КОЛУНА КОЛ, БУТУНА БУТ БОЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бардык ишин бүтүргөн жардамчысы болуу, жардамдашып көмөк көрсөтүп туруу. Турсуну Айымкан менен эже-сиңдидей кеперес, улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жасап, колуна кол, бутуна бут болуп алынып, кетти (Бейшеналиев). Апам менин Каныкей Апай эненин колуна кол, бутуна бут болуп үйүнөн чыкпайт (Бейшеналиев). Ошол жумуштарын иштеп алгыча, биз ага колубуздан келишинче жардамдашып, колуна кол, бутуна бут болуп беришибиз керек (Убукеев).