Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өз алдынча жан сактоого, жашоого жетишүү, мүмкүнчүлүгү болуу, турмуш шарты оңолуу. Бул үй колу оозуна жетпеген бир шордуунуку экенин сураштырбай эле билгидей (Жантөшев). - Үйлөнө элексиңби? - Кайдан. Эки кол оозго эми жеткенсиди. Мында жүргөнүм да ошол себептүү (Осмоналиев).