Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Империалисттик мамлекет тарабынан күч менен басылып алынган жана эксплуатацияланган өлкө.
2. Түрлүү себептерге, максаттарга (дарылоо, түзөтүү ж. б.) карата ыйгарылып топтолгон адамдардын туруучу жайы. Дудуктар колониясы. Балдар колониясы. колониялык сын. Колонияга таандык.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
колония I
ж.
колония (империалисттик мамлекеттер тарабынан басып алынып, эзилип жана зксплуатацияланып жаткан өлкө).
колония II
ж.
1. (сообщество земляков) колония (кандайдыр бир улуттун чет элдик шаарга же башка өлкөгө көчүп барып, ал жерде чогуу турган адамдары);
2. колония (бир өлкөдөн экинчи бир өлкөгө көчүп барган адамдардын турган жери);
3. (общежитие людей) колония (адамдар атайын тура турган жай);
колония глухонемых дүлөй-дудуктардын тура турган колониясы;
4. зоол. колония (бири-бирине жабышып жашоочу жаныбарлардын түркүмү);
колония кораллов кораллдардын колониясы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛОНИЯ (лат. colonia – калктуу жай) – 1) чет мамлекеттин бийлиги астындагы (метрополий) саясий жана экономикалык өз алдынчалыктарынан ажыратылган жана атайын режимдин негизинде башкарылуучу өлкө же аймак; 2) түзөтүү мекемелеринин бир түрү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛОНИЯ (лат. colonia – калктуу жай) – 1) чет мамлекеттин бийлиги астындагы (метрополий) саясий жана экономикалык өз алдынчалыктарынан ажыратылган жана атайын режимдин негизинде башкарылуучу өлкө же аймак; 2) түзөтүү мекемелеринин бир түрү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күч менен, зордук-зомбулук менен басылып алынган жана ээленген өлкө. Империалисттик мамлекеттердин колониялары. 2. Башка өлкөдөн же областтан көчүп келип, белгилүү бир мамлекеттин же областтын территориясына орношкон калктын ошол аймактагы турагы, жашаган кыштактары. Немецтердин падышалык Россиянын жериндеги колониялары, Кара деңиз жээктериндеги байыркы гректердин колониялары. 3. Түрдүү максаттарга ылайык атайын жайгаштырылган адамдардын тобу туруучу жай, турак. Кылмышкерлердин колониясы. Балдар колониясы.