КОЛУНАН КЕЛҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Аткара алуу, орундата алуу, жарай алуу. Деген менен жазыксыз куданы өлтүрүш Адыкенин колунан келген жок (Сыдыкбеков). Өңүн адам жерибесе, колунан баары келген мыкты кыз («Ала-Тоо»). Бул сенин колуңдан келет деген ойдобуз, сен гана жарай аласың («Ала-Тоо»).