ат I (ср. жылкы I) 1. лошадь, конь (как животное верховое, рабочее); ат багар конюх; күч ат рабочая лошадь; аты жоктун буту жок погов. у кого нет коня, у того нет ног; ат - эрдин канаты погов. конь - крылья молодца; эрдин аты эрге тең фольк. конь молодца равен молодцу; ат, аттан кийин жат погов. конь, а после коня (лишившись его) ложись (сдавайся, ты уже не воин); атка мин- садиться на коня; атка отур- сидеть на коне; ат мингиз- подарить коня; ат салыш- 1) состязаться в конских скачках; 2) перен. соревноваться; ат кой- 1) пустить лошадь карьером, поскакать на лошади; айылга жакындаганда ат койдук приблизившись к аулу, мы пустили лошадей карьером; 2) перен. наступать, нападать; чаң тийбеске берген ат ист. лошадь, которую кункор (см.) давал судьям; ат-чапан айыпи или ат-тон айып ист. штраф, состоящий из лошади и халата или шубы; 2. мерин; 3. южн. лошадь (мерин, жеребец); 4. сев.перен. шутл. кастрат, скопец; ат жалынан табат или ат үстүнөн табат он живёт лёгким заработком (эксплуатируя других); ат үстүнөн поверхностно, не тщательно, невнимательно; ат үстүнөн иштей салды он сделал кое-как, через пень колоду; ат үстүнөн карап кетти он поверхностно осмотрел; Ак боз ат, Көк боз ат Кастор и Поллукс (созвездие); ат кесерден по грудь коню (снег, вода, трава и т.п.); көк ат кесерден болуптур трава по грудь коню; ат кесерден кар болду, караган пенде зар болду фольк. выпал снег по грудь коню, кто видел, тот печалился; ат кара тил болгондо когда наступило лето (букв. когда язык у лошади стал чёрным); аттан түшө качат он руками и ногами отмахивается; он бежит как от чумного, как чёрт от ладана; аттан ал- свалить с коня (в состязаниях); атка минер см.аткаминер. ат II 1. имя, название; доброе имя; атынан айт- называть по имени; ат кой- дать имя, наименовать; атың ким? как твоё имя? как тебя зовут? аты жок 1) не имеющий имени; 2) безымянный палец; ...атындагы имени...; Ильич атындагы колхоз колхоз имени Ильича; аты-жөн или аты-жөнү см.жөн 5; азандагы ат см.азан I; 2. слава, известность; жоону сайса, эр сайды, аты калды Манаска погов. врага разили витязи, (а) слава досталась Манасу; атка кон- получить известность, прославиться; Манас Манас болгондо, Манас атка конгондо, алчайып атка мингенде фольк. когда Манас стал Манасом, когда Манас прославился, когда он, раскорячившись, сел на коня; жаман атка кон- приобрести дурную славу; 3. кличка; иттин аты кличка собаки; аты-журтка всему народу; аты-журтка маалым болду стало известно всему народу; аты-журтка шерменде болду он осрамился перед всем народом; ат укмай этн. взаимное посещение родителей невесты и жениха (букв. слышание имени). ат- III 1. бросать; ал таш атты он бросил камень, он бросил камнем; 2. стрелять; мылтык атты 1) он выстрелил из ружья; 2) раздался ружейный выстрел; 3. (о птице) взмыть; куш асманга атып чыкты птица взмыла кверху; бүркүттүн бири шаңшып, асманга атып чыгып, ташка тийип өлгөн один из беркутов с клёкотом взмыл кверху, задел за камень и издох; ордунан атып турду он вскочил с места; 4. южн. пробиваться на поверхность (напр. о растении); выступать (напр. о сыпи); чечек атты оспа высыпала; кубангандан жүрөгүм атып кетти у меня сердце от радости забилось; беш атар (или бешатар) пятизарядный; алты атар (или алтатар) шестизарядный. ат- IV усечённая форма вспомогательного глагола жат- (см.жат III); төө чечип атканда в то время, когда он отвязывал верблюда; бирөө өлүп атса, бирөө күлүп атат погов. один умирает, а другой смеётся; жазып атат он пишет (в данный момент); эмне окуп атасың? что ты читаешь (в данный момент) ? сатып атыры талас. он продаёт (в данный момент).
Iзат.1. Бычылган жылкы. Айгыр учунса—ат болот, ат учунса — эт болот (макал).
2. Жалпы эле минилүүчү жылкы. Ат — эрдин канаты (макал). Аттан айрылсаң айрыл, ээр-токумдан айрылба (макал). ♦ Атчабыш — ат жарыштырган мелдеш, улуттук оюн. Оодарыш, күрөш, ат чабыш Ойноду нечен баатырлар (Осмонкул). Аткоюу — аттын оозун коё берүү, чаап жөнөө, чабуул коюу. Атсалышуу — мелдешүү, мелдешке чыгуу; күрөшкө чыгуу, алга жөнөө. Атүстүнөн — үстүртөн. Аткаратилболгондо — жай келгенде. Аткесерден — аттын омуроосуна чейин. Аткулак — жалбырагы кууш тартып кеткен жапайы өсүмдүк. Аттиш — мыкты сууруп алуу үчүн ылайыкталган курал, аткуур. Аттезегинкургатпоо — тез-тез барып туруу, бат-бат келип туруу, арадан көп убакыт өткөрбөө. Аткошчу — жол жүргөндө атын багып, кошо узатып жүрүүчү киши. Аттокуур — 1) атын токуп берип туруучу, атын токуп берип кызмат көрсөтүүчү киши; 2) өт. бала, эркек бала. Эмне төрөдү? Ат токуурбу же кырк жылкыбы? АТIIзат.1. Адамдарга берилүүчү ысым. Атым — Акмат, атамдын аты — Дүйшө.
2. Айбандарга, куштарга ж. б. коюлган аталыштар. Тулпардын аты — Алгара. Итинин аты — Кумайык.
3. Географиялык наам, жерлердин, суулардын ж.б. аталышы. Кыштагынын аты эсимде жок, суусунун аты Кара өзөн болсо керек эле.
4. Газета-журналдарга, китептерге, мекемелерге коюлган аталыш, наам, жалпы эле энчилүү атоолор.
5. Атак, даңк. Баштагын, балам, элирип, Аты чыккан Маманды (Токтогул).
♦ Аты-жөнү — ысымы, ким экендиги, жөн-жайы. Аты-жөнүн сураштырбай эле кой («Советтик Кыргызстан»). Атытууган — тууган деген эле наамы бар. Атыжок — колдун төртүнчү манжасы. Атын сатуу — башка бирөөнүн наамын, авторитетин пайдалануу. Менин атымды сатып жүргөн болсо, ал кииш езү жооп берет (Байтемиров).
АТIIIэтиш.1. Курал-жарактан ок чыгаруу. Мылтык атты. Замбирек атты.
2. Көздөп ыргытуу. Алымкул атын урган таш Тагайдын кулак түбүнө тийип, эси оой түшкөн экен(Абдукаримов).
3. Чегүү. Насыбай атты.
4. Атырыла чыгуу, атырыла жөнөө, окторулуу, ыргуу, атырылуу. Аскадан аткан булактай Акындын ыры төгүлдү (Бөкөнбаев).
♦ Атканоктой — тез, ылдам, бат.Аңкилдекатуук.аңкилдек. Тоңкочукатуук. тоңкочук. АТIVэтиш. сүйл. «Жат» деген көмөкчү этиштин кыскарган түрү. Бирөө өлүп атса, бирөө күлүп атат (макал).
ат (жылкы) ат арытуу ат багар ат багуу ат баштык ат жабуу ат жайыт ат жалына казан асуу ат жалынан табуу ат жарыш ат кармаар (этн.) ат кесерден ат конок (бот.) ат короо ат кошчу ат-көлүк ат кулак (бот.) ат күчү ат кычкач (диал.) ат майдан ат салыш ат салыш- аттан ал- ат тезеги ат тезегин кургатпай ат тиш ат токуур ат үстүндө ат чап- ат чабыш ат чабым
Түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын көчмөн турмуштагы, жоокерчилик замандагы маанисин, ээлеген ордун баарыбыз жакшы билебиз. «Ат – эрдин канаты», «Эрдин аты эрге тең», «Ат, аттан кийин жат», «Аты жоктун буту жок», «Ат сыйлаган жөө калбайт» деген сыяктуу макалдар бекеринен чыккан эмес. Анан калса жылкы баласы биздин аймакта, тагыраак айтканда, азыркы Казакстандын мейкин талааларында 5000 жыл мурун биринчи жолу колго үйрөтүлгөнү акыркы мезгилдерде тастыкталууда.
«Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө» «ат» деген сөздүн мааниси төмөнкүдөй чечмеленет: «1. Үйүргө кошулбай турган (бычылган) жылкы; 2. Унаа катары колдонулуучу, минилүүчү жылкы» (КТТС 2010:126). Бул сөздүн этиш омониминен (ал бул макалада каралбайт) тышкары зат атооч омоними да бар: «ат II: 1. Адамдардын туулганда энчиленип берилген ысмы; 2. Атак-даңк; 3. Энчиленген ысым катарында эмес, адамдардын же айбандардын белгилүү бир түрүн жалпылап атоо үчүн колдонулат. 4. Жер-суунун, көчөнүн, шаардын ж.б. географиялык наамы; китептердин, газета журналдардын, чыгармалардын энчилүү наамдары» (КТТС 2010:126).
Бир караганда бул эки омоним сөздүн ортосунда эч кандай маанилик байланыш жоктой сезилет. Түркологияда да бул экөө «ат» жана «аат» түрүндөгү эки башка сөз катары каралат жана келип чыгышы да эки башка чечмеленет (ЭСТЯ 1974:197-199). Бирок ошондой болсо да азыркы кыргыз тилинде бул экөөнүн ортосунда байыркы бир убактарда семантикалык байланыш болсо керек деген божомолго жем таштай турган айрым бир кызыктуу фактылар бар. Мисалы, «аты чыкты» дегенди эки түрдүү чечмелесек болот: 1. аты ат чабышта биринчи болуп келди; 2. ысымы элге белгилүү болду, атагы чыкты. К. Юдахин «аты чыкпай калгандар» деген сөз айкашынын эки маанисин берген: 1. «те, чьи кони (на скачках) отстали»; 2. «те, чьи имена не названы» (Юдахин 1965: 77).
Ушул эле сөздүктө жаманатты (< жаман аттуу) бол- «быть опозоренным, опороченным» жана жаманатты кыл- «позорить, порочить», жакшы атка кон- «получить известность, прославиться», жаман атка кон (< жаман атка мин)- «приобрести дурную славу» деп чечмеленген. Калыбы, бул идиомалар да бир убактарда жогоркулардай эле кош мааниге ээ болуп, бирок кийинчерээк алгачкы тике мааниси унутулуп кетсе керек. Аккула окко учкандан көп өтпөй эле Манастын дүйнөдөн кайтышы, Тайбуурул тартууга кеткен соң Семетейдин кайып болуп кетиши («Тайбуурулдун тартуу болуп кеткени, Семетейдин ажалынын жеткени»), андан бери келсек, Телторуну атасы бербей койгонунан улам Курманбектин Дөлөндөн найза жеп, ошондон оңоло албай кайтыш болушу ж.б. фактылар ушундай деп болжолдоого негиз боло алат деп ойлойбуз.
Тилдин азыркы абалында эки башка сөз катары каралып жүргөн бул эки омоним катышкан фразеологизмдердин маанилик жактан жакын болуп чечмеленип жатышы кокустукпу, же болбосо бул экөөнүн теги бирби?
Бул жагынан алганда, түркиялык белгилүү түрколог Абдүлкадир Инандын ою абдан кызык. Түшүнүктүү болуш үчүн үзүндүнү кыргызчага которуп берели. Ал мындай дейт: «Баатырга ат коюу салты якут, Алтай-Енисей, казак-кыргыз жана байыркы огуз дастандарында окшош экени байкалат. Хан же бек уулума ат койгула деп элине буйрук берет. Эч ким ат таба албайт. Ошол учурда «ак боз атчан бир эр» пайда болот да, балага ат коёт. «Коркут ата» дастанында баатырларга атты Коркут ата коёт. Ата менен эненин койгон аты чыныгы ат эмес; баатыр чыныгы атын эрдик көрсөткөндөн кийин ат менен бирге алат. Мага ысым маанисиндеги «ат» менен (жылкы маанисиндеги) «ат» бир сөздөн келип чыккандай сезилет. Баатыр атка минбестен туруп «атка» ээ боло албайт» (İnan 1991:206).
Кыргыз тилиндеги «чоӊоюу, эр жетүү, бойго жетүү» маанисиндеги ат жалын тартып минүү //ат жалын тартуу деген фразеологизмдин (КТФС 2001:56) келип чыгышы да балага ат коюу жана ага ат мингизүү салты менен байланыштуу болушу мүмкүн.
