Бир нерсеге жардамдашып, жасашып коюдан «эч нерсе болбойт», «андан жаман деле болуп кетпөө» деген мааниде бирөөгө жеме оодаруу. Жана колум какшап, казанды жууй албай жатканда, суу ала жүгүрүп келип от жагып жиберсең, колуңа жукпайт эле го? (Жантөшев).
Бир нерсеге жардамдашып, жасашып коюудан «эч нерсе болбойт», «андан жаман деле болуп кетпөө» деген мааниде бирөөгө жеме оодаруу. Жана колум какшап, казанды жууй албай жатканда, суу ала жүгүрүп келип от жагып жиберсең, колуңа жукпайт эле го? (Жантөшев).
«Биздин колго да бир нерсе тиер», «колубуз куру болбой биз да оңолорбуз» деген сыяктуу үмүттөнүү жакшылыкты күтүү маанисинде колдонулат. Бакыр адам паанада. Биздин колубузга да карга чычар (Бейшеналиев).
Бардык ишин бүтүргөн жардамчысы болуу, жардамдашып көмөк көрсөтүп туруу. Турсуну Айымканмененэже-сиңдидей кеперес, улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жасап, колуна кол, бутуна бут болуп алынып, кетти (Бейшеналиев). Апам менин Каныкей Апай эненин колуна кол, бутуна бут болуп үйүнөн чыкпайт (Бейшеналиев).
Бардык ишин бүтүргөн жардамчысы болуу, жардамдашып көмөк көрсөтүп туруу. Турсуну Айымкан менен эже-сиңдидей кеперес, улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жасап, колуна кол, бутуна бут болуп алынып, кетти (Бейшеналиев). Апам менин Каныкей Апай эненин колуна кол, бутуна бут болуп үйүнөн чыкпайт (Бейшеналиев). Ошол жумуштарын иштеп алгыча, биз ага колубуздан келишинче жардамдашып, колуна кол, бутуна бут болуп беришибиз керек (Убукеев).
Аткара алуу, орундата алуу, жарай алуу. Деген менен жазыксыз куданы өлтүрүш Адыкенин колунан келген жок (Сыдыкбеков). Өңүн адам жерибесе, колунан баары келген мыкты кыз («Ала-Тоо»).
Аткара алуу, орундата алуу, жарай алуу. Деген менен жазыксыз куданы өлтүрүш Адыкенин колунан келген жок (Сыдыкбеков). Өңүн адам жерибесе, колунан баары келген мыкты кыз («Ала-Тоо»). Бул сенин колуңдан келет деген ойдобуз, сен гана жарай аласың («Ала-Тоо»).
Эч нерсеге жарабоо, пайдасы же жардамы тийбөө, эч нерсени аткара албоо. Колунан кокон тыйын келбей делдейип басып жүргөндөр жокпу («Кыргызстан маданияты»).
Эч нерсеге жарабоо, пайдасы же жардамы тийбөө, эч нерсени аткара албоо. Колунан кокон тыйын келбей делдейип басып жүргөндөр жокпу («Кыргызстан маданияты»).
Абдан уз, мыкты чебер, устат, колунан бардыгы келген. Быяктын кыздарынын көбү келбеттүү, колунан көөрү төгүлгөн уздар (Бейшеналиев). Колунан көөрү төгүлгөн ургаачыга жолукту, бактысы бар экен, - деп Атайга да суктанышкан (Каимов). Колунан көөрү төгүлгөн усталардын да көзү түштү (Тойбаев). Ал турсун Таты таежем колунан көөрү төгүлгөн аял экенин коштум (Ашымбаев).
Абдан уз, мыкты чебер, устат, колунан бардыгы келген. Жаш келиндин колунан көөр төгүлүп турганы жакшы (Сыдыкбеков). Рудольф колунан көөрү төгүлгөн жыгаччы уста (Баялинов). Быяктын кыздарынын көбү келбеттүү, колунан көөрү төгүлгөн уздар (Бейшеналиев). Колунан көөрү төгүлгөн ургаачыга жолукту, бактысы бар экен, – деп Атайга да суктанышкан (Каимов). Колунан көөрү төгүлгөн усталардын да көзү түштү (Тойбаев). Ал турсун Таты таежем колунан көөрү төгүлгөн аял экенин коштум (Ашымбаев).
Бийликти алуу, бийлей баштоо, бийлик жүргүзүү. Жонумдан оорумду жеңилдетип, колумдан тизгинди алып, мыктыларга табакташ, элиңе чегээ болорсуң (Бейшеналиев).
