛ АРАГА ЖАРОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Тестиер тартып, майда-чүйдө иштерди аткарууга, кол кабыш кылууга жарап калуу, чоңоюп жеңил-желпи жумуштарды иштей баштоо. Балдарынын улуусу тестиер тартып, кол арага жарап калган кези (Сыдыкбеков). -Өзүм бейтаптаган кезде булардын кол арага жарап калганын көр (Осмоналиев).