колдур Толковый словарь кыргызского языка (1969) сын. Ачык эмес жоон үн. Ашымдын колдур доошу тып гана басылды («Ала-Тоо»). Мустафа бир аз колдур сүйлөгөн тыгырчык бойлуу.. жигит (Сасыкбаев).
КОЛДУР Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Жоон, ачык эмес чыккан үнгө карата айтылат. Мансур жоон үнүн колдур эткизип, кең далысын күйшөп койду (Сасыкбаев).
колдура- Киргизско-русский словарь Юдахина (о голосе) грубеть, хрипнуть (напр. с похмелья или когда у юноши ломается голос и т.п.).
КОЛДУРА Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Колдур-колдур эткен доош чыгаруу, үнү жоон чыгуу. Суук тийгенби, чоочун болуп колдурайт, Буралбаган патефондун үнүндөй (Токомбаев).
колдурат- Киргизско-русский словарь Юдахина понуд. от колдура-;жоон үнүн колдуратып гремя своим басом.