Кимдир бирөө тарабынан аткарылып, иштелип бүтүү, толук орундалуу. Шырдактын оюу-чийүүлөрү бири-бирине төп келип, эч кынтыксыз. Мыкты устаттын колунан чыкканы көрүнүп турат («Кыргызстан маданияты»),
Кимдир бирөө тарабынан аткарылып, иштелип бүтүү, толук орундалуу. Шырдактын оюу-чийүүлөрү бири-бирине төп келип, эч кынтыксыз. Мыкты устаттын колунан чыкканы көрүнүп турат («Кыргызстан маданияты»). Аскардын колунан чыккан иш сапаттуу да, тез да болот (Сыдыкбеков).
Катуу каршылык көрсөтүү, өлбөгөн жерде калуу. Сенин колуңа өлүп бербесем элеби? («Кыргызстан маданияты»). Кокус шайтан сайып угуп калса, төп жүрбөгөн кишини жининдей көрөрүн билесиң, колуңа өлүп берет («Сүйүү жана үмүт»).
Катуу каршылык көрсөтүү, өлбөгөн жерде калуу. Сенин колуңа өлүп бербесем элеби? («Кыргызстан маданияты»). Кокус шайтан сайып угуп калса, төп жүрбөгөн кишини жининдей көрөрүн билесиң, колуңа өлүп берет («Сүйүү жана үмүт»).
Башка ишке мүмкүнчүлүк бербөө, чолосун тийгизбөө, жолтоо болуу. Кайра-кайра кеңеш куруу, камынуу, ичкериге түшүндурмө, арыз наамэ жазуу түйшүгү арбын, менин колумду байлады (Бейшеналиев).
Башка ишке мүмкүнчүлүк бербөө, чолосун тийгизбөө, жолтоо болуу. Кайра-кайра кеңеш куруу, камынуу, ичкериге түшүндүрмө, арыз наамэ жазуу түйшүгү арбын, менин колумду байлады (Бейшеналиев).
КОЛУН БООРУНА АЛУУ — жоокерчилик доордун шартында жеңген тарапка жеңилген тараптын башчысы айыбы үчүн эки колун бооруна алып кечирим суроо өтүнүчү. Кыргыздарды Алтайдан Ала-Тоого көчүрүп келген Манасты «калмактардан коркуп качып келген бул качкын жеримди тарытып жиберди» деп өзү катылып жеңилген Шоорук кан:
Алтымыш нөкөр кашында,
Алтындуу таажы башында
Эми келди Шоорук кан
Элүү сегиз жашында,
Бото куру мойнунда,
Эки колу боорунда
Жаш төгүлүп койнуна (Сагымбай Орозбаков, 2. 218)
Манас баатырдын алдында жалынат. Эпостук мындай салт кыздары тартуу, малы олжо болуп турган жоокерчилик доордун мүнөзүнө туура келген жана айыпка жыгылган адамдын күнөөсүн кечиргендиктин белгиси катарында бааланган.
Жетиштүү, оокаттуу, бардар. Өзүндө жоктор колунда бар агайындан, айылдаштарынан күчүнө унаа алып, ага үйүн артып, бир-бирине каралаша өбөк-жөлөк болуп келатышкан кишилер кең пейил, бейпил тартты (Сыдыкбеков).
Жетиштүү, оокаттуу, бардар. Өзүндө жоктор колунда бар агайындан, айылдаштарынан күчүнө унаа алып, ага үбүн артып, бир-бирине каралаша өбөк-жөлөк болуп келатышкан кишилер кеңпейил, бейпилтартты (Сыдыкбеков).
Материалдык жактан бирөөгө көз каранды болуу. Эми аялы таштап кетсе, кимдин колун карар экен? (Каимов). Керкибай мурда энесинин колун караса, эми Шайыркүлдүн көзүн карай турган болгон (Каимов).
Материалдык жактан бирөөгө көз каранды болуу. Эми аялы таштап кетсе, кимдин колун карар экен? (Каимов). Керкибай мурда энесинин колун караса, эми Шайыркүлдүн көзүн карай турган болгон (Каимов). Жарды туугандарым менин колумду карап отурат («Ала-Тоо»).
Аялдыкка алууга сунуш кийрүү, жуучу жиберүү, сүйлөшүү. Кулбаш аксакал кыздын колун сурап жуучулардын келген-келбегенин билүүгө аракет кылды (Абдукаримов).
Аялдыкка алууга сунуш кийрүү, жуучу жиберүү, сүйлөшүү. Кулбаш аксакал кыздын колун сурап жуучулардын келген-келбегенин билүүгө аракет кылды (Абдукаримов). Айлана-кийинки убактардын ичинде бир далай эле жуучулар келип анын колун сураган болчу (Абдукаримов).
Моокуму канганча абдан былчылдата уруу, согуу ж. б. сыяктуу мааниде. Егордун колунун кычуусу канды окшойт, сөгүп-сөгүп, көчүккө бир тээп кайдадыр аттанып кетти (Саатов). Колунун кычуусу канганы менен кучунашы тарабады («Чалкан»).