КОЛТУРМАЧ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКыргыз тилинде колтурмач сөзү мындай учурларда айтылат: 1) жаңы атка минген жаш бала жыгылып кетпесин үчүн айырмач ээрдин башынан жип өткөзүп, баланын колтугунан чырмап коюуда; 2) отунду, жүктү көтөрүү жеңил болсун үчүн жиптин учун эки колтук аркылуу өткөрүп көтөрүүдө. Колтурмач сөзү колтук+чырмаш деген эки сөздүн биригишинен куралган. Эки сөз бириккенде биринчи сөздүн аяккы тыбышы жана экинчи сөздүн башкы тыбышы түшүп калган: колтук+чырмаш>колту(кч) ырмаш>колтурмач. Ошону менен бирге сөздүн аягындагы ш тыбышы ч тыбышына өтүп, экинчи сөздүн үндүүлөрү биринчи сөздөгү үндүүлөргө ээрчип, колтурмач түрүнө келген.