КОЛ КАЙРУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бирөөлөрдүн урганына чаап жибергенине каршылык көрсөтүү, жооп кылып кайра уруу, кармаша кетүү, кол тийгизүү. Муратка кол кайтаруу кайда, кол кайырса да Кожомкулга күчү кайдан жетет (Баялинов). Мерген жарамсыздыгын билгендиктен эч кол кайырган жок (Токомбаев). Бешиктен бели чыкпай жатып кишиге кол кайырат (Борбиев). Өчүн ала дем алдырбай койгулап, тигинин кол кайрууга чамасын келтирбеди (Эсенканов). В.: Кол кайтаруу. Кол кайтарбаган менен каргап-шилөөдөн тартынган жок («Кыргыз Туусу»). Мен кол кайтарбайт деп коомай турган Аликти ооз талаштыра коюп жибердим («Ала-Тоо»). Кол көтөрүү. Канча кылган менен тартынды окшойт, кол көтөрө алган жок («Ленинчил жаш»). Урушканда адегенде эң оболу ким кол көтөрсө, ошол күнөөлүү («Чалкан»).