КОЛ КАЙРУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Көбүнчө өзүнөн улуулардын урганына, чаап жибергенине унчукпай тим болуп калбай каршылык көрсөтүү, жооп кылып кайра уруу, кармаша кетүү, кол тийгизүү. Мерген жарамсыздыгын билгендиктен эч кол кайырган жок (Аалы). Бешиктен бели чыкпай жатып кишиге кол кайырат (Борбиев). Өчүн ала дем алдырбай койгулап, тигинин кол кайрууга чамасын келтирбеди (Эсенканов).