КОЛ АЛДЫНДА
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бирөөнүн карамагыңда, бийлигинде, бирөөгө көз каранды. Алты миң киши кол алдымда иштеп турат (Жантөшев). Кол куушуруп көзүн карап тургандай, мен анын кол алдында эмесмин, – деди Култай (Абдукаримов). В.: Кол астында. Анын кол астында жергиликтүү элден үч киши иштейт (Сыдыгалиев). Кайнененин кол астында илбериңки, айтканды бүтүрүп, дегенди орундаткан элпек келин болчу (Сыдыкбеков).