КОЛУНАН КӨӨРҮ ТӨГҮЛГӨН
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Абдан уз, мыкты чебер, устат, колунан бардыгы келген. Быяктын кыздарынын көбү келбеттүү, колунан көөрү төгүлгөн уздар (Бейшеналиев). Колунан көөрү төгүлгөн ургаачыга жолукту, бактысы бар экен, - деп Атайга да суктанышкан (Каимов). Колунан көөрү төгүлгөн усталардын да көзү түштү (Тойбаев). Ал турсун Таты таежем колунан көөрү төгүлгөн аял экенин коштум (Ашымбаев).