Берешен, март, эч нерсени аябаган, аёну билбеген, жоомарт. Маматтын колу ачык, кең пейил экендиги айылга билинди (Каимов). Ары сөзмөр, ары алыш-беришке колу ачык, шайыр адам эле (Сыдыкбеков). Мандикерлер көбүнчө колу ачык, эмгекти баалай турган кожоюндарды издейт (Абдукаримов).
Берешен, март, эч нерсени аябаган, аёону билбеген, жоомарт. Маматтын колу ачык, кең пейил экендиги айылга билинди (Каимов). Ары сөзмөр, ары алыш-беришке колу ачык, шайыр адам эле (Сыдыкбеков). Мандикерлер көбүнчө колу ачык, эмгекти баалай турган кожоюндарды издейт (Абдукаримов).
Турмуш-тиричилик жагынан абдан начар, жетишсиз абалда болуу. Колу ашка жетпей, жер тырмалап, саан саап жан баккан момун элди ок, ажал менен коркутуп отуруп каптап кирди (Бейшеналиев). Өмүр бою этегиң тизеңе жетпей, колуң ашка жетпей куурап жүрүп өт, – деди Арзыкул Жылдызканга (Байтемиров).
Турмуш-тиричилик жагынан абдан начар, жетишсиз абалда болуу. Колу ашка жетпей, жер тырмалап, саан саап жан баккан момун элди ок, ажал менен коркутуп отуруп каптап кирди (Бейшеналиев). Өмүр бою этегиң тизеңе жетпей, колуң, ашка жетпей... куурап жүрүп өт, - деди Арзыкул Жылдызканга (Байтемиров).
Колу бошобоо, бир нерсени аткарууга мүмкүнчүлүгү болбоо, өз билгенин жасоого эрки боло албоо. Эңкейген кары, эмгектеген жаш дегендей азыр менде мүмкүнчүлүк жок. Колум байлануу («Ала-Тоо»). Мен каалаганымды иштей албайм. Колум байлануу (Каимов). В.: Колу-жолу байлануу. Менин колу-жолум байлануу. Күн-түн дебей, ата, энем кайтарууга алды (Жантөшев).
Колу бошобоо, бир нерсени аткарууга мүмкүнчүлүгү болбоо, өз билгенин жасоого эрки боло албоо. Эңкейген кары, эмгектеген жаш дегендей азыр менде мүмкүнчүлүк жок. Колум байлануу («Ала-Тоо»). Мен каалаганымды иштей албайм. Колум байлануу (Каимов).
1. Бирөөгө кол салууга, уруп же чаап жиберүүгө батына албоо, тарткынчыктоо (көбүнчө улуу кишилерге же алсыздарга карата ыйбаа кылуу, аёо маанисинде). Канча кылганменен анын сакалын сыйлады го, ага теңелип кармаша кетүүгө колу барбады («Ленинчил жаш»). 2. Кандайдыр бир нерсени иштөөгө, аткарууга чечкиндүүлүк кыла албоо, даай албоо. Ошол аялдан келген катты ачууга колу барбай турду (Абдукаримов).
1. Бирөөгө кол салууга, уруп же чаап жиберүүгө батына албоо, тарткынчыктоо (көбүнчө улуу кишилерге же алсыздарга карата ыйбаа кылуу, аёо маанисинде). Канча кылган менен анын сакалын сыйлады го, ага теңелип кармаша кетүүгө колу барбады («Адабий гезит»). 2. Кандайдыр бир нерсени иштөөгө, аткарууга чечкиндүүлүк кыла албоо, даай албоо. Ошол аялдан келген катты ачууга колу барбай турду (Абдукаримов).
Өзү билет, өзү билип, өзү башкарат, кандай кааласа, ошондой иштейт. Коёнбайдын колу билет (макал). Зулумдардын колу билет. Кандай жаза буюрам десе өз эрки (Бейшеналиев).