«Манас» эпосундагы төмөнкү салтка айланган саптар да ушул ойго жетелейт:
«Манас, Манас болгону
Манас атка конгону»
«Манас» эпосундагы төмөнкү салтка айланган саптар да ушул ойго жетелейт:
«Манас, Манас болгону
Манас атка конгону»
Бул жерде жылкы жөнүндө кеп болуп жатабы же ысым жөнүндөбү? Биздин оюбузча, муну да жогорудагы сөз айкаштарындай эле эки түрдүү чечмелесек болот:
1. «Манас, Манас болгону
Манас деген ысымга ээ болгону»
2. «Манас, Манас болгону
Манас атка мингени»
Эпоско сереп салып көрсөк, түрк элдериндеги баатырга ат коюу жана ат мингизүү салтынын издери байкалбай койбойт. Алсак, эпосто Манас баатыр алгачкы эрдиктерин көрсөткөндөн кийин гана «Чоӊ Жинди» аты калып, Манас деп атала баштайт. Манас менен кошо туулган Аймаӊбоз да кийинчерээк өз ордун баатырдын чыныгы аты Аккулага бошотуп берет. Ал эми кыргызда Манас деген баатыр туулат деп кытайлардын бичигине жазылганы, ушундан улам Эсен кан аны издеткени, ушуга байланыштуу Манас баатырдын бала кезинде «Чоӊ Жинди» аталып жүргөнү сыяктуу сюжеттик линиялар кийинки манасчылар тарабынан кошумчаланса керек деп болжолдоого болот. Эпостун кылымдар бою жазылбастан, ооздон оозго өтүп жашап келгени да ушуну шарттайт.
Баатырдын эрдик көрсөткөндөн кийин чыныгы атына ээ болуп, атка мингени «Коркут ата» дастанында да баяндалат. Окумуштуулардын ою боюнча, XV кылымдарда эле кагазга түшүрүлгөн бул дастанда жогорудагы салт кыйла тагыраак чагылдырылгандыгы байкалат. Алсак, Дерсе хандын уулу алты киши чынжыр менен алып чыккан буканы өлтүргөндөн кийин атайын чакырылган Коркут ата бул эрдигинен улам ага «Богач» (букачар) деген ат коюп, мингенге узун моюн бедөө ат бергиле деп буйрук кылат. Ал эми башка бир баатырдын ысымы аты менен бирге коюлат: «…(теперь) пусть его имя будет Бамси-Бейрек, владелец серого жеребца. Имя ему дал я; долгую жизнь пусть даст ему бог!» (Книга моего деда Коркута 1962:34).
Түрктөрдүн ат коюу салты жөнүндө Л.Гумилев мындай деп жазган: «Тюрки не носили одного и того же имени от рождения до смерти, как европейцы. Имя тюрка всегда указывало на его положение в обществе. Мальчиком он имел кличку, юношей — чин, мужем — титул, а если это был хан — то титул менялся согласно удельно-лестничной системе» (Гумилев 1967:60).
Муну Орхон-Енисей жазма эстеликтеринин материалдары менен да тастыктоого болот. Мисалы, Енисей жазма эстеликтеринде 11 кишинин «эр аты» берилген. Бул терминди атайын изилдеген окумуштуу Н.Усеев төмөнкүдөй корутунду чыгарган: «Жыйынтыктап айта турган болсок, эр ат термини менен а) кандайдыр бир эрдик жасалгандан кийин берилип, ошол эрдиктин даражасын көргөзүп турган жаӊы ат; б) бир эркектин балалык атынын ордуна коюлган жана анын эрезеге жеткенин билдирген ат берилген (Усеев 2011:233).
Абдүлкадир Инан «Коркут ата» дастанында баатырлар минген аты менен кошо айтыла тургандыгын белгилейт (İnan 1991:206). Мындай көрүнүш «Манас» эпосунан да кездешет.
Мисалы:
«Чок-Табылгы жайлаган,
Чоң кара атын байлаган,
Коңурбайга барып айт.» (Манас 1990:84)
«Келиштирип кермеге
Кертөбөлдү байлаган
Айдаркан уулу эр Көкчө» (Манас 1990:91)
Мындай биримдик алтайлыктардын эпосунан дагы ачыгыраак байкалат:
«Бажы куудый кажайган,
Тижи куулыдый саргарган,
Бар-чакыр атка минген
Байбарак деп баатыр jуртады.» (Алып-Манаш 1985:7)
«Кызыл-коныр атка минген
Козын-Эркеш баатыр
Агаштар бажыла учуп ийди.» (Алып-Манаш 1985:134)
Мисалдардан көрүнүп тургандай, баатырдын аты аталган жерде анын аты да сөзсүз айтылышы керек. Байыркы көчмөндөрдүн түшүнүгүндө баатыр менен анын аты ажырагыс биримдикти түзгөн. Жогоруда айтылган баатырлардын атынын соңунан каза болушу ушул түшүнүктүн эпосто чагылышы болсо керек деп айтууга болот.
А эгер баатыр атынан мурун каза болсо эмне болгон? Көптөгөн тилдик, этнографиялык фактылар көрсөткөндөй, баатырдын аты да баатырдан кийин жашай алган эмес, аны кошо көмүшкөн. Мисалы, Чоң казатта өлгөн Алмамбеттин сөөгүн Таласка алып келген Сарала аны менен кошо көмүлөт. Кыргыздарда азыркыга чейин киши өлгөндө жылкы союлуп жатышын ушул байыркы салттын жаӊырыгы катары кароого болот.
Ат менен адамдын мындай биримдиги башка элдерге да таасир эткен. Атактуу түрколог В.В.Радлов бул жөнүндө мындай деп жазган: «Но как только алтаец садится на лошадь, меняется вся его осанка. Здесь он чувствует себя на месте, его взгляд становится свободней, тело выпрямляется, кажется, что в его жилах течет обновленная кровь. Лошадь и всадник сливаются в одно целое, и. глядя на них, начинаешь понимать, как могла фантазия древних греков создать из северных народов, не расстающихся с конем, кентавров» (Радлов 1989:153)
Тилдин теориясынан маалым болгондой, кээ бир көп маанилүү сөздөр бара-бара омонимдерге айланып кеткен учурлар аз эмес. «Лингвистикалык энциклопедиялык сөздүктө» белгиленгендей: «Наиболее продуктивным и исторически наиболее сложным фактором появления омонимии является разрыв первоначально единой семантики многозначного слова: рус. свет («лучистая энергия») и свет («мир, вселенная»); нем. Zug «течение, тяга» и Zug «поезд». (Лингвистический энциклопедический словарь 1990:345).
Ушундай эле пикирди Ю.С.Маслов да айтат: «В других случаях омонимы являются так или иначе связанными по происхождению, например, производными от одного корня или даже прямо – один от другого. Сюда же относятся омонимы, возникающие в результате распада полисемии, когда связь между значениями многозначного слова ослабевает настолько, что перестает ощущаться членами языкового коллектива» (Маслов 1975:133).
Тилде ошол эле учурда биротоло калыптана элек омонимдер да бар экендиги да белгилүү. Мисалы: орус. гладить - 1. «гладить белье»; 2. «гладить ребенка по голове»; волочиться - 1. «волочиться по земле»; 2. «волочиться за девицами». Кыргыз тилинен буга төмөнкүдөй мисалды келтирүүгө болот: сүз - 1. «сууда сүзүү»; 2. «бир нерсени сүзүү».
Жогоруда айтылгандарга таянып, азыркы кыргыз тилиндеги ат сөзү бир кездерде 1. ысым; 2. жылкы маанисин туюндурган көп маанилүү сөз болсо керек жана кийинчерээк мезгилдин өтүшү менен маанилик байланыш начарлап, эки маанинин ар бири өзүнчө сөзгө айланып кетсе керек деп божомолдоого болот. Кандай болгондо да бул сөздүн өзөгүндө түрк элдеринин байыркы инициация ырымы сакталып калгандыгы шексиз.
Калыстык үчүн айтыш керек, «Түрк тилдеринин этимологиялык сөздүгүнөн» бул божомолго негиз боло турган фактыларды таба алган жокпуз. Бирок мында да илинчек боло турган бир нерсе бар: «В некоторых татарских диалектах ат означает «сам»: атыма бир «дай мне (самому)» (ЭСТЯ 1974:197-198).
Ат менен адамды байыркы бир замандарда бир бүтүн нерсе катары кароонун издери айрым бир сөздөрдө, ал турсун грамматикада да сакталып калгандай. Мисалы: токун - «седлать для себя»; артын - «навьючивать для себя»; бөктөрүн - «приторачивать для себя (к своему седлу)» (Юдахин 1965). Бул этиш сөздөргө жалганган өздүк мамиленин –ын мүчөсү кыймыл-аракеттин аны аткарган субъектинин өзүнө багытталгандыгын билдирет. Мисалы, кий+ин деген сөз менен салыштырып көрүңүз. Демек, мында адам менен ат бир бүтүн нерсе, бир субъект катары каралат. Бастыр, тепсет, омуроолот, чап деген сыяктуу сөздөргө да мына ушунун эле өзүн айтууга болот, башкача айтканда, аттын өзү айтылбаса да анын бар экендиги сөздүн семантикасынан сезилип турат. Дагы бир кызыктуу нерсе, кыргыздар аттын алдыңкы бутун кол деп да айтышат. Мисалы: Ат ийинге колун салып алды. Биздин билишибизче, бул башка жаныбарларга карата көп айтыла бербейт.
Жыйынтыктап айтканда, биз жогоруда айтылган Абдулкадир Инандын пикирине кошулуу менен, «ат» деген омоним сөз башында көп маанилүү сөз болгон жана ал балага берилүүчү ысым менен ага мингизилген жылкыны түшүндүргөн деп божомолдойбуз.
Түрк тилдериндеги акта жана ат сөздөрү маанилери боюнча өз ара жакын, монголчо агт(а) сөзү менен тектеш келет. Ошондуктан бул сөз түрк жана монгол тилдерине иран тилинен кабыл алынган деген пикирди П. М. Мелиоранский эң алгач айткан. Бул боюнча иранча ахтан этиши «сууруп алуу, алып таштоо» маанисин туюнткан. Мына ушул сөздүн акт>ат болуп өзгөрүшүнөн азыркы кыргызча ат сөзү келип чыккан.
Ат сөзүнүн акт(а) сөзүнөн келип чыккандыгынын тууралыгы дагы мындайча кыйыр далилденет. К. К. Юдахиндин «Кыргыча-орусча сөзүдүгүндө» так сөзү мындай которулган: так V то же, что кош IV (окрик, но обращенный к одной лошади). Кээ бир тилдерде анын ордуна жөн эле ак деп айтканы да учурайт. Мунун ак варианты алгачкы акт формасынын аягында катар келген үнсүздөрдүн акыркысын түшүрүп коюудан келип чыгат. Ал эми ат сөзү, тескерисинче, аяккы т тыбышын сактап; анын алдындагы к тыбышын түшүргөн түрү болуп эсептелет. Так деген учурда алгачкы акт сөзүнүн аяккы т тыбышын сөздүн башына алып келип, орун тартибин өзгөртүп жайгашуудан жаралган. Ошондуктан атты так же ак деп айтуунун өзү да «ат» маанисин берген сөз болуп чыгат.
1. Үйүргө кошулбай турган (бычылган) жылкы. Айгыр учунса ат болот, ат учунса эт болот (макал). 2. Унаа катары колдонулуучу, минилүүчү жылкы. Ат – эрдин канаты (макал). Ок өтпөс темир тону бар, Орошон күлүк аты бар («Эр Табылды»).
1. Мылтык, замбирек ж. б. куралдан ок, снаряд чыгаруу. Мылтык ат. Ок ат. Замбирек ат. Жогоркудай куралдардан ок чыгаруу аркылуу өлтүрүү же жарадар кылуу. Мен жер үстүндөгү жез тумшуктардын баарын атып жок кылсам деп самачумун (Сыдыкбеков). Барпы эки-үч күндүн биринде эле мылтык алып тоого барат, же аткан эчтемеси жок (Байтемиров). – Бали, береги дөбөттү өпкөгө аткан экен (Жантөшев). Жан көрбөгөн аңдарды Атпай турган жер бекен («Эр Төштүк»). 2. Бир нерсени карай ыргыт, ур; таамайлап шилте. Чүкө ат. Ордо ат. Алымкул атып урган таш Тагайдын кулак түбүнө тийип, эси оой түштү (Абдукаримов). 3. Күч менен атырылып чыгуу, жулкунуп чыгуу, оргуштап көтөрүлүү. Каадасынча атып чыгып ителги, Кылчайганча таң каларлык иш болду (Токомбаев), Астынан атып булак ыргып чыккан (Бөкөнбаев). 4. Зат атооч сөздөр менен айкалышып, кыймыл-аракеттин болуу абалын көрсөткөн жардамчы этиш катары колдонулат. Таң атты. Тоңкочук атты. Чимирик атты. Аңкилдек атты. Бышкырык атты. Кошкурук атты.
