КОЛУ ТАР
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Колунан оңой менен эч нерсе чыкпаган, катуу, зыкым, сараң. Колу тарды март кылып, сандыктан нан алдырган (Осмонов). В.: Колу кууш. Демейде колу кууш жеңе бүгүн эмне үчүндүр берешен, март («Чалкан»). Колу чүрүш. Чүмчүңдөгөн колу чүрүш неме экен, көп деле жарыта алган жок («Ала-Тоо»).