Бош учуру, мүмкүнчүлүгү, убактысы болуу. Колу бошой калганда энеси тээкке керип көрсөтүп берген сайманы саят (Сыдыкбеков). Үй турмушка бышык Сабира колу бошогон учурда энесине каралашып турду (Сасыкбаев).
Бош учуру, мүчкүнчүлүгү, убактысы болуу. Колу бошой калганда энеси тээкке керип, көрсөтүп берген сайманы саят (Сыдыкбеков). Үй турмушка бышык Сабира колу бошогон учурда Клава энесине каралашып турду (Сасыкбаев).
1. Колуна алган иши бат бүтөт же тез өтөт деген мааниде. 2. Мал мууздаганда жаны көпкө чыкпай турган. Колуң жеңил го, балам, кенедей козу эмгиче эле тыбырап жатат. 3. Дарылоо, эмдеп-демдөө, аялдардын төрөтүн кабыл алуу сыяктуу иштери жолдуу боло турган, ал дарылаган адамдар тез айыгып кете турган. Байбиче, колуңуз жеңил эмес беле, бала тез түшүп кеткиси бардыр (Сыдыкбеков). Колуңдан айланайын, колу жеңил деп көп кишиден уктум, - деди кемпир врач кызга («Жаш ленинчи»). Устатымдын колу жеңил, өзүң айткандай, ак жолтой болуп уулуңар айыкса... Молдокемдин жолдугу го башка... Менин көксөгөнүмдүн жолдугу го башка? (Бейшеналиев). Айылда бир бүбү кемпир бар эле. Ошого жөнөдү. Анын колу жеңил. Анча-мынча ооруну айыктыра коёт (Айтматов).
1. Колуна алган иши бат бүтөт же тез өтөт деген мааниде. Мал мууздаганда жаны көпкө чыкпай турган. Колуң жеңил го, балам, кенедей козу эмгиче эле тыбырап жатат. 2. Дарылоо, эмдеп-демдөө, аялдардын төрөтүн кабыл алуу сыяктуу иштери жолдуу боло турган, ал дарылаган адамдар тез айыгып кете турган. Байбиче, колуңуз жеңил эмес беле, бала тез түшүп кеткиси бардыр (Сыдыкбеков). Колуңдан айланайын, колу жеңил деп көп кишиден уктум, – деди кемпир эмчи кызга («Агым»). Устатымдын колу жеңил, өзүң айткандай, акжолтой болуп уулуңар айыкса... Молдокемдин жолдугу го башка... (Бейшеналиев).
Колунан бир нерсе келет, такыр эле айласыз эмес, түңүлүүгө болбойт. Биздин да колубуз жер алдында эмес, аларга бир керегибиз тиер («Кыргызстан маданияты»).
Колунан бир нерсе келет, такыр эле айласыз же жоксуз эмес, түңүлүүгө болбойт. Биздин да колубуз жер алдында эмес, аларга бир керегибиз тиер («Кыргызстан маданияты»).
Бардар, колунда бар, жетиштүү. Небере-чөбөрөлүү, малдуу, колу жетик жашайт экен (Бейшеналиев). Үйдүн керегелерин камыш менен калкалап коюуга ойлору жеткен да, колдору жетик эмес (Убукеев). В.: Колу жуктуу. Колу жуктуу туугандары каралашчу, кыл куйрукту да ошо тапмак (Бейшеналиев).
Жетишсиз, жоксуз абалда болуу, ойлогонуна, каалаганына жете албоо. – Эх, Турсунум, ат жетелеп барсам да ылайык. Аны кайдан табабыз, кол жетпейт, ким берет? (Бейшеналиев).
Колунда жок, жетиштүү турмушта эмес, оокат-тиричилиги чабал, жоксуз. Колунда бар кишилерге эчтеке эмес, айрыкча колу жука адамдар карызга батат («Ленинчил жаш»).
