КОЛУНАН КӨӨРҮ ТӨГҮЛГӨН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Абдан уз, мыкты чебер, устат, колунан бардыгы келген. Жаш келиндин колунан көөр төгүлүп турганы жакшы (Сыдыкбеков). Рудольф колунан көөрү төгүлгөн жыгаччы уста (Баялинов). Быяктын кыздарынын көбү келбеттүү, колунан көөрү төгүлгөн уздар (Бейшеналиев). Колунан көөрү төгүлгөн ургаачыга жолукту, бактысы бар экен, – деп Атайга да суктанышкан (Каимов). Колунан көөрү төгүлгөн усталардын да көзү түштү (Тойбаев). Ал турсун Таты таежем колунан көөрү төгүлгөн аял экенин коштум (Ашымбаев).