КОЛ КОЮУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Каңдайдыр бир документтин, картинанын, белгилүү бир текстин ж.б. алдына фамилиясын өз колу менен жазып, аны ырастоо, же бир нерсеге макулдугун, бир нерсенин анык туура экендигин билгизүү. Документтерге кол койду. Отпускага чыгуу жөнүндөгү арыздарга кол койду. 2. Кандайдыр бир иштин, бир нерсенин аткарылышы, бүтүшү жөнүндө бирөөгө карата ишеними артуу, ошол иштин аткарылышына көзү жетүү, ага толук макул болуу. -Кагылайын Зукешим, сага мен эми кол койдум, ишке жарапсың, - деп, өзүнөн өзү күлүңдөдү (Баялинов). Бо-о дейре анчейин теңиме алчу эмес элем. Көрсө, касиети артык «машайыкка» айланыпсың. Кол койдум, баатыр акеси. Аман бол (Бейшеналиев).