ата I 1. отец; предок;
чоң ата дед (по отцовской линии);
тай ата дед (по материнской линии);
атасы отец (букв. его отец, т.е. отец рождённого мною от тебя ребёнка; так женщина в старом быту называла своего мужа, называть его по имени она не имела права);
ата-баба (лар) отцы и деды, предки;
тең ата 1) равный по происхождению, по предкам;
теңиринин кулубуз, тең атанын уулубуз фольк. мы божьи рабы, мы сыновья равных предков; 2) перен. равный по социальному положению;
тең ата болуп калдык мы поравнялись (по положению);
ата салты менен по обычаю предков;
атасы башка происходящий от другого отца; чужеродец;
атасы башка, аттан түш! с чужого коня среди грязи долой! (букв. чужеродец, слезай с коня!);
...атадан кошул приходиться родственником в...колене;
Курман экөөбүз алтынчы атадан кошулабыз моё с Курманом родство восходит к шестому колену;
жети ата семь прямых предков (по мужской линии; в старом быту каждый взрослый киргиз должен был знать семь своих предков, а если он их не знал, то его презрительно называли кул раб; взаимные браки разрешались только за пределами такого родства);
жети атасын сурап, кыз бермек - ал кезде расим болгон в то время было в обычае выдавать замуж, справившись о семи восходящих поколениях (брачущихся);
жети атасын билбеген бран. уст. не помнящий родства, безродный;
ата-уулунун баарысы люди всех племён, всех родов;
ата-уулдан бирден чыккыла выходите от каждого рода (или от каждого аула) по одному; 2. (при собственных именах) покровитель, патрон;
Кыргызата этн. дух-покровитель всего киргизского народа;
Чолпоната 1) миф. покровитель овец; 2) перен. овцы (общее название);
Камбарата 1) миф. покровитель лошадей; 2) перен. лошади (общее название);
Чычаңата 1) миф. покровитель коз; 2) перен. козы (общее название);
Ойсулата 1) миф. покровитель верблюдов; 2) перен. верблюды (общее название); 3. при именах географических указывает на святость места: Ысык-Ата, Чолпон-Ата, Кочкор-Ата и др.;
атадан калган мал жок мында! здесь нет добра, оставшегося от отца! (я сам нажил, сам могу и проживать);
атаңдын этин жегир! бран. чтоб тебе, окаянному! (букв. съешь тело своего отца!);
атаң-анаң дедимби? или я тебя как-нибудь похабно обругал?
атасын өлтүрүптүрмүнбу? я ему пакость большую сделал, что ли? (букв. разве я его отца убил?);
атаңды өлтүргөн мен эмес элем ведь не я тебе пакость сделал (букв. ведь не я убил твоего отца);
акча атасын өлтүргөн или атасын акча өлтүргөн скряга;
атасы өлгөндөй ичип напившись вдрызг;
аракты атасы өлгөндөй ичип алып, оозуна келгенди айтып напившись вдрызг и болтая всякий вздор;
ата конуш или ата журт родные места, родное пепелище; уст. отечество (см. мекен);
атам заманкы давным-давно прошедшее, прадедовских времён;
атам замандан берки с незапамятных времен;
атама тийип калайын! чтоб я вышла за своего отца! (самая страшная клятва для женщины);
сага тийсем, мен атама тийип калайын! выйти за тебя равносильно тому, что я выйду за своего отца!;
жайдын атасы разгар лета;
кыштын атасы разгар зимы;
чоң атасын тааныйт он узнает кузькину мать;
атадан айланган см. айлан;
атанын баласы то же, что атанын уулу (см. уул). ата II
(или атаа, атаны)
слово, употребляемое для выражения желания или сожаления;
ата, ошо келсе болот эле! ох, как хорошо было бы, если бы он пришёл!;
атаа, окусаң жакшы болмок эле! эх, хорошо было бы, если бы ты учился!; как жаль, что ты не учился или не учишься!;
"атаны, жакшы кеп бол!" - деп, шаңкылдап күлүп эр Манас санын чаап алганы фольк. "ах, если бы сбылись эти слова!" - сказал Манас, звонко засмеялся и хлопнул себя по ляжке;
ата, балам, сага жаман болгон экен! ах, дитя мое, плохо тебе!;
"атаны, кайран эрлер!" - деп, ыйлап жүргөн мындан көп фольк. а ещё больше таких, которые плакали, приговаривая: "ой, бедные молодцы!";
атаны байкуш! ох, бедняжка!;
атаны кокуй см. кокуй 1. ата- III
называть, именовать;
атын атап назвав по имени, назвав собственным именем;
атап айтканда а именно; точнее говоря.
Iзат.1. Балалуу болгон эркек (балдарына карата). Баланын атасы. Атанын сакалын сыйлоо. 2. Жалпы эле жашап калган кишилерге кайрылганда айтылат. — Ташбай ата алмасы качан болот? — деди [Динар](Сыдыкбеков).
3. миф. Мифтик түшүнүк боюнча айрым айбандардын колдоочусу. Чолпон ата (койдун колдоочусу); Камбар ата (жылкынын колдоочусу); Чычаң ата (эчкинин колдоочусу); Ойсул ата (төөнүн колдоочусу).
♦ Чоңата — баланын атасынын атасы; небересинин атасы. Аяшата — досунун атасы; атасынын досу. Эр Табылды аяш атасы уста менен сүйлөшүп турганын көрдү («Эр Табылды»). Тайата — таята менен бирдей. Кайыната — кайната менен бирдей. Ата-баба — ата-тек; өткөн укум-тукум. Алар өз элинин, өз ата-бабаларынын даңкын булгашкан жок (Бөкөнбаев). Атаконушжеатажурт — эзелден жердеген мекен; ата мекен. Ал элдин бир замандан берки ата конушу (Сыдыкбеков). Ата журтум, силерди Кантип чыдайм сагынбай (Токтогул). Атамекен — эзелден жердеген, ата-бабасы өткөн, туулуп-өскөн жер, родина. Атабаладайк.бала.Атасынтаанытуу — көргүлүгүн көрсөтүү. Теңата — туугандыгы жактан бирдей даражада; бирдей укукта.
АТАIIэтиш.1. Атын, ысмын айтуу. Улам бир баланын атын атап, Нина Леонтьевна ага суроо жаңыртат (Сыдыкбеков).
2. Арноо, арнап коюу; багыштоо.
АТАIIIсырд. Каалоону же өкүнгөндүктү билдирүүдө колдонулат, атаганат. Ата, ошо келсе болот эле! Ата, балам, сага жаман болгон экен!
ата (зат а.) ата арбагына коюу ата-баба ата-бала ата-баладай ата безер ата бейит ата журт ата кесип ата конуш ата мекен ата сакал ата салты ата сөзү ата тек ата-уул ата-эне
1. Балалуу эркек (өзүнүн балдарына карата). – Илгери менин атам да ушул кенде проходчик болуп иштөөчү эле (Сасыкбаев). Кыз атасы – Кулжыгач («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Жалпы эле улгайган эркектерге кайрылганда урматтоо иретинде айтылат. Балбылдатып ата Ильичтин Чырактарын жагамын (Бөкөнбаев). – Ташбай ата, алмасы качан болот? – деди Динар (Сыдыкбеков). 3. Мифтик түшүнүк боюнча үй айбандарынын колдоочусу. Чолпон ата (койдун колдоочусу). Камбар ата (жылкынын колдоочусу). Чычаң ата (эчкинин колдоочусу). Ойсул ата (төөнүн колдоочусу).
1. Ат берүү, ысым коюу. Ошондон бери ал жерди Кыз-Күйөө деп атап калышат. 2. Атын, ысымын айтуу, атын айтып чакыруу. Улам бир баланын атын атап, Нина Леонтьевна ага суроо жаңыртат (Сыдыкбеков). Фрунзе өскөн шаарым, сүйгөн калаам, Сагынсам атыңды атап канааттанам (Осмонов). 3. Арноо, багыштоо. Чоко жалгыз коюн баласына атап союп бардыгын чакырды (Жантөшев). Кысыр эмди кур тайдан Арбакка атап соёлук («Эр Табылды»).
Каалоо, кубаттоо же өкүнүү, кейүү сыяктуу ички сезимди билдирүүдө колдонулат. Ата, эр кулум ай, мөрөйдү алдың (Бейшеналиев). Ата, балам, сага жаман болгон экен! («Чалкан»).
ата I менен бирдей. – Мейли мусулмандар, бул жер корук жер, мейли, бүгүнчө калгыла, а эртең кудай атаа кылган багытка кетерсиңер а? – деди (Касымбеков).
этиш. Бирине-бири эрегишүү; биринен бири калышпоого тырышуу. Айылда жаштайынан бирге өскөн Марзия менен Каныйпа аябай атаандаша турган (Абдумомунов). Бирок эки байтерек экөө бирдей бирине бири атаандашкансып токол чыккан (Айтматов). Шарип, Сатар атаандашып окушат (Бейшеналиев).
Кыргыз тилиндеги атаандаш сөзү атаан+даш деген бөлүктөрдөн турат. Анын атаан уңгусу монгол тилдеринен кабыл алынган. Бурят тилинде атаа(н) 1) «зависть, вражда: 2) состязание, соперничество, конкуренция»; калмак тилинде 1) «зависть, 2) состязание, соперничество»; монгол тилинде 1) «зависть, 2) ревность» болуп которулат. Кыргыз тилинде атаан сөзү өзүнчө жеке айтылбайт. Ага этиш жасоочу -лаш мүчөсү жалганган түрү гана айтылат.
1. Жарышуу, теңтайлашуу, таймаш, калышпоого аракет кылган абал. Атаандашып деле кыйын окушат (Бейшеналиев). Айылда жаштайынан бирге өскөн Марзия менен Канийпа аябай атаандаша турган (Абдумомунов). 2. Эрегишкендик, кастык маанайдагы теңтайлашуу, таймашуу.
Alternating Flow (proper noun)
A SmartArt graphic layout used to show groups of information or sequential steps in a task, process, or workflow. Emphasizes the interaction or relationships among the groups of information.
АТААНДАШ МЕДИЦИНАЛЫК ЭКСПЕРТИЗА – КРде медициналык экспертизанын бир түрү; жарандар тийиштүү экспертизанын жыйынтыгына каршы даттанган учурда сот токтому боюнча дайындалат. Жарандар өлүп же ооруп, жеке өзү даттанууга мүмкүн болбой калса, ал даттанууну жубайынан же жакын тууганынан же мыйзамдуу өкүлүнөн берүүгө акысы бар. А. м. э. жаран тарабынан натыйжасына нааразылык көрсөтүлүп жаткан экспертизага катышкан эксперттерге, ошондой эле А. м. э-нын натыйжасына кызыкдар органдарга, уюмдарга, кызмат адамдарына кызматтык ж. б. жактан көзкаранды болгон эксперттерге тапшырылбайт. Даттануу менен кайрылган жаран белгилүү бир саламаттык сактоо уюму же белгилүү бир эксперттер тарабынан аныкталган А. м. э. жүргүзүү жөнүндө ырасмий өтүнүч менен сотко кайрылууга акысы бар.
АТААНДАШТЫ АШКЕРЕЛӨӨ – чарба жүргүзүүчү субъектин ишкер абыройуна кедерги келтирүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында, болбосо басылган тексти көбөйтүү же башка жол менен жалган, так эмес же бурмаланган маалыматтарды таркатуу. Абийирсиз атаандаштыктын бир ыкмасы. Башка биркатар өлкөлөрдө кылмыш ишинин өзүнчө курамы болуп саналат.
АТААНДАШТЫК – чарбакер субъекттердин жарышуу аракеттери базардагы бааны көтөрүү максатында монополиялаштырууга натыйжалуу тоскоолдук кылуучу жана алардын кардарларга керектүү товарларды чыгарууга кызыктыруучу иш-аракеттери.
1. Тең жарышуучулук, эрегишүүчүлүк. Эки тараптын ортосунда атаандашуучулук күч алды. 2. экон. Товар өндүрүп чыгаруучулардын ортосундагы өзүнүн кызыкчылыктарын канааттандыруу, товарларды сатуу, бир кыйла жогорку пайда алуу үчүн болгон экономикалык таймаш, жарыш.
АТААНДАШТЫККА КАРШЫ ИШ-ТАЖЫРЫЙБА – базар үстөмдүгүн басып алуу менен, башка өндүрүүчүлөрдүн аракетин чектөө, өз баасын бычуу ж. б. у. с. коммерциялык ишмердүүлүк шарттарын монополиялаштыруу аркылуу чыныгы атаандаштык ченемдерин бузуу.
атаандаш II этишинин кыймыл атоочу. Эки күчтүү державанын атаандашуусу процессинде маңкурттун башындагы ширинин космостук кырчоого айланган түрү... (Борбугулов).
Бири ата катарында, бири бала катарында болуп кеткен сыяктуу абдан ынтымактуу, мамилелери жакын, бирин-бири сыйлашкан ынак. Ары тууган, ата-баладай болуп калдык эле (Жантөшев). Мындан кийин Токтогул менен кабарлашып, ата-баладай болуп жүрдүк (Тоголок Молдо). Ата-баладай болуп, колунан даам татып жакшылыгын көргөн адамдарга учурашуу дурус жышаан го (Бейшеналиев ).
Бири-бири менен мамилеси жакын, өтө татуу, ынтымактуу болуу, ынак болуу. Ары тууган, ата-баладай болуп калдык эле (Жантөшев). Мындан кийин Токтогул менен кабарлашып ата-баладай болуп жүрдүк (Тоголок Молдо). Ата-баладай болуп, колунан даам татып жакшылыгын көргөн адамдарга учурашуу дурус жышаан го (Бейшеналиев).
увы!; ах, если бы!; как жаль!; вот ведь (как хорошо) !; "атаганат!" - деп, бармагын тиштеди он очень раскаивался, очень сожалел; үйү жакшы экен, атаганат, асты жер экен дом у него хорош, да жаль, пол земляной; атаганат, жакшы тамак болгон экен! вот ведь какая хорошая пища оказалась!; атаганат, бул Сыргак Манаска тете эр экен! фольк. вот ведь, Сыргак оказался равным Манасу богатырём!
Өкүнгөндүктү, кейигендикти, кээде кубанууну билдирүүдө колдонулат. Атаганат, бул Сыргак Манаска тете бар экен («Манас»). Атаганат, жакшы тамак болгон тура («Ала-Тоо»).
произносить атаганат (см.); анын кубанып "атаганаттаганы" же өкүнүп "атаганаттаганы" белгисиз произносил он атаганат с радостью или с сожалением - неизвестно.
