Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жолтоолук, тоскоолдук кылуучу, убактысын алып буйдалтуучу, будоо болуучу. Көрсө, мен алдына өңөрүлүп, энеме кол байлоо болуп жатыпмын (Сыдыкбеков). Жалчылык гана кол байлоо болуп турат («Ала-Тоо»). Ээ, дос, ал замандын каары, жакырчылык колду байлабадыбы (Осмоналиев).