Колунда жок, жетиштүү турмушта эмес, оокат-тиричилиги чабал, жоксуз. Колунда бар кишилерге эчтеке эмес, айрыкча колу жука адамдар карызга батат («Аалам»). В.: Колу тайкы. Колу тайкы болгон менен дили бай азаматтын делебеси козуп, манаптын бой жеткен кызына ашык болот (Бейшеналиев). Колу тайкы адамга Дос болбогон Чагырбай (Токтогул). Колу тайкы, калың төлөөгө кудуретсиз, бой, жалчы жигиттер кубатташты (Бейшеналиев). Колу кыска. Ойдо бар, бирок кол кыска.
Колу тийгенин соо койбогон, мертинтип же өлтүрүп сала турган, ары-бери кызыл-жаян кылып шылып жиберген. Колу кандуу жигит. В.: Камчысы кандуу. Камчысы кандуу киши.
Өтө тез, ылдам кыймылдоо, шамдагайлык менен тез-тез иштөө. Теримчи кыздарды карап турсаң, колу-колуна жукпайт. Булардын шамдагайлыгына аябай ыраазы болосуң («Аалам»). В.: Кол учуна тийбөө.
Өтө тез, ылдам кыймылдоо, шамдагайлык менен тез-тез иштөө. Теримчи кыздарды карап турсаң, колу-колуна жукпайт. Булардын шамдагайлыгына аябай ыраазы болосуң («Ленинчил жаш»).
1. невеста; Темиркан кызы Каныкей, колукту кылып, алыңыз фольк. Каныкей, дочь Темирхана, вы засватайте (букв. сделайте своей невестой); басып келди эр Манас, колуктунун койнуна фольк. подошёл богатырь Манас, чтобы лечь в объятия невесты; 2. молодая жена молодого мужа.
1. Күйөө боло турган жигити бар кыз, кайыны бар, кайындуу кыз. Мен үйлөнө турган колуктумду өмүрүмдө көргөн эмесмин (Абдукаримов). 2. Жаш келин, жаш аял. Колуктусун башынан аягына чейин нечен жолу имерип карады (Байтемиров).
Ойлогон оюн, көздөгөн максатын ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү келбеген, алсыз, колунда бийлиги жок. Кагылайын Батийна, сени кара зоонун астынан сууруп алармын дедим эле. Айлам жок. Колум кыска, өзүм алсыз экенмин (Сыдыкбеков). Намыска бек, тайманбас болсо да колу кыска, жолу тар зайып айласыз уу жуткандай жүргөн кези (Сыдыкбеков). Колу кыска, болбосо ал бүт дүйнөнү өрттөп, өзүнүн ушул азаттуу жүрүшү үчүн өч алат беле (Айтматов).
1. к. колу жука. 2. Ойлогон оюн, көздөгөн максатын ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү келбеген, алсыз, колунда бийлиги жок. Кагылайын Батийна, сени кара зоонун астынан сууруп алармын дедим эле. Айлам жок. Колум кыска, өзүм алсыз экенмин (Сыдыкбеков). Намыска бек, тайманбас болсо да колу кыска, жолу тар зайып айласыз уу жуткандай жүргөн кези (Сыдыкбеков).
Бир нерсени иштөөгө, аткарууга мүмкүнчүлүгү болбоо, бийликтен, мансаптан ажыроо, мурдагыдай болбой калуу, колунан эч нерсе келе албоо. Бирок, анын ойлогонундай болбоду, Кызыл-баштын колу кыскарды (Каимов).
Бир нерсени иштөөгө, аткарууга мүмкүнчүлүгү болбоо, бийликтен, мансаптан ажыроо, мурдагыдай болбой калуу, колунан эч нерсе келе албоо. Бирок, анын ойлогонундай болбоду, Кызылбаштын колу кыскарды (Каимов).