Элге катуу таанылуу, атагы чыгуу, аябай белгилүү болуу (жакшы же жаман жактары менен). Атагы жер жарган нечен мыкты чеберлерибиз, баатырларыбыз бар («Ленинчил жаш»). Самогон «оорусуна» жипсиз байланышып, атагы жер жарып отурат («Советтик Кыргызстан»).
Элге катуу таанылуу, атагы чыгуу, аябай белгилүү болуу (жакшы же жаман жактары менен). Атагы жер жарган нечен мыкты чеберлерибиз, баатырларыбыз бар («Ленинчил жаш»). Самогон «оорусуна» жипсиз байланышып, атагы жер жарып отурат («Советтик Кыргызстан»). В.: Атагы таш жаруу. Менин элге таанылып, атагым таш жарар мезгил келген экен го (Каимов). Атаганат ошо киши чоң билим алган болсо, анда атагы таш жарган жазуучу чыкпайт беле, чиркин дүйнө (Жигитов). Даңкы жер жаруу. Сиздин даңкыңыз кезегинде жер жарган (Сыдыкбеков). Даңкы таш жаруу. Райондо май талкандуу кызматта иштеп дуулдап, доор сүрүп, даңкым таш жарып турган кезде ушул шаарга далай жолу келгенмин («Ала-Тоо»).
к. АТАГЫ ЖЕР ЖАРУУ Менин элге таанылып, атагым таш жарар мезгил келген экен го (Каимов). Атаганат ошо киши чоң билим алган болсо, анда атагы таш жарган жазуучу чыкпайт беле, чиркин дүйнө (Жигитов).
Ата-бабасынан бери козгоп абдан катуу тилдөө, жер-жеберине жете сөгүү. Төрөбектин адамдардын ата-жотосуна жетип, сай-сөөгүн сыздатканы деле басылар түрү көрүнбөйт («Чалкан»).
Ата-баба жердеген аймак. Бадалдуу тескей салкың төр Сенин ата журтуң кыпчак эл («Олжобай менен Кишимжан). Ак кардуу тоону ээлеген, Ата журтум кыргыз эл (Токтогул). В.: Ата конуш. Ал элдин бир замандан берки ата конушу (Сыдыкбеков). Бул болсо ата конушунан ажырап, баш-оту менен кирип бермек (Ашымбаев). Кол тийбес ыйык сакталат, Ата мекен журтубуз (Тоголок Молдо). Ата мекендин ардактуу уулдары. Мен, ата мекеним деп жүрөм! 2. Эзелки конуш, байыркы турак, турган жер.
АТАЙ — кырк чоронун бири. Бирде Ардалыктын (Сагымбай Орозбаков, 3.49), бирде Шагыл бийдин (Сагымбай Орозбаков,3.175), бирде Сабай бийдин (Сагымбай Орозбаков,4.43) уулу деп айтылат. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда ат чаап, жар тандаган учурда аты он үчүнчү келип, А. тагдыр буюрган Маарамбүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 424).
1. Арабага, чанага ж. б. чегилген атты тизгиндеген, айдаган адам. Ушул шахтада ат айдоочу болуп көп жыл иштегемин (Сасыкбаев). 2. Байгеге кошулган аттарды жерине чейин алып барып, коё берүүчү адам.
АТАЙЛАШТЫРУУ ЭСЕБИ – эсептин дарек каттары менен тапташтырууну бириктирип турат. Т. э-нде товар даанасынын түрү менен сортунун баасы жана баардык партиянын жалпы наркы көрсөтүлөт. Ал бир партиядагы товар түрү аргандай болгон учурларда жазылат.
такт. Белгилүү максат менен. Атайы эле камына чыккан турбайсыңарбы (Сыдыкбеков). Сөздү башкага бургусу келген Шамбет үнүн атайы бек-бек чыгарды (Сыдыкбеков).
Белгилүү бир максат менен, белгилүү бир иш боюнча. Кетип бараткан Жылдызканды атайы токтотуп алды (Байтемиров). Сөздү башкага бургусу келген Шамбет үнүн атайы бек-бек чыгарды (Сыдыкбеков).
Специальные права заимствования СПЗ (SDR) (Special Drawing Rights (SDR)) —Международные резервные активы, которые создаются МВФ и распределяются среди его членов в дополнение к имеющимся официальным резервам. У членов МВФ, получивших СДР, не возникает реального (безусловного) обязательства по возврату выделенных им СДР. СДР могут быть активами только государств-членов МВФ и ограниченного числа международных финансовых учреждений, которые являются уполномоченными держателями СДР. Стоимость СДР определяется на основе валютной корзины, состоящей из 4-х валют: доллар США, евро, японская йена и фунт стерлингов. При вложении в СДР иногда используется понятие «авуары» – безусловное право на получение иностранной валюты или иных резервных активов у других государств-членов МВФ.
~: атайылап специально, умышленно; атайылап кошчуң болбосо, жүгөнүң алып атка бар погов. если у тебя нет своего стремянного, ты сам бери свою узду и иди к коню.
Атайын максат менен, кокусунан эмес. Атайылап сага алып келдим. Жакшылап багып мин (Бейшеналиев). Атайылап мында келем мен эчен (Эралиев). Тирүү жандыкты атайылап өлтүрүү лама дининде эң чоң күнөө (Акматов)
АТАЙЫЛАП ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча тикелей же кыйыр ниет менен жасалган жосун. Эгер адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун аңдап билсе, анын коомдук коркунучтуу кесепеттерин баамдай алса, алардын ошондой болушун кааласа, анда ал тикелей ниетте жасалган кылмыш катары таанылат. Эгер адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун аңдап билсе, коомдук коркунучтуу кесепеттердин келип чыгышы мүмкүн экендигин баамдай алса, аларды каалабаса, бирок аң-сезимдүү түрдө аларга жол берсе, анда ал кыйыр ниетте жасалган кылмыш деп табылат.
extent (noun)
On a disk or other direct-access storage device, a continuous block of storage space reserved by the operating system for a particular file or program.
АТАЙЫН АЛЫМДАР – КР бажы аймагына кандайдыр бир товарларды атамекендик өнөржай тармактарына же болбосо ата мекендик ушундай эле товарларды же аларга тикелей атаандаш товарларды чыгаруучуларга орчундуу зыян келтириши мүмкүн болгон, же мындай зыяндын коркунучун туудурган санда же шарттарда алып келгенде бажы органдары тарабынан колдонулуучу бажы алымдарынын өзгөчө түрү.
АТАЙЫН, АСКЕРДИК ЖЕ АРДАК НААМЫНАН, КЛАССТЫК ЧЕНИНЕН ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАРЫНАН АЖЫРАТУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча жазалоонун бир түрү (кошумча чара катары гана). Оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн жазалоодо сот (күнөкөрдүн кертбашын эске алуу менен) аны атайын, аскердик же ардактуу наамдан, класстык ченден, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратышы мүмкүн.
АТАЙЫН БАЙЛАНЫШ – атайын байланыш ишканаларынын уставдарында каралган өзгөчө шарттарга ылайык мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана жеке жактардын атайын почта жөнөтүмдөрүн кабыл алуу жана жеткирүү.
АТАЙЫН БИЛИМ БЕРҮҮ – атайын же болбосо кадимки эле окуу жайларында жүзөгө ашырылуучу дене-күч жана психикалык өнүгүшүндө жетишсиз жактары бар балдарды окутуу.
АТАЙЫН КАРАЖАТТАР – КР мыйзамдары боюнча, укук сактоочу жана табият коргоочу органдардын куралдануусунда турган техникалык каражаттар (жабдуулар, буюмдар, заттар) жана кызматтык айбанаттар, алар адамдарга жана материалдык объектилерге мажбурлоочу таасир көрсөтүү максатына эсептелген. А. к-дын тизмеси КР Өкмөтү тарабынан бекитилет.
АТАЙЫН КИЙИМ – баардык өзгөчө зыяндуу жумуштар, же болбосо кадимкидей эмес температурада, нымдуулукта иштөө менен байланыштуу жумуштар үчүн берилүүчү өзгөчө кийимдер.
АТАЙЫН КЛАССТЫК ЧИН – КРде юстиция органдарында, соттордун аппараттарында, Сот департаментинде, прокуратура органдарында иштеген кызматкерлерге жана судьяларга иш-тажырыйбасына, билимине жана ээлеген кызматына жараша жекече берилүүчү атайын наам.
accessibility (noun)
The quality of a system incorporating hardware or software to engage a flexible, customizable user interface, alternative input and output methods, and greater exposure of screen elements to make the computer usable by people with cognitive, hearing, physical, or visual disabilities.
accessibility aid (noun)
A utility that makes a computer easier to use for people with disabilities. Examples of accessibility aids include screen readers, speech recognition programs, and on-screen keyboards.
АТАЙЫН НААМ – КР ички иштер органдарынын, Адилет министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун, каржы полициясынын, баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча агенттиктин, бажы жана салык кызматтарынын аттестациядан өткөрүлгөн кызматкерлерине анын кызмат абалына, иш-тажырыйбасына, жалпы билими, кызмат мөөнөтү жана жекече салымдарына ылайык жекече берилүүчү наам.
АТАЙЫН ТАБИЯТ ПАЙДАЛАНУУ –КРде табигый мүмкүнчүлүктөрдү, аларды айлана-чөйрөдөн ажыратып алуу (чыгарып алуу, жыйноо, терип алуу ж. б.) менен пайдалануунун баардык түрлөрү. А. т. п. пайдаланылуучу объекттердин түрлөрүнө жараша: жер пайдалануу; суу пайдалануу, жердин ички байлыктарын пайдалануу; токой пайдалануу; өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн пайдалануу; атмосферадагы абаны пайдалануу болуп бөлүнөт. Жаратылыш байлыктарын пайдалануунун тартиби жана шарттары КР ченемдик укуктук актыларында белгиленген.
АТАЙЫН ТАШУУЛАР – КРде ташуулардын өзүнчө бир түрү, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана коргонуу муктаждыктарын канааттандыруу максатында атайын ташууну камсыз кылат.
АТАЙЫН ТЕСКӨӨ – карызкорго карата колдонулуучу кудуретсиздик жүрүмүнүн жолжобосу. А. т. карызкор юридикалык жакка болгон карызкорго карата – сот тартибинде гана жүзөгө ашырылат. А. т-нүн ыкмалары болуп юридикалык жакты жоюу же кайрадан түзүү, сот тартибине же сот тартибинен сырткары тартипте жүргүзүлсө, жеке ишкерди кудуретсиздөө сот тартибинде гана ишке ашырылат. Карызкорду жоюу же кайра түзүмдөө жана жеке ишкерди кудуретсиздөө А. т-нүн усулдары болуп саналат. Ал атайын тескөөчүнү дайындоону, кредит берүүчүлөрдүн жана юридикалык жактын жана жеке ишкердин ишмердигинин пайдасына карызкордун жоюлуучу массага киргизилген активдерин ажыратууну алдынала карайт.
АТАЙЫН УКУКТАРДАН АЖЫРАТУУ – административдик чара көрүүнүн бир түрү; жарандарга берилген укукту (аңчылык, курал алып жүрүү, автоунаа башкаруу) одоно же такай бузгандыгы үчүн колдонулат. Автоунааны башкаруу укугунан четтетүү чарасы ал каражатты майыптуулугуна байланыштуу пайдаланып жүргөн адамдарга карата колдонулбайт.
АТАЙЫН УКУК ЧЕНЕМДЕР – жактардын белгилүү бир катмарына гана (аскер кызматкерлерине, студенттерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ж. б.) тийешелүү укук ченемдер.
Техниканын, устаттыктын же искусствонун ж. б. кандайдыр бир айрым тармагына тиешелүү окуу жайы. Канымгүл музыкалык атайы окуу-жайын деле бүткөн эмес («Кыргызстан аялдары»).
атак I 1. слава, известность; атагы чыккан он получил известность, он прославился; атагы жер жарган он приобрёл громкую славу; 2. звание. атак- II то же, чтоатык-; Айшанын аты жоголуп "Чоң катын" атагып кеткен имя Айши исчезло, она стала называться "Старшая жена".
зат.1. Даңк. Кыргыздынбаатыр уулу деп, Ардактуу атак алып кел! (фольклор).
2. Наам, ат. Сынчы деп бул адамга атак конгон (Тоголок Молдо). Жүз бээден алып жүз кулун, Баатыр деп атак коюптур (Үсөнбаев).
Кыргыз тилинде атак сөзү ат сөзү менен бирдей маани берип да калат. Мисалы: Жоону сайса, эр сайды, аты калды Манаска (макал). Атагың чыкпаса, жер өрттө (макал). Ушуга караганда атак сөзү ат+ак бөлүктөрүнөн турат деп эсептөөгө болот. Ат уңгусуна кошулган -ак мүчөсүн уңгуга жаңы маани кошумчалай албай турган мүчө деп кароого болот.
1. Даңк. Атак – эмгекте. Биз атакты ошону менен гана чыгарабыз (Сыдыкбеков). Атагың чыкты белгилүү Кыргыз элден, Токтогул (Барпы). 2. Наам, ат. Сынчы деп бул адамга атак конгон (Тоголок Молдо). Жүз бээден алып жүз кулун Баатыр деп атак коюптур (Үсөнбаев). Энеси өлгөн жетим деп, Кем атакка калыптыр (Тоголок Молдо).
