Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ойлогон оюн, көздөгөн максатын ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жок, жетишсиз, колунда жок, жоксуз. Кагылайын Батийна, сени кара зоонун астынан сууруп алаармын дедим эле. Айлам жок. Кол кыска, өзүм алсыз экемин (Сыдыкбеков). Кол кыска. Бирок, экөөбүздүн алма-терме алмашкан өнөр сыйыбыз мансаптуулардыкынан кымбат эмеспи (Бейшеналиев). Акыл жетсе, кол кыска, Алдаттым ачуу турмушка (Сыдыкбеков).