Бир нерсеге жардамдашып, жасашып коюдан «эч нерсе болбойт», «андан жаман деле болуп кетпөө» деген мааниде бирөөгө жеме оодаруу. Жана колум какшап, казанды жууй албай жатканда, суу ала жүгүрүп келип от жагып жиберсең, колуңа жукпайт эле го? (Жантөшев).
Бир нерсеге жардамдашып, жасашып коюудан «эч нерсе болбойт», «андан жаман деле болуп кетпөө» деген мааниде бирөөгө жеме оодаруу. Жана колум какшап, казанды жууй албай жатканда, суу ала жүгүрүп келип от жагып жиберсең, колуңа жукпайт эле го? (Жантөшев).
«Биздин колго да бир нерсе тиер», «колубуз куру болбой биз да оңолорбуз» деген сыяктуу үмүттөнүү жакшылыкты күтүү маанисинде колдонулат. Бакыр адам паанада. Биздин колубузга да карга чычар (Бейшеналиев).
Бардык ишин бүтүргөн жардамчысы болуу, жардамдашып көмөк көрсөтүп туруу. Турсуну Айымкан менен эже-сиңдидей кеперес, улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жасап, колуна кол, бутуна бут болуп алынып, кетти (Бейшеналиев). Апам менин Каныкей Апай эненин колуна кол, бутуна бут болуп үйүнөн чыкпайт (Бейшеналиев). Ошол жумуштарын иштеп алгыча, биз ага колубуздан келишинче жардамдашып, колуна кол, бутуна бут болуп беришибиз керек (Убукеев).
Бардык ишин бүтүргөн жардамчысы болуу, жардамдашып көмөк көрсөтүп туруу. Турсуну Айымканмененэже-сиңдидей кеперес, улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жасап, колуна кол, бутуна бут болуп алынып, кетти (Бейшеналиев). Апам менин Каныкей Апай эненин колуна кол, бутуна бут болуп үйүнөн чыкпайт (Бейшеналиев).
Аткара алуу, орундата алуу, жарай алуу. Деген менен жазыксыз куданы өлтүрүш Адыкенин колунан келген жок (Сыдыкбеков). Өңүн адам жерибесе, колунан баары келген мыкты кыз («Ала-Тоо»).
Аткара алуу, орундата алуу, жарай алуу. Деген менен жазыксыз куданы өлтүрүш Адыкенин колунан келген жок (Сыдыкбеков). Өңүн адам жерибесе, колунан баары келген мыкты кыз («Ала-Тоо»). Бул сенин колуңдан келет деген ойдобуз, сен гана жарай аласың («Ала-Тоо»).
Эч нерсеге жарабоо, пайдасы же жардамы тийбөө, эч нерсени аткара албоо. Колунан кокон тыйын келбей делдейип басып жүргөндөр жокпу («Кыргызстан маданияты»).
Эч нерсеге жарабоо, пайдасы же жардамы тийбөө, эч нерсени аткара албоо. Колунан кокон тыйын келбей делдейип басып жүргөндөр жокпу («Кыргызстан маданияты»).
Абдан уз, мыкты чебер, устат, колунан бардыгы келген. Жаш келиндин колунан көөр төгүлүп турганы жакшы (Сыдыкбеков). Рудольф колунан көөрү төгүлгөн жыгаччы уста (Баялинов). Быяктын кыздарынын көбү келбеттүү, колунан көөрү төгүлгөн уздар (Бейшеналиев). Колунан көөрү төгүлгөн ургаачыга жолукту, бактысы бар экен, – деп Атайга да суктанышкан (Каимов). Колунан көөрү төгүлгөн усталардын да көзү түштү (Тойбаев). Ал турсун Таты таежем колунан көөрү төгүлгөн аял экенин коштум (Ашымбаев).
Абдан уз, мыкты чебер, устат, колунан бардыгы келген. Быяктын кыздарынын көбү келбеттүү, колунан көөрү төгүлгөн уздар (Бейшеналиев). Колунан көөрү төгүлгөн ургаачыга жолукту, бактысы бар экен, - деп Атайга да суктанышкан (Каимов). Колунан көөрү төгүлгөн усталардын да көзү түштү (Тойбаев). Ал турсун Таты таежем колунан көөрү төгүлгөн аял экенин коштум (Ашымбаев).