ж. атака (душманга катуу умтулуп кол салуу); штыковая атака штык менен жасалган атака; воздушная атака абадан жасалган атака; идти в атаку атакага баруу, атака жасоо; отбить (отразить) атаку атаканы кайтаруу; повести атаку на что-л. бир нерсеге атака жасоо.
Атасына жалбаруу же атасын урматтоо иретинде айтылат. – Айланайын атаке, Алдыңда турган Сыргамын (Бөкөнбаев). Эл үчүн каза таап жоо огунан, Бүкөндүн атакеси кайтпай калган (Осмонов).
Атага сый-урмат менен мамиле кылуу, эркелеп кайра-кайра «атаке» деп айтуу. Ата жытын көрбөгөн, Атакелеп эркелеп, Астында ойноп жүрбөгөн («Сейтек»), Атакелеп, ой-боюна койбой сурана берди («Ала-Тоо»).
понуд. отатекеле-; же түтүн чыгарып үй күтпөдүм, же атакелетип бала өппөдүм! ни дома, из которого бы шёл дым, я не имел, ни ребёнка, который бы меня называл тятенькой, я не целовал!
сын. Даңктуу, атагы чыккан; белгилүү. Алтымыштай атактуу, Балбандар чыкты шахтадан (Осмонкул). Үч-Таш — Какшаал тараптагы жайлоолордун атактуусу (Жантөшев). Атактуу чоң шаар.
Атагы чыккан, даңктуу, элге кеңири белгилүү. Ар-намысын бербеген, Атактуу орус шер менен (Үмөталиев). Конушу тегиз, жайыты кенен, абасы салкын, атактуу Муз-Төр ушул (Каимов).
АТАКУЛ — эпизоддук кейипкер, манжулук калмактардын айыл башчысы. Манас Кортукту өлтүрүп салганда кун алмакчы болгон алтайлык калмактар адегенде манжулуктардын айылын талап, андан кийин Жакыптын жылкысын тийип кетмек болот. Ошондо А. «жылкыны алтайлык тийип кетсе, азабын манжулуктар тартпайбы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 138, 139),— деп алтайлыктарды токтотууга аракеттенет.
атала I болтушка (похлёбка из воды, муки и кислого молока); жарма атала южн. болтушка из толокна; жылма атала южн. болтушка из муки; кәчә атала южн. болтушка с прибавлением сахара; сүйбөгөнгө суюк атала берет погов. нелюбимому дают жидкой болтушки; атала баш сал- или аталага баш сал- сев.этн. совать голову в болтушку (одно из диких развлечений в старом быту: на дно большой чашки, наполненной болтушкой, бросали монету; нужно было, погрузив в болтушку лицо, ртом достать монету; за это выдавался "приз"); аталага баш салдыр- 1) понуд. от аталага баш сал-; 2) перен. чинить самодурство ради издевательства; атасын аталага баш салдырган он (и) над родным отцом издевался; атала баш, ит тартыш, оюн-күлкү, тамаша фольк. атала баш перетягивание верёвки, игры, забавы, веселье. атала II чуйск. то же, чтоаталгы. атала- III произносить слово ата (см.ата I); звать на помощь отца; аталап ыйла- плакать, обращаясь к отцу.
зат. Ун чалып жасалган жарма. Загыранын кара катык жармасы, илээнди зайыптын бозолук үчүн борк эттире койгон аталасына окшоп, былжырап турган эле (Касымбеков).
АТАЛА, Аталабек— эпизоддук кейипкер, дөбөт элинин каны. Көкөтөйдүн ашына чакырылып, Акжамбаш деген күлүгү байге алган 60 аттын бири болот (Сагымбай Орозбаков, 3. 100, 268).
Сууга ун чалып, сүт кошулуп бышырылган суюк тамак атала делет. Кээ бир жердегилер жарманы да атала дей берет. Бул сөздүн атал уңгусу кыргызча талкан (тал+кан) сөзүндөгү тал уңгусуна, чал (талкан чал) дегендеги чал этишине туура келет. Булардын эң алгачкы уңгусу тал деп эсептегенде атал түрүндөгүсүнө л тыбышы кошулат. Ал эми чал деген учурда алгачкы т тыбышы ч тыбышына алмашып кеткен.
Атала сөзү алгачкы атал+а морфемаларынан куралган дешке болот. Ал эми атал уңгусу чал этишинө туура келгендиктен, жалпы мааниси «чалма», «чалып жасалган тамак» дегенге туура келген сөз болуп чыгат.
1. Ун же талкандан жасалган жарма. Алымдардыкынан атала ичермин (Жантөшев). Сүйбөгөнгө суюк атала берет (макал). 2. Тартылган арпа, жүгөрүдөн кайнатып бышырылган малга берилүүчү тоют.
«Ата» деп кайра-кайра айта берүү атага сыйлуу мамиле кылуу. Адамда жыргал эмеспи Аталап турса балдарың (Токтогул). Башыңды көтөргөнчө балаң келип аталап турса, анан кайда барасың (Станалиев).
имеющий одного отца с кем-л., единокровный; аталаштан алтоо болгончо, энелештен экөө бол погов. чем быть шестерым единокровным, лучше быть двоим единоутробным.
сын.1. Атасы бир, энеси башка. Аталаштан алтоо болгончо, энелештен экөө бол (макал).
2. Аталары бир тууган, аталары туушкан. Тууган-туушкандары.. Шейшенин аталаш агасыныкына жыйылды («АлаТоо»).
1. Атасы бир, энеси башка (бир туугандык жакындык боюнча). Аталаштан алтоо болгончо, энелештен экөө бол (макал). Дубандын шаарда туруучу аталаш эжеси – Алтын («Ала-Тоо»). 2. Бир атадан тараган же аталарынын ага-инилик туугандыгы бар (жалпы туугандык жакындык боюнча). Ал сенин аталаш тууганың го (Байтемиров). Биздин аталаш туугандарыбыз болгондуктан, жакынсыган тууганыбыз – Кулу калпа (Жантөшев).
named set (noun)
A grouping of dimension members or items from a data source that are named and treated as a single unit and can be referenced or reused multiple times.
зат.1. Ич жаккы мизи жарым тегерек формада келген, көбүнчө ээр чабууда, аяк чабууда ж. б. колдонулуучу керки, аспап.
2. Бозо сүзүүдө колдонулуучу башына бир укумдай жыгач туурасынан ашталган таякча.
1. Ич жаккы мизи жарым тегерек формада болуп, көбүнчө ээр, аяк чабуу үчүн колдонулуучу керки. Колундагы аталгы ыргып кетип, тигинин бутуна тийди (Байтемиров). 2. Бозо сүзүүдө колдонулуучу жумуру саптуу, башына кичинекей туура жыгач ашталган курал.
Бозо сүзүүдө колдонула турган аспап аталгы же аталга аталат. Иймекей жыгачтын ортосуна ашталган сапка кайыш ороп коюп, кайыштын эки учун жаа сыяктуу жыгачка байлап коёт. Жаа сыяктуу жыгачты ары-бери кыймылдатканда аталганын. учундагы иймекей жыгачы ары-бери чимирилип, бозонун тобу үстүнө калып, маңызы кездемеден өтүп кетишин камсыз кылат. Аталга сөзү жогорудагы атала сөзү сыяктуу эле атал+га деген бөлүктөрдөн туруп, «чалгы, чала турган аспап» дегенди билдирген сөз болуп чыгат.
имеющий отца; аталуу жетим сирота, имеющий отца (но потерявший мать); аталуу жетим - арсыз жетим, энелүү жетим - эрке жетим погов. при отце сирота - непутевый, при матери сирота - баловень.
~: аталы-бала отец и сын; аталы-бала (неправ. аталуу-бала) урушат, агалы-ини (неправ. агалуу-ини) жулушат погов. (бывает, что) отец и сын ссорятся, братья дерутся.
1. отцовство, отцовское право; аталык акым бар я имею право отца, я имею право как отец; айланайын, Сейтегим, аталыкка санасаң, Тоотору атка бара көр! фольк. милый мой Сейтек, если считаешь меня за отца, отправляйся за Тоотору-конём; 2. уст.то же, чтошефтик; аталыкка ал- взять шефство.
АТАЛЫК – баланын биологиялык жана/же социалдык жактан белгилүү бир эркектен чыккандыгы тууралуу далил. А. туулгандыгы тууралуу күбөлүк жазуу аркылуу катоо органдары тарабынан күбөлөндүрүлөт. А. атасы менен энесинин биргелешкен арызы аркылуу камкордук жана асыроо органы тарабынан аныкталат. Эгер баланын энеси өлүп калса, жөндөмсүз деп табылса, жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбосо же энелик укуктан ажыратылса, атасынын арызы боюнча камкордук жана асыроо органынын макулдугу менен сот тарабынан А. деп табылат. Мурда никеде турбаган адамдардын ортосунда бала туулса, баланын белгилүү бир адамга тийешелүү экендиги тууралуу ата-энелеринин биргелешкен арызы же атасынын арызы жок болгон учурда, баланын белгилүү бир адамга таандык экендиги ата-энелеринин бирөөсүнүн, камкорчунун (багуучунун) же баланы баккан адамдын арызы боюнча, ошондой эле эрезеге жеткен баланын өз арызы боюнча сот аркылуу аныкталат. Баланын биологиялык атасы болуп саналбаган, бирок энесинин күйөөсү тарабынан асырап алынышы социалдык аталык болуп саналат. Ал эми донордук урук менен же кыйыштырылган түйүлдүк аркылуу боюна түйүлгөн балага урук берген донор эмес, төрөгөн адам жубайы менен бирге ата-эне болуп саналат.
АТАЛЫК — эпизоддук кейипкер, Кошойдун атасы. Жашы жете элек же башкарууга жараксыз бирөө такка отурганга анын атынан бийлик жүргүзүүнү билдирген «аталык» аттуу сөз антропоним болуп эпоско Кошойго байланыштуу окуялар менен кошо кирген болуу керек, к. Кошой, Кундуз.
1. ата дегенге таандык. Аталык мээрим менен кат аркылуу, Кучактап маңдайынан өөп алам (Абдыраманов). Аталык милдетимен кутулайын деп, сени үйлөндүрдүм («Ала-Тоо»). 2. тар. Орто Азияда болгон феодалдык хандыктын жогорку мансаптуу өкүлдөрүнүн бири. Бул Мусулманкул аталык эмеспи (Касымбеков). 3. бот. Өсүмдүктүн эркектик мүчөсү.
Parental Controls (proper noun)
A Control Panel icon in Windows Vista that allows parents and guardians to customize key aspects of their children’s online and computing experience through the use of features such as game ratings and activity reports.
АТАМЕКЕНДИК ИНВЕСТОР – КР резиденти деген статусу бар жана КР аймагында инвестициялык ишмердүүлүктү жүргүзгөн КРдин юридикалык же жеке жактары, ошондой эле чет өлкө жарандары менен жарандыгы жок адамдар.
АТА МЕНЕН БАЛАНЫН КАСТАШУУСУ — дүйнө элдеринин оозеки чыгармаларында (уламыш, жөө жомок, эпос) кеңири таралган салттык мотив. Аталык бийликтин күч ала башташы, башта баланын атасы ким экенине кайдыгер караган энелик коомдун укуктарынын нормаларына каршы келип, эми баланын сөзсүз закондуу атасынан туулушун талап кылган. Тескерисинче болгондо ата менен никесиз туулган баланын ортосунда каршылык чыккан. Бул карама-каршылык көп элдердин оозеки чыгармаларында, айрыкча, эпостордо кеңири чагылдырылган жана «Ата менен баланын салгылашы» деген тема менен фольклористикада кеңири маалым. Бул тема «Манас» үчилтигинен да орун алып, айтуучулардын нечен муундарынын элегинен кайра-кайра өтүп, көп кырдуу темага айланган. Эпостогу кеңири белгилүү чоң эпизоддордун бири «Алмамбеттин окуясында» өз алдынча тема катары кеңири өнүктүрүлгөн (к. Алмамбет, Азизкан). Мындан тышкары эпостун үч бөлүмүнүн тең башкы үч каарманынын аталары менен кагылышы кийинки доорлордун көз карашына ылайыкташтырылганын, өзгөртүлгөн түрдө чагылдырылганын байкоого болот: 1) Манас өмүр бою өз атасы Жакып менен ыркы келишпей өтөт. Ал эми Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Манастын туулушунун айрым белгилерине карап, Жакып ажалы акыры өз уулунан экенин сезет; 2) Семетей энеси Каныкей менен кошо балтыр бешик кезинен чоң атасы Жакып тарабынан куугунтукка алынып, таятасынын колунда эрезеге жеткенче тарбияланат, кайтып келери менен небереси Семетейди өлтүрмөкчү болгон Жакып акыры өзү өлүм табат; 3) Сейтектин өгөй атасы Кыязга каршы турушу баланын өз атасы менен касташуусу жөнүндөгү байыркы мотивдин өзгөргөн түрү болуп саналат.
Р. Сарыпбеков
Илгерки заман, байыркы мезгил, мурдагы заман. Кара ниеттик менен ак ниеттик атам замандан бери кармашып келе жатыптыр (Бердикеев). Ошол Ак-Белге келип такалган мелтилдеген боз атам замандан соко тиши тие элек (Өмүрбаев). Бул илгери атам заманда болгон окуя экен («Ала-Тоо»). Атам замандан бери кербенчилердин конушубу: ичи-тышы үнөм от жагып тургандай капкара көө (Элебаев). В.: Жер заманда. Алар жер замандагы адамдар. Жер заманда болгон иш.
