Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Адамдын эки ийнинен баштап манжаларынын учуна чейинки мүчөсү. Барпы эки колун аркасына алып, үй ичинде ары-бери басты (Байтемиров). [Алымбек].. мээлейден колдорун чыгарды (Сыдыкбеков).
  1. 2.                  Малдын алдыңкы буту.
  2. 3.                  Беш манжа. Беш кол тең эмес (макал).

¨ Кол кабыш кылуу — жардам кылуу, көмөк көрсөтүү. Силерге ыраазымын. Колхозго чоң кол кабыш кылдыңар (Бейшеналиев). Кол салуу—1) уурдоо, бүлдүрүү. Ортолуктун малына кол салып, мен жинди болуптурмунбу? (Бейшеналиев); 2) уруш ачуу, качырып кирүү. Камап турган бул жоого Качырып кол саларбыз (Турусбеков). Колго салуу — талкууга коюу, добушка салуу. Колго салам. Жолдош Ормушту КПССтин мүчөлүгүнө өтсүн деген коммунисттер кол көтөрүшсүн (Байтемиров). Колунан көөрү төгүлгөн к. көөр. Колунан келүү — иштей алуу, кубаты жетүү, күчү келүү. Кол алдында болуу — бирөөнүн бийлигинде, бирөөнүн жетекчилигинде болуу. Кол жууп калуу — ажырап калуу, түгөтүп, жоготуп алуу. Ортон колдой к. ортон. Беш колдой — таамай, так, ачык. Бул ишти мен беш колдой эле билем («Чалкан»). Кол үзүү—1) байланышпай, катышпай калуу; ынтымагын жоготуу. Колуңду үзбө сен менден, Үмүтүм үзбөйм мен сенден («Манас»); 2) кол жууп калуу, ажыроо. Малдан колду үзгөмүн («Ала-Тоо»). Колу кыска — начар, жетишсиз; аргасыз, бийликсиз. Кол байлоо — жолтоолук, тоскоолдук кылуу; убактысын алуу, бошотпой коюу. Колго түшүү к. түш III. Кол өнөрчү — колу менен майда буюмдарды жасоочу уста. Колдон чыгаруу — 1) бүтүрүү, бир жаңсыл кылуу. Ишти биротоло колдон чыгардык («Жаш ленинчи»); 2) ажыроо, кол үзүп калуу. Кайран кишини бекер колдон чыгардым («Чалкан»). Кол кесер — мал сойгондо адамга берилүүчү эт. Куру кол калуу — эч нерсесиз калуу, куру жалак калуу. Куру кол кала турган болдук (Жантөшев). Колу түйүү—1) чолосу тийүү, убактысы болуу, колу бошоо; 2) уруп коюу, муштап жиберүү. Кол жалгоо — бирөөгө бир нерсени колу менен алып берүү. Кол коюу к. кой. Кол кайыруу же кол көтөрүү — көбүнчө өзүнөн улууларды чаап жиберүү, уруп коюу; жооп кылып уруп жиберүү. Каршылаша кеткенде Кол кайырбай ким чыдар («Манас»). Колмо-кол — колдон колго, накта. Кол бала — жашынан бирөөнүн колунда туруп калган балага же келинге айтылуучу сөз. Киши колдуу болуу — 1) киши колунан өлүм табуу; 2) уурдалуу. Кол кап — мээлей. Кол жоолук к. жоолук. Кол башындай — кичинекей, аз. Кол башындай ак баштык, Ал Төштүккө чак баштык («Эр Төштүк»). Колу бошоо — колу тийүү (1-мааниси менен бирдей). Колунда жок — жетишсиз, начар, оокатсыз. Энебиз жесир, колунда жок (Сыдыкбеков). Адилетсиз турмуш-ай, Өз колунда жок болсо, Бечаралык ушундай (Токтогул). Колунда бар — жетиштүү, оокаттуу, колу жетиштүү.
КОЛ II зат. Кишилерден турган согуштук күч, аскер, кошуун. Жарактуу кол куралсын, аба (Турусбеков).