Бийликти алуу, бийлей баштоо, бийлик жүргүзүү. Жонумдан оорумду жеңилдетип, колумдан тизгинди алып, мыктыларга табакташ, элиңе чегээ болорсуң (Бейшеналиев).
Кимдир бирөө тарабынан аткарылып, иштелип бүтүү, толук орундалуу. Шырдактын оюу-чийүүлөрү бири-бирине төп келип, эч кынтыксыз. Мыкты устаттын колунан чыкканы көрүнүп турат («Кыргызстан маданияты»). Аскардын колунан чыккан иш сапаттуу да, тез да болот (Сыдыкбеков).
Кимдир бирөө тарабынан аткарылып, иштелип бүтүү, толук орундалуу. Шырдактын оюу-чийүүлөрү бири-бирине төп келип, эч кынтыксыз. Мыкты устаттын колунан чыкканы көрүнүп турат («Кыргызстан маданияты»),
Катуу каршылык көрсөтүү, өлбөгөн жерде калуу. Сенин колуңа өлүп бербесем элеби? («Кыргызстан маданияты»). Кокус шайтан сайып угуп калса, төп жүрбөгөн кишини жининдей көрөрүн билесиң, колуңа өлүп берет («Сүйүү жана үмүт»).
Катуу каршылык көрсөтүү, өлбөгөн жерде калуу. Сенин колуңа өлүп бербесем элеби? («Кыргызстан маданияты»). Кокус шайтан сайып угуп калса, төп жүрбөгөн кишини жининдей көрөрүн билесиң, колуңа өлүп берет («Сүйүү жана үмүт»).
Башка ишке мүмкүнчүлүк бербөө, чолосун тийгизбөө, жолтоо болуу. Кайра-кайра кеңеш куруу, камынуу, ичкериге түшүндүрмө, арыз наамэ жазуу түйшүгү арбын, менин колумду байлады (Бейшеналиев).
Башка ишке мүмкүнчүлүк бербөө, чолосун тийгизбөө, жолтоо болуу. Кайра-кайра кеңеш куруу, камынуу, ичкериге түшүндурмө, арыз наамэ жазуу түйшүгү арбын, менин колумду байлады (Бейшеналиев).
КОЛУН БООРУНА АЛУУ — жоокерчилик доордун шартында жеңген тарапка жеңилген тараптын башчысы айыбы үчүн эки колун бооруна алып кечирим суроо өтүнүчү. Кыргыздарды Алтайдан Ала-Тоого көчүрүп келген Манасты «калмактардан коркуп качып келген бул качкын жеримди тарытып жиберди» деп өзү катылып жеңилген Шоорук кан:
Алтымыш нөкөр кашында,
Алтындуу таажы башында
Эми келди Шоорук кан
Элүү сегиз жашында,
Бото куру мойнунда,
Эки колу боорунда
Жаш төгүлүп койнуна (Сагымбай Орозбаков, 2. 218)
Манас баатырдын алдында жалынат. Эпостук мындай салт кыздары тартуу, малы олжо болуп турган жоокерчилик доордун мүнөзүнө туура келген жана айыпка жыгылган адамдын күнөөсүн кечиргендиктин белгиси катарында бааланган.
Жетиштүү, оокаттуу, бардар. Өзүндө жоктор колунда бар агайындан, айылдаштарынан күчүнө унаа алып, ага үйүн артып, бир-бирине каралаша өбөк-жөлөк болуп келатышкан кишилер кең пейил, бейпил тартты (Сыдыкбеков).
Жетиштүү, оокаттуу, бардар. Өзүндө жоктор колунда бар агайындан, айылдаштарынан күчүнө унаа алып, ага үбүн артып, бир-бирине каралаша өбөк-жөлөк болуп келатышкан кишилер кеңпейил, бейпилтартты (Сыдыкбеков).