Небак мурда, илгертеден, башынан эле, көп мезгил мурун. Кара ниеттик менен ак ниеттик атам замандан бери кармашып келе жатыптыр (Бердикеев). Сен атам замандан бери адам менен жан-жаныбарлардын шоруна чыйкан болуп чыктың го (Жигитов). Атам замандан бери кыргыз эли көлдү баарлап, көл боюнда жашап келе жатат («Жаштык жырчысы»).
атан I холощёный верблюд, верблюд-мерин; атан төө мас болсо, тайлак менен дос болот погов. когда верблюд опьянеет (развеселится), он с верблюжонком сдружится; связался чёрт с младенцем; сары атан см.саратан II. атан- II то же, чтоатал-; Курманбек атым атанган курусун менин даңазам фольк. не зовись я именем Курманбек, ни к чему моя слава (если...).
Iзат. Бычылган төө. Атан өлсө, тайлак бар, кому жерде калган жок (макал).
АТАНIIэтиш. Аталуу, атка конуу; аты чыгуу, белгилүү болуу. Бала баатыр атанды («Курманбек»). Атанган балбан.
АТАН — эпизоддук кейипкер, Орго кандын балбаны. Манастын Орго кан менен болгон согушунда майдан талаасына жетпей Көйүш аярдан каза табат (Сагымбай Орозбаков, 2. 84).
Бычылган эркек төө түрк жана монгол тилдеринде атан делет. Э. В. Севортян бул сөз ат+ан деген бөлүктөрдөн туруп, ат этиши азыр колдонулбаган менен, байыркы кезде быч деген маани берген деген пикирди айтат. Мына ушул эле этиштен ат деген жылкыга карата айтыла турган сөз да келип чыккан деп карайт (Севортян, 1974, 202). Бул боюнча атан сөзү «бычылган» маанисиндеги сөз болуп чыгат.
А. М. Щербак атан сөзү ат сөзү менен байланыштуу болуу керек деген болжолду айтат (Щербак, 1961а, 104). Бул болжолго толугу менен кошулууга болот. Анткени ургаачы төөнү билдире турган инген сөзү инек деген сөзгө -ан мүчөсү кошулуудан келип чыкканы даана көрүнөт. Демек, атан деген сөз да ат деген сөзгө -ан мүчөсү кошулуудан келип чыккан. Ал мүчө кошулуу менен формасындагы айырмачылыкка жараша төөнүн бычылганын билдирип, жылкынын бычылганын туюнткан ат деген сөздөн обочолонуп кеткен.
Бычылган, жүк жүктөөгө ж. б. жумуштарды аткарууга ылайыкталган төө. Жети атан комдотуп. («Семетей» С. К.). Карга бий атына минип, небересин алдына салып, атандын буйласын өзү жетеледи (Осмоналиев). Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот (макал). Жүктөөрүңө болсун деп, Комдолуу атан төө келди («Эл адабияты»).
Мурдатан, ата-бабадан калган үрп-адат, каада-салт. Ата наркы кана? (Турусбеков). Ата наркын унутпоого тийишпиз. В.: Ата салты. Кардуу айдыңда канындагы ата салтын коё бербеген Борондуу Каранар тандап бөлүп алган иңгендерин тап жылдырбайт (Айтматов).
Атагы чыккан, атыккан, элге белгилүү болгон. Атанган кумарчылардын колуна түшүп калба («Ала-Тоо»). Атанган мергендин бири эле го («Чалкан»). Калп менен чынды жоруган, Атангандан болбогун (Барпы).
годный, посильный для верблюда (см.атан I); алып чыкты бир куржун, атандык эмес, бил куржун фольк. вынес он курджун, не для верблюда курджун, для слона курджун.
образец беспримерной щедрости (по имени легендарного казахского богача, отличавшегося беспримерной щедростью); марттыгы Атантайдай он щедр как Атантай.
Өкүнгөндү, кейигенди билдирүү маанисинде айтылат. Атаны арман карылык, Алтымыш жашап карыдык (Токтогул). Атаны арман ай, Азабы аз эмес ар иштин Ар кандай (Осмонкул). В.: Атаны кокуй. Атаны кокуй жашчылык.
Өкүнгөндү, кейигенди билдирүү маанисинде айтылат. Атаны арман карылык, Алтымыш жашап карыдык (Токтогул). Атаны арман ай, Азабы аз эмес ар иштин Ар кандай (Осмонкул).
Диний түшүнүк боюнча: «ата-бабанын арбагы өзү талдап, калыстыгын айтсын, өзү күнөө койсун» деген мааниде. Чоңуң эмес, балаң союл көтөрбөсөң, атанын арбагына коем! («Ала-Тоо»).
Атасын сөзгө калтырбай турган, намыска жараган, өнөрлүү, өтүмдүү жигит. Атанын баласы экенсиң, Баке, сага миң мертебе ыракмат (Байтемиров). В.: Атанын уулу. О-о, бул атанын уулу тура!
Атаны сөзгө калтырбай турган, колунан иш келген, намыска жараган, өнөрлүү, өтүмдүү жигит. Атанын баласы экенсиң, Баке, сага миң мертебе ыракмат (Байтемиров).
Тилдөө, кагуу, наалат айтуу маанисинде колдонулат. – Атаңдын башы, – дейт Сабыр эми биротоло жанына күч келе чаңырьт кирет (Медетов). – Атаңдын башы! дедим, – дейт күбүрөп. – Сен билгенди мен билбей туруптурмунбу?... («Кыргызстан маданияты»).
Катуу тилдөө, жемелөө маанисинде колдонулат. Аздык кылып баратса, Атаңдын канын кошо ичкин («Манас»). В.: Атаңдын этин жегир! – Атаңдын этин жегир, карыганча кызганганын койбойт экен го бул («Кыргызстан маданияты»).
Абдан өкүнүү, нааразы болуу, жактырбоо маанисинде колдонулат. -Атаңдын көрү! эл деген тууган-уругу менен бириге калып тамды алеки-саатта бүтүп ала коюп жатышат («Ала-Тоо»). -Атаңдын көрү! - деп кош колдоп өз санын өзү аткып-аткып алып, шалдырап олтура кетти (Медетов).
Абдан өкүнүү, нааразы болуу, жактырбоо маанисинде колдонулат. – Атаңдын көрү! Эл деген тууган-уругу менен бириге калып тамды алеки-саатта бүтүп ала коюп жатышат («Ала-Тоо»). – Атаңдын көрү! – деп кош колдоп өз санын өзү аткып-аткып алып, шалдырап олтура кетти (Медетов). Атаңдын көрү шум дүйнө, Билип калган турбайбы («Мендирман»).
Абдан алыс жол жүрүү, узак сапар тартуу. Ат арытуу – арзан, журт арытмак – кымбат (макал). Алыска ат арытып кабар жиберишкенди тыйышсын (Бердикеев). Анын ага-туугандарын алыстыгына карабастан, ат арытып атайын сүйүнчүлөп чаптырган (Бейшеналиев). В.: Ат арытып, жол карытуу. Атайын ат арытып, жол карытып келгенинде кеп бар экен (Бейшеналиев).
Абдан алыс жол жүрүү, узак сапар тартуу. Ат арытуу-арзан, журт арытмак-кымбат (макал). Алыска ат арытып кабар жиберишкенди тыйышсын (Бердикеев). Анын ага- туугандарын алыстыгына карабастан, ат арытып атайын сүйүнчүлөп чаптырган (Бейшеналиев).
Жаштык-мастык курактан өтүп токтолгон куракка жетүү. Алар ата сакал ээгине бүтүп калган адамдар болучу («Ленинчил жаш»). Эми ушул ата сакалы ээгиңерге бүткүчө жаңжалдашып жүргөнүңөр жакшы эмес (Бердикеев). Бала, баланын иши чала, мына, ата сакалы ээгине бүтүп, азамат болот деген уулдарыбыздын кылганы (Абакиров).
Жаштык курактан өтүү, көпчүлүк «ата» деп кайрылган, токтолгон куракка жетүү. Алар ата сакал ээгине бүтүп калган адамдар болуучу. Эми ушул ата сакалы ээгиңерге бүткүчө жаңжалдашып жүргөнүңөр жакшы эмес (Бердикеев). Бала, баланын иши чала, мына, ата сакалы ээгине бүтүп, азамат болот деген уулдарыбыздын кылганы (Абакиров).
Токто, атаңды таанытам! Эргештин өңү кубулуп, тишине тишин коюп жете келди (Мияшов). - Чык быякка, салпаяк, эмесе атаңды таанытам («Советтик Кыргызстан»). - Атын байлап койгула. Айыбы үчүн союп алабыз. Мындан ары атасын тааный жүрсүн (Каимов).
понуд. отата- III взять в собственность, отвести себе; Алтайдын башы Үч-Арал, ататып алды жерине фольк. Уч-Арал - начало Алтая он присоединил к своей земле.
Ат атооч сөздөр башка сөз түркүмдөрүнүн ордуна колдонулат. Булар заттарды, түшүнүктөрдү же заттардын кайсы бир белгилерин атабай туруп, аларды жалпылап көрсөтөт. Ат атооч сөздөрдүн маанилери абстракттуу болот. Алар сүйлөм тизмегинде гана конкреттүү маанилерди билдирет. Мисалы, Ал базарга барып келди десек, сөздүн ким жөнүндө болуп жатканы бизге белгисиз, башкача айтканда, ал деген сөз кимди билдиргени белгисиз. Булагы:Кыргыз тилинин морфологиясы
Бир атадан тарагандардын өкүлү маанисинде. Ата уулу уруу түзүлүшүндөгү топтордун эң майдасы. Адатта, бир атадан тараган адамдардын бир нече муунун эки-үчтөн, 5–6 чейин ичине камтып, үч-төрттөн тартып, 10–15 түтүндөн (к. түтүн) турат. Ата уулудан калганы. («Манас» С. О.).
аташ I ир.: аташ күрөк см.күрөк; аташ көсөө см.көсөө I. аташ- II взаимн. отата- III 1. совместно называть, называть друг друга; 2. быть друг для друга предназначенным; быть друг с другом помолвленными; эр Семетей баатырдын аташканы Чачыкей фольк. суженая Семетея богатыря - Чачыкей; аташканым, алганым болсун ичи шам-чырак стих. моя суженая, моя жена пусть будет внутренне светла; аташкан досум мой друг, с которым мы обменялись клятвой в верности.
I:аташкүрөк — 1) от чыгаруучу, күл чыгаруучу калак; 2) диал. кычкач, кыпчуур.
АТАШII:1. ата этишинин кош мамилеси.
2. Убадалашуу, үйлөнүүгө, турмуш курууга убадалашуу, сөз бүтүү. Эр Семетей баатырдын Аташканы Чачыкей («Семетей»).
Бул сөздү иран тилинен кабыл алган кезде кызык кубулуштар болуп кеткен. Кыргыз тилинин түштүк диалектисинде от кыпчый турган кычкач аташ күрөк делет. Ал чындыгында күрөккө эч окшобойт, кадимки эле кычкач сыяктанып ичке жалпак темирден ийилип жасалат. Күрөккө эч окшобогон буюмду күрөк деп атап калышына төмөнкүдөй себеп болгон. Иранча аташ сөзү кыргызча от дегенди билдирет, ал эми гирак бөлүгү эки составдан турат, гир дегени гирифтан «брать» этишинин учур чагынын формасы, -ак мүчөсү — бир нерсенин аты экенин билдирүүчү мүчө. Иранча сөзмө-сөз которгондо аташги-рак деген «от кармагыч» дегенди билдирет. Бирок бул татаал сөздун экинчи бөлүгүн кыргыздар өзүнүн күрөк деген сөзүнө окшоштуруп кабыл алган. Натыйжада «кармагыч» деген маанидеги сөз күрөк болуп өзгөртүлгөн.
Иранча аташгирак болуп сөзгө сөз кошуу аркылуу жасалган сөздү кыргызча аташкүрөк деп бирге жазуу ылайык өңдөнөт. Антип бирге жазбаганда бул сөздүн гирак бөлүгү күрөк деген кыргыздын өз төл сөзү менен чаташтырылып, маанисин туура түшүнүүгө кедерги болот.
АТА-ЭНЕ – туулгандыгы тууралуу китепчеде белгилүү бир балага ата-эне катары жазылган жактар (атасы менен энеси). Ошентип, «А-э-нин» юридикалык түшүнүгү биологиялык түшүнүк менен дал келбей калышы да мүмкүн (м.: жасалма түрдө уруктандырылса).
АТА-ЭНЕЛИК УКУКТАН АЖЫРАТУУ – сот чечими боюнча балдарды коргой турган укуктук чара; балага аталык же энелик фактыга негизделген баардык укуктардан, анын ичинде тарбиялоо укугунан, балалуу жарандар үчүн белгиленген аргандай жеңилдиктер менен жөлөкпулдардан, карыганда багылуу милдеттеринен айрылуу. Бирок, А. у. а. ата-энелерди баласын багуу милдетинен бошотпойт. Ата-эне (же алардын бири) төмөнкүдөй учурларда ата-энелик укугунан ажыратылышы мүмкүн: ата-энелик милдетин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн качса; эч себепсиз эле өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн) же дагы башка дарылоо жайларынан, тарбиялоо жайынан, социалдык коргоо жайынан алуудан баштартса; ата-энелик укугунан кыянаттык менен пайдаланса ж. б.; балдарга мыкаачылык менен мамиле жасаса, анын ичинде алардын жыныстык колтийгистигин бузса; аракечтик менен баңгиликтин өнөкөт оорусуна чалдыкса; баласынын же жубайынын өмүрүнө же денсоолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса; эрезеге жетелек балдарынын селсаяк болуп кетишине жол берсе.
