КОЛУ ЖЕҢИЛ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Колуна алган иши бат бүтөт же тез өтөт деген мааниде. 2. Мал мууздаганда жаны көпкө чыкпай турган. Колуң жеңил го, балам, кенедей козу эмгиче эле тыбырап жатат. 3. Дарылоо, эмдеп-демдөө, аялдардын төрөтүн кабыл алуу сыяктуу иштери жолдуу боло турган, ал дарылаган адамдар тез айыгып кете турган. Байбиче, колуңуз жеңил эмес беле, бала тез түшүп кеткиси бардыр (Сыдыкбеков). Колуңдан айланайын, колу жеңил деп көп кишиден уктум, - деди кемпир врач кызга («Жаш ленинчи»). Устатымдын колу жеңил, өзүң айткандай, ак жолтой болуп уулуңар айыкса... Молдокемдин жолдугу го башка... Менин көксөгөнүмдүн жолдугу го башка? (Бейшеналиев). Айылда бир бүбү кемпир бар эле. Ошого жөнөдү. Анын колу жеңил. Анча-мынча ооруну айыктыра коёт (Айтматов).