Материалдык жактан бирөөгө көз каранды болуу. Эми аялы таштап кетсе, кимдин колун карар экен? (Каимов). Керкибай мурда энесинин колун караса, эми Шайыркүлдүн көзүн карай турган болгон (Каимов). Жарды туугандарым менин колумду карап отурат («Ала-Тоо»).
Материалдык жактан бирөөгө көз каранды болуу. Эми аялы таштап кетсе, кимдин колун карар экен? (Каимов). Керкибай мурда энесинин колун караса, эми Шайыркүлдүн көзүн карай турган болгон (Каимов).
Аялдыкка алууга сунуш кийрүү, жуучу жиберүү, сүйлөшүү. Кулбаш аксакал кыздын колун сурап жуучулардын келген-келбегенин билүүгө аракет кылды (Абдукаримов). Айлана-кийинки убактардын ичинде бир далай эле жуучулар келип анын колун сураган болчу (Абдукаримов).
Аялдыкка алууга сунуш кийрүү, жуучу жиберүү, сүйлөшүү. Кулбаш аксакал кыздын колун сурап жуучулардын келген-келбегенин билүүгө аракет кылды (Абдукаримов).
Моокуму канганча абдан былчылдата уруу, согуу ж. б. сыяктуу мааниде. Егордун колунун кычуусу канды окшойт, сөгүп-сөгүп, көчүккө бир тээп кайдадыр аттанып кетти (Саатов). Колунун кычуусу канганы менен кучунашы тарабады («Чалкан»).
Өз алдынча жан сактоого, жашоого жетишүү, мүмкүнчүлүгү болуу, турмуш шарты оңолуу. Бул үй колу оозуна жетпеген бир шордуунуку экенин сураштырбай эле билгидей (Жантөшев). - Үйлөнө элексиңби? - Кайдан. Эки кол оозго эми жеткенсиди. Мында жүргөнүм да ошол себептүү (Осмоналиев).
Өз алдынча жан сактоого, жашоого жетишүү, мүмкүнчүлүгү болуу, турмуш шарты оңолуу. Бул үй колу оозуна жетпеген бир шордуунуку экенин сураштырбай эле билгидей (Жантөшев). – Үйлөнө элексиңби? – Кайдан. Эки кол оозго эми жеткенсиди. Мында жүргөнүм да ошол себептүү (Осмоналиев).
к. КОЛУ ЖУКА
Колу тайкы болгон менен дили бай азаматтын деле беси козуп, манаптын бой жеткен кызына ашык болот (Бейшеналиев). Колу тайкы, калың төлөөгө кудуретсиз, бой, жалчы жигиттер кубатташты (Бейшеналиев).
Колунан оңой менен эч нерсе чыкпаган, катуу, зыкым, сараң. Колу тарды март кылып, сандыктан нан алдырган (Осмонов). В.: Колу кууш. Демейде колу кууш жеңе бүгүн эмне үчүндүр берешен, март («Чалкан»). Колу чүрүш. Чүмчүңдөгөн колу чүрүш неме экен, көп деле жарыта алган жок («Ала-Тоо»).
1. Убактысы, мүмкүнчүлүгү болуу, шарты келүү, колу бошоо, чолосу тийүү. Бирок Жапар кетеринде, «келип-кетип турам» деп энесине канчалык убада берсе да, жумуштан колу тийип үйүнө көп келе алган жок (Баялинов). Жумуштан колум тийбейт. 2. Бирөөнү чаап, муштап жиберүү, уруп коюу. Сакалдуу кишиге колум тийип калды, айыптуумун. Кээде тоң моюндук кылышса айтып-деп түшүндүргөндүн ордуна кыйкырып-бакырып колум тийчү (Мырзаев).