АТА-ЭНЕЛИК УКУКТУ ЧЕКТӨӨ – КР үйбүлө мыйзамдарына ылайык, соттун чечими менен колдонулуучу, баланы ата-энелеринен (алардын биринен) аларды ата-энелик укуктарынан ажыратпастан туруп алып коюуда турган балдарды коргоо чаралары. Эгер баланы ата-энелери (алардын бири) менен калтырып коюу, ата-энелерге (алардын бирине) байланышпаган жагдайлар (жин оорусу же башка бир оор жагдайларга алып келүүчү өнөкөт илдет) боюнча бала үчүн коркунучтуу А-э. у. ч-гө жол берилет. Ошондой эле эгер баланы ата-энелери (алардын бири) менен калтыруу алардын жүрүм-турумдарына байланыштуу бала үчүн коркунучтуу болуп саналса, бирок ата-энелерди (алардын бирин) ата-энелик укуктарынан ажыратууга жетишерлик негиздер аныкталбаган учурларда да ата-энелердин укуктарын чектөөгө жол берилет. Эгер соттун А-э. у. ч. жөнүндөгү чечими чыккандан тартып 6 ай өткөндөн кийин дагы ата-энелер (алардын бири) өзүнүн жүрүм-турумун өзгөртпөсө, асыроо жана багып алуу органы аларды ата-энелик укутарынан ажыратуу жөнүндө доо коюуга милдеттүү. Баланын кызыкчылыгы үчүн асыроо же багып алуу органы бул мөөнөт аяктаганга чейин да ата-энелерди (алардын бирин) укуктарынан ажыратуу жөнүндө доо коюуга акылуу. А-э. у. ч. жөнүндөгү доо баланын жакын тууганы, мыйзам тарабынан жашы жетелек балдардын укуктарын коргоо жүктөлгөн органдар жана уюмдар, билим берүү мекемелери, ошондой эле прокурор тарабынан коюлушу мүмкүн.
АТ-БАШЫ — топоним. Нарын чөлкөмүнүн түштүгүндөгү чоң өрөөн. А.-Б. жердин, суунун, айрыкча сепилдин аты катары 9—10-кылымдан белгилүү. Ал «Улуу жибек жолунун» Ферганадан Кашкарга жана Ысык-Көлдүн тескейиндеги Барскан шаарына кеткен соода жолунун боюнда орношкон. Караханийлер, моңгол жана Моголстан доорунда А.-Б. өрөөнүндө көп тарыхый окуялар болуп өткөн. «Манас» эпосунда кыргыздардын эзелки мекени катары көп айтылат. Сейф ад-Дин Ахсикентинин «Мажму ат-таварих» аттуу эмгегинде да Манас баатыр менен калмактардын ортосундагы согуштарда А.-Б. көп жолу кездешет.
1. Бүткүл жер, бети, төгөрөктүн төрт бурчу Атбороюн сыдыртып, Дүйнө жүзүн чалчу экен («Манас»). Атборойго салды эле («Семетей» С. К.). 2. Далай жерди, далай чөлкөмдү кыдырып деген мааниде. Улуу кол башчы ат бороюн салдырып, алыскы аймактардан келатканда тууну сыймыктана карап кала турган (Субанбеков).
Ат арытып узак жол жүрүү, эч нерсесин калтырбай жер кыдыруу. Ат бороюн сыдырып, Дүйнө жүзүн чалчу элек («Манас»). Ат бороюн сыдырып, Жердин баарын кыдырып («Эр Төштүк»). Ат бороюн сыдырып, Ай-ааламдын баарысын, Айланып жүрүп кыдырып («Манас»).
Ат арытып узак жол журүү, эч нерсесин калтырбай жер кыдыруу. Ат бороюн сыдырып, Жердин баарын кыдырып («Эр Төштүк»). Ат бороюн сыдырып, Ай-ааламдын баарысын, Айланып жүрүп кыдырып («Манас»).
(Atelopus) ателоптор; келтекбаш бакалардын бир уруусу, буларга ателоп Стельцнера (A. stelzneri) — Стельцнер ателобу, а. пестрый (A. varius) — ала ателоп ж. б. түрлөрү кирет.
(ээр токум, ат токулгасы). «Атка, уйга жарашкан, жабдык сатты кайран эл» (Ысак). Бул — атка токуп, минип кетүүгө керектүү буюмдардын жана шаймандардын жалпы аталышы. Ага: ээр, үзөңгү, канжыга, жүгөн, нокто, чылбыр, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, желдик, тердик, ичмектен сырткары көрпөчө, ат жабуу, үртүк, камчы кирет. Аталган буюм-тайымдардын ар биринин өзүнчө аткара турган милдеттери бар. Жасалышы жана санжырасы жагынан эркектердин ат жабдыгы, аялдардын (кыз-келиндердин) ат жабдыгы деп айтылат. Аларды чебердеп көркөмдөп жасоо жана жашоодо урунуу элибиздин маданий-материалдык турмуш-тиричилигине жараша болот. Көчмөңдүү турмушта уюткулуу журтчулук зергерчиликтин күчү менен ат жабдыктарын укмуштай сынпостоткон жана шөкөттөткөн. Ат жабдыктардын көз тайгылткан даана кооздугу жана жаңыртуусу күйөөгө узатуучу кыздын аттанаар атын токууда бөтөнчө көрүнгөн. Мурунку чеберлер кайышты жана көндү ийлешсе, азыркылар ат жабдыктарын узанууда заводдун булгаарысына ак кайышты каттап кайып жана ак кайышты өрүү ыкмасын колдонушат да, ага көбүнчө күмүш ордуна жез, мис чөгөрүшөт. Ат жабдыктары негизинен «өрмөчүлүк» менен «кайышчылык» өнөрлөрү аркылуу жүзөгө ашат. Буга узануучу усталарды «Зергер», «ат жабдыктарынын чебери» «ээрчи», «өрмөчү», «кайыкчы» жана «кайышчы» деп бөлүшөт.
АТ ЖАБДЫКТАРЫ — атка минип жүрүүгө керектелүүчү буюмдар жана шаймандар. Кыргыздын А. ж-на: ээр, үзөңгү, жааз, канжыга, жүгөн, нокто, чылбыр, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, желдик, тердик, ичмек, көрпөчө (көпчүк), ат жабуу, үртүк, камчы кирет. Булардын ар биринин өзүнчө аткара турган милдеттери бар. «Манас» эпосунда да А. ж. кеңири сүрөттөлөт. Эпосто сүрөттөлгөн көпчүлүк А. ж-на эпикалык мүнөз берилген. Мисалы, Аккаңкы, дүңгөр, ээр, үртүк, тердик, камчы, булдурсун жана башкалар Булардын арасынан Манастын Аккуласы үчүн Алмамбет жасап берген Аккаңкы ээр бир кыйла өзгөчө касиеттерге ээ:
Эңкейиште эзишсе,
Тамандашып айкөлүң,
Эчендер менен кезишсе,
Ээри кыйрап кетет деп,
Шашылыш жерден айкөлдүн
Ажалы бөөдө жетет деп
Артык кылган Аккаңкы
Аккулага чак каңкы (Саякбай Каралаев, 2. 11).
Бул сүрөттөөдө көрүнүп тургандай ээрди жасоодо айрыкча анын бекемдигине, ишеничтүүлүгүнө көңүл бурулгандыгы айтылат. Анткени, жоокерчилик учурда ээрдин бекем болушу зор мааниге ээ болгон. Согуш учурунда ээрден кулаш жоокерди өлүмгө алып келет. Ошондой эле эпосто ээрди жасоодо анын кооздугуна да көңүл бурулгандыгын төмөнкү саптардан көрүүгө болот:
Алмамбет кылган Аккаңкы,
Алдыңкы кашы ак алтын,
Арткы кашы чылк күмүш
Эки каптал эн темир
Курч уютуп матаган,
Курдашың Алмаң жан досуң
Кабыланга куп ылайык жасаган (Саякбай Каралаев, 2, 211).
Мындан сырткары А. ж-ндагы башкы нерсе ээрден башка түрлөрү да эпосто сүрөттөлгөн учурлары кездешет. Мисалы, ооздук, тизгин, чылбыр, нокто, көмөлдүрүк, куюшкан, үзөңгү жана башкалар Эпосто бул А. ж. жөн эле саналып гана кетпестен, алардын ар бири өз алдынча мааниге ээ. «Кара болот ооздук, Көмөкөйдө карсылдап» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 44) деген саптар ооздуктун болоттон жасалгандыгын билгизип турат, же «Окоро түйгөн ак тизгин, Тарталбай колу карышып» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2.44) деген саптардан тизгиндин кайсы ыкмада түйүлгөндүгүн (окоро түйгөн) көрүүгө болот. Мына ушундай эле сүрөттөөлөр менен башка А. ж. да айтылат:
Эки кулач чоң чылбыр
Узунун тандап тапты эле.
Окоро түйгөн ак нокто,
Тайторуга чак нокто
Башына мыктап катты эле (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 81),
«Айкөлүңдүн чоң боз ат,
Көмөлдүрүк, куюшкан,
Көбүнчө боо жарашат» (Саякбай Каралаев, 1. 159).
Эпосто А. ж-нын мынчалык орошон сүрөттөлүшү кыргыз элинин көчмөн турмушунда алардын кеңири пайдаланылып келгендигин айгинелейт.
А. Акматалиев
(тикек) — Ат жасалгаларынын мерчемдүү бөлүгү. Ээрдин алдынан, тердиктин үстүнөн аттын соорусуна чейин жабылуучу көркөм буюм. Сынга толуучу аруу буюм ат жабуу өрмөкчүлүк (терме, кажары, беш кеште) менен катар саймачылык менен асемделет. Демек, эндей таарга жана кездемеге сайма көчөттөрүн көчүрүү үчүн уздар ботонун, койдун жүнүн ипичке ийрип, аны оңго жана солго чыйратышкан. Ат жабууну кадимки жүн жиптер менен саймалаган. Четтериндеги түймө чачыктары шуруланып, төкмө жана топ чачыкталган түрүн «тикек» (дикек) дейт. Мында буюмдун жердиги, сары таарыдан турат да, ага кызыл, көк өң менен сайма көчөттөрүн түшүрүшөт. Ал сайылган кештелер балыш-жаздыктарга берилген: «тогуз төбө», «байчечек», «кайкалак», «допу талаа» көчөттөрүнө окшошуп жана үндөшүп турат. Тикектин жердиги кездемеден да тандалат. Анда ага көбүнчө «илме дос» (илме-илме, илип саюу) мүнөздүү келет. Ат жабуу кийизден да болот. Демек, ар түрдүү жердикке мына ушундай сайма көчөттөрдү алмак-салмак түшүрүү Түштүк Кыргызстанда бөтөнчө өнүгөт. Тактап айтканда, мында буюмдун жердиги үчүн чеберлер төөнүн, койдун жүнүн даярдашат. Кийинчерээк кебезди да ийрип чыйратышкан. Өрмөктү курууда бир өңчөй өңдөгү жиптер гана күзүктөлүп, эриш жип (өрмөктүн үстүңкү-астыңкы жиптери) ичке ийрилген. Ага аркак (эриш жиптердин ортосунан өтүүчү шоона жип) өткөрүп, эч кандай көркөм көчөтсүз, эндей согулат. Адатта, жүндүн түсүнө карата анын өңү саргыч, ак, кызгылт, кээде кара да болушу ыктымал. Демек, ушул таарга уздар «илме дос», «илме сайма» өңдүү сайма ыкмалары аркылуу көркөмдүктү беришет. Саймачылар буюмдун четине «төкмө чачык», «тор чачык» берет. «Жээк» катары кажары таарынын ыкмасында ак менен карадан «кош кайкалак көчөтүн» (багжагай) эки элидей эндүүлүктө келтирет. Анын четинде өрмөкчүлүк жана саймачылык аркылуу четтик көчөт көчүрүүгө да болот. Анын эки тарабына «чычкан изин» түшүрөт. «Багжагайдан» кийин буюмдун жердигине сайма көчөттөрү сайыла баштайт. Анда көркөм көчөттөр «жарым кайкалактын» элементтеринен турат да, бөз жердикке түшкөн, көк, сары, кара, кызыл өңдөрдү көк (ток көк) өзүнө оодарып, буюм түшкөн четтик көчөттөгү «чычкан изи» (суу) өзүнчө «ала мончоктоло» берилет да, анын четтерине теке мүйүздөнгөн көркөм элемент-көчөттөрү болот. Ортолук көчөт эки чоң тегерекчеден, тактап айтканда, табакчадан турат. Андан бутактанып экиден төрт кичине көчөт бөлүнүп чыгат. Табакчалардын ичи-сырты жарым кайкалак жана жылдызчаларга жыш толтурулган. Жалпы көз карашта алганда, мында өңдөрдүн ич ара айкалышын жана сайманын ыкмасын биринчи орунга коёбуз. Элүүнчү жылдары улуулардын нускоолору менен чеберлер бул буюмга жапырт узданууга аттанышат. Сайманын мындай үлгүлөрү салттуулукта кармоонун көөнөрбөс нускаларын далилдеген. Бул сайманын эски ыкмаларын дал өзүндөй сактоо менен көркөм көчөттөрүбүз элдик нукта, андагы уздардын уздук кызыкчылыктары да элдик мүнөздө болот. Ат жабуунун четине «чымын канат» түрүн калтырып, ал өрмөктө ак-карадан терилгендиктен бир аз ала чакмактана берилет. Мунун четтик көчөттөрү өтө эндүү болот. Аттын соорусунун эки жагына жаба этектеле түшүрүлгөндөй бештен он окшош көркөм көчөттөр кабыргаланып, тоту куштун канаты сыяктантып, «жарым кайкалак көчөтүнүн» элементтерин арбын пайдалануу керек. Анын чачылары чыйрак чыйратылган кара шоонадан төкмөлөнө берилип, атка жабылганда кооздуктун өзүнчө ажарына келет. Терме таар ат жабуу адими буюмдардын катарына кирет. Ат жабуунун формасы, жасалышы жана пайдаланышы боюнча бир нече түрлөрү бар. Ал «кара терме», «кажары терме», «беш кеште», «пиязы таар» түрүндө да болот. Эгер сайма көчөттөрү түшүп, чети түймө-чачыкталса, аны «тикек» дейт. Мисалы кажары терме түшкөн ат жабууга үлгү катары «тай туяк» деген көчөттү түшүрүүдө термечи өрмөк күзүгүнө жыйырма алты тал жипти жүгүртүп алат. Ал он үчтөн бөлүнүп, асты-үстүнө чыгат. Ал жиптер кызыл менен көктөн болсо, абалы бир көк жипти өйдө терип, анын бирөөсүн алдына калтырат. Биринчисинде, үч көк жипти үстүнө чыгарып, бирөөсүн алдына калтырат. Экинчисинде, үч көк жипти үстүнө чыгарып, бирөөсүн алдына келтирет. Үчүнчүсүндө, төрт көк жипти өйдө терип, төрт кызыл жипти алдына таштайт. Эми беш көк, жети көк, тогуз көк жиптен кийин алты кызыл жипти калтырат. Дагы он көк жип үстүнө чыгат. Кызыл жиптен беш талы алдына түшөт. Мындан кийин төрт көк жип, эки кызыл жип үстүнө, дагы төрт көк, анан беш кызыл жип үстүнкү «кеште үчүн» түшөт. Эми үчтөн кызыл-көк үстүнө, дагы төрт көк менен беш кызыл жип, бир көк жип, беш кызыл жип, жети кара жип, бир көк жип, беш кызыл жип, тогуз кара жип чыгат. Кажары көчөтү биротоло түшкөндөн кийин анын четинин «секиртмеси» («чычкан изи», «ала мончок», «бычак учу») үчүн үч ак, үч кара жипти күзүктөп кетет.
Жол жүрүп бара жатканда ала жүргөн азыгынан ат үстүндө тамактануу, өзөк жалгоо. - Ат жалына казан ас, балам, - деди Жээренче чечен («Кыргыз эл жомоктору»). Тоолуктар ат жалына казан аскан эр жүрөк жоокер экенсиңер (Бейшеналиев).
Жол жүрүп бара жатканда ала жүргөн азыгынан ат үстүндө тамактануу, өзөк жалгоо. – Ат жалына казан ас, балам, – деди Жээренче чечен («Кыргыз эл жомоктору»). Тоолуктар ат жалына казан аскан эр жүрөк жоокер экенсиңер (Бейшеналиев).
Өзү мээнет кылбай оңой-олтоң, жеңил-желпи жан багуу, көбүнчө бирөөлөрдүн эсебинен пайда көрүү, жан кыйнабоо. Ат жалынан тапканга башынан көнүп калган Ыбыке Кытай жерине келгенде да жөн жатпай, Көк-Терек өрөөнүндөгү Эркесары тукумуна чыгым салыптыр (Элебаев).
Өзү мээнет кылбай, жан кыйнабай, жеңил-желпи жан багуу, бирөөлөрдүн эсебинен пайда көрүү. Ат жалынан тапканга башынан көнүп калган Ыбыке Кытай жерине келгенде да жөн жатпай, Көк-Терек өрөөнүндөгү Эркесары тукумуна чыгым салыптыр (Элебаев).
Чоңоюу, эр жетүү, бойго жетүү. Жытатай ат жалын тарткандан кудайдын кудуретине сыйынууну калтыра элек (Осмоналиев). Эс тартып, ат жалын тарткандан бери кара жанын карч уруп, иштеп келе жатат (Саатов). Мен багам, кор кылбайм, – дейт ат жалын тартып элге аралашкан Үрбүлүм. (Бейшеналиев). В.: Ат жалын тартып минүү. Ат жалын тартып минип, эл арасындагы окуяларга аралашып, жигит күтөт (Осмоналиев). Айланып элге жеткирип, Ат жалын тартып мингизген («Семетей»). Сиз экөөбүз бири-бирибизди ат жалын тартып мингенден бери билишебиз (Каимов).
Чоңоюп, эр жетүү, бойго жетүү. Жылматай ат жалын тарткандан кудайдын кудуретине сыйынууну калтыра элек (Осмоналиев). Эс тартып, ат жалын тарткандан бери кара жанын карч уруп, иштеп келе жатат (Саатов). Мен багам, кор кылбайм, - дейт ат жалын тартып элге аралашкан Үрбүлүм (Бейшеналиев).
К. АТ ЖАЛЫН ТАРТУУ Ат жалын тартып минип, эл арасындагы окуяларга аралашып, жигит күтөт (Осмоналиев). Айланып элге жеткирип, Ат жалын тартып мингизген («Семетей») Сиз экөөбүз бири-бирибизди ат жалын тартып мингенден бери билишебиз (Каимов).
Жибек кездеменин бир түрү. Берметти ала турган соң беренжиден беш кабат, атилестен алты кабат калың төшөк салган менен таң жакында атпай турат («Эл адабияты»). Атилес көйнөк шоодурап, Айнектей көзү жоодурап («Манас»). Атилес көйнөк кийгениң, Ак алтын сенин сүйгөнүң (Байзаков).
1. Жеңил желпи, эптүү, элпек, тил алчаак. Эргешбай элпек, атка жеңил, тайга чак (Борбиев). Атка жеңил, тайга чак Күлүктүгү бар экен («Эр Тоштүк»). 2. Бат эле кепке алына коймо, баркы жок, жеңил баа. Мени атка жеңил, тайга чак кыла бересиңерби?
1. Жеңил желпи, эптүү, элпек, тил алчаак. Эргешбай элпек, атка жеңил, тайга чак (Борбиев). Атка жеңил, тайга чак Күлүктүгү бар экен («Эр Төштүк»). Атка жеңил, тайга чак, Жел жетпес Маамыты Бул жолу куру калды эми («Эр Төштүк»). Булардын атка жеңил, тайга чагы эле мен болуп турам («Чалкан»). 2. Бат эле кепке алына коймо, баркы жок, жеңил баа. Мени атка жеңил, тайга чак кыла бересиңерби?
Адамдын мүнөзүнө, сырткы көрүнүшүнө ж. б. жараша тамашалап, шылдыңдап ж. б. коюлган наам. Акундун кызы Айчүрөк, Кандай атка коном деп («Семетей»). Келгенине жыл айланбай жатып Шамал деген атка конду («Чалкан»). Сыналып айдай жарык эмгегинен, Ардактап эл айтуучу атка консо (Маликов).
А дегенде, баштаганда, эле иши оң эмес эле, башын туура эмес баштаган, мурунтан кыйчалыш эле. Атка мингенде эле кыйшык отурган, көп узай алган жок («Ала-Тоо»). В.: Аттанганда эле көчүгү кыйшык эле. Бул бечаранын аттанганда эле көчүгү кыйшык эле, иши оңолбой калган тура («Чалкан»).
(или атка минер) чужак под маской советского активиста (термин этот в киргизский язык вошёл из казахского после Великой Октябрьской социалистической революции; ныне из употребления вышел).
1. Октябрь революциясына чейинки мезгилде өзүндө бийлиги жок, бий-болуштун жан-жөкөрү. 2. Колунда анча-мынча бийлиги бар майда актив. «Кошчу» уюму атка минер арамза куулар менен күрөшүп жатат («Эркин Тоо»). Анткени, мурунку ячейканы атка минер шылуундун баласы деп ячейкалыгынан түшүрүп койгонбуз (Жантөшев). Элет оторлоруна салынган оор салык атка минерлердин короктоп ак падышанын атынан опузалап демитүүсү, зордугу менен артылууда (Бейшеналиев). Башка уруулардын атка минерлери чыгым салышып, букара менен лекторду ич ара кайраштыра беришти (Ш.Үмөталиев). Мен эмне силерге окшоп атка минер, жатып ичер белем? (Абдукаимов).
1. Советтик курулуштун активисти сыяктанып көрүнгөнү менен, иш жүзүндө ага ылайык келбеген, тескери иштерди жасаган киши. «Кошчу» уюму атка минер арамза куулар менен күрөшүп жатат («Эркин Тоо»). Анткени мурунку ячейканы атка минер шылуундун баласы деп ячейкалыгынан түшүрүп койгонбуз (Жантөшев). Элет оторлоруна салынган оор салык атка минерлердин короктоп ак падышанын атынан опузалап демитүүсү, зордугу менен аткарылууда (Бейшеналиев).
1. Советтик курулуштун активисти сыяктанып көрүнгөнү менен, иш жүзүндө ага ылайык келбеген, тескери иштерди жасаган киши. «Кошчу» уюму атка минер арамза куулар менен күрөшүп жатат («Эркин Тоо»). Анткени мурунку ячейканы атка минер шылуундун баласы деп ячейкалыгынан түшүрүп койгонбуз (Жантөшев). Элет оторлоруна салынган оор салык атка минерлердин короктоп, ак падышанын атынан опузалап демитүүсү, зордугу менен аткарылууда (Бейшеналиев). 2. Эл ичинде бийликке аралашкандар. Башка уруулардын атка минерлери чыгым салышып, букара менен лектордү ич ара кайраштыра беришти (Ш. Үмөталиев). Казанчы өз уруусунан чыккан атка минер-билермандарынын белен, бекер азыгы (Аалы). Мен эмне силерге окшоп атка минер, жатып ичер белем? (Абдукаимов).
Iэтиш.1. Атка минүүгө жардам берүү, аттандыруу. Аткарып досун колтуктап («Эр Табылды»).
2. Жөнөтүү. Мен аны чоң согушта жоого аткаргам (Үмөталиев).
АТКАРIIэтиш. Орундатуу, орундоо, жүзөгө ашыруу. Элдин ишеничин абийирдүү аткар! (Бейшеналиев). Ар күн сайын 4—5 норма аткарган (Осмонкул).
1. сажать или подсаживать на лошадь; аны атка аткарып койдум я посадил его на лошадь; конокту аткар, балаадан куткар погов. гостя проводи (букв. посади на лошадь), от напасти избавь; 2. отправлять (людей); кол аткар- снарядить и отправить войско в поход, двинуть войско; колдун баарын аткарып, кошо жүрдү бул дагы фольк. двинув всё войско, он и сам отправился вместе (с ним); 3. перен. выдавать замуж; кызын аткарганы турат он собирается выдать дочь замуж; 4. перен. исполнять, выполнять, приводить в исполнение; милдет аткар- исполнять обязанности.
Кыргыз тилинде аткар деген эки этиш бар. Анын бири «адамды атка мингизүү, минүүгө жардамдашуу, узатуу» деген маани берет. Ал сөз ат деген уңгуга этиш жасоочу -кар мүчөсүнүн жалганышынан келип чыгат. Ушул сыяктуу жол менен жасалган башкар (баш+кар), ичкер (ич+кер), эскер (эс+кер) ж. б. сөздөр бар.
Ал эми «орундатуу, бүтүрүү» деген маанидеги аткар этиши башка уңгудан, башка мүчөдөн турат. Уңгусу болуп атак сөзү эсептелет. Ал болсо — азыркы кыргызча аяк (айак) деген сөздүн байыркы формасы. Ошол уңгуга атоочтон этиш жасоочу -ар мүчөсү жалгануудан атакар>аткар этиши келип чыккан. Ал сөз азыркыча «аякта» дегенге жакын маани берген. Атооч сөздөрдөн этиш жасоочу -ар мүчөсү кыргыз тилинде кеңири учурайт. Мисалы: жашар (жаш+ар), бозор (боз + ор), агар (ак+ар), тазар (таза+р), жаңыр (жаңы+р) ж. б.
Атак уңгусу азыркыча аяк (айак) сөзүнө туура келет. Азыркы кыргызча күт жана күй деп айтууга боло бере турган сыяктуу эле т тыбышы й тыбышына алмашуудан айак дегени кийин пайда болгон. Бирок эски атак сөзү өзүнүн мурдагы калыбын сактап кала бергени ушул аткар этишинде учурайт. Ошол аткар этиши азыркы аякта деген этиш сыяктуу маани берген. Анткени аякта этишинин өзү алгачкы атак деген сөздөн жасалат, мүчөлөрү башка болгон менен маанилери бирдей болуп калган. Мындай болушуна атак, аяк (айак) деген сөздөр адамдын бутун гана эмес, «адамдын денесинин эң ылдыйкы жагы» дегенди да билдирген. Ал эми адамдын башы анын денесинин атын гана эмес, «башталышы» деген да маани берген. Ошондуктан аткар этиши «аягына чыгуу» дегэнди, башкача айтканда, «башталган ишти бүтүрүү, орундатуу, аягына