1. Убактысы, мүмкүнчүлүгү болуу, шарты келүү, колу бошоо, чолосу тийүү. Бирок Жапар кетеринде, «келип-кетип турам» деп энесине канчалык убада берсе да, жумуштан колу тийип үйүнө көп келе алган жок (Баялинов). Жумуштан колум тийбейт. 2. Бирөөнү чаап, муштап жиберүү, уруп коюу. Сакалдуу кишиге колум тийип калды, айыптуумун. Кээде тоң моюндук кылышса айтып-деп түшүндүргөндүн ордуна кыйкырып-бакырып колум тийчү (Мырзаев).
Майда-чүйдө нерселерди, колуна тийгенди уурдап, жымырып, кете берме, жулук ууру, кичине уурулук жайы бар. Биздей кезинде эле чоң муштум, тентек, шылуун, колу туткак неме болчу (Саатов). Колу туткак байбичелер өздөрүнчө бүлкүлдөшүп, күлүп жөн болушту («Куйручук»).
Майда-чуйда нерселерди, колуна тийгенди уурдап, жымырып, кете берме, жулук ууру, кичине уурулук жайы бар. Биздей кезинде эле чоң муштум, тентек, шылуун, колу туткак неме болчу (Саатов). Колу туткак байбичелер өздөрүнчө бүлкүлдөшүп, күлүп жөн болушту («Куйручук»).
1. Турмуш-тиричилиги оңолуу, жакшылыкка, кенен турмушка жетишүү, оңоло баштоо. Турмуш оңолуп, колузарса, кыз берүүдөгү шаан-шөкөт кошо күчөйт экен (Эшмамбетов). Эргешбайдын колу узарбады, чекеси жылып марыбады (Борбиев). - Эх, аюум, теңирде теңдик жок. Колубуз узарар күн барбы (Бейшеналиев). 2. Жардам көрсөтөр, жүгүн жеңилдетер бүлөлүү болуу. Балдары бойго жетип, колу узарып калды (Сыдыгалиев). Кыз берип, куда күттүң, келин алдың, колуң, узарды (Эралиев).
1. Турмуш-тиричилиги оңолуу, жакшылыкка, кенен турмушка жетишүү, оңоло баштоо. Турмуш оңолуп, кол узарса, кыз берүүдөгү шаан-шөкөт кошо күчөйт экен (Эшмамбетов). Эргешбайдын колу узарбады, чекеси жылып марыбады (Борбиев). – Эх, аюум, теңирде теңдик жок. Колубуз узарар күн барбы (Бейшеналиев). 2. Жардам көрсөтөр, жүгүн жеңилдетер бүлөлүү болуу. Балдары бойго жетип, колу узарып калды (Сыдыгалиев). Кыз берип, куда күттүң, келин алдың, колуң узарды (Эралиев).
Кандайдыр бир ишти иштөө, аткаруу колунан келүү, күчү жетүү. Биз барып чоң той кылалы, Колубуз узун болгон соң (Эшмамбетов). Өкмөттүн ниети таза, колу узун (Аалы).
Кандайдыр бир ишти иштөө, аткаруу колунан келүү, күчү жетүү. Биз барып чоң той кылалы, Колубуз узун болгон соң (Эшмамбетов). Өкмөттүн ниети таза, колу узун (Токомбаев).
Алам деген нерсесин ала албай умсунуп калуу, оңтойсуз, ыңгайсыз абалда калуу. -О-о! Колуң, уялбасын. Мунун кунуна менин күржүйгөн байым түшүнөт дейсиңби (Бейшеналиев). Мэ, колун, уялбасын алып тур (Осмоналиев).
Алам деп турган нерсесин ала албай умсунуп калуу, оңтойсуз абалда калуу, шагы сынуу. – О-о! Колуң уялбасын. Мунун кунуна менин күржүйгөн байым түшүнөт дейсиңби (Бейшеналиев). Мэ, колуң уялбасын алып тур (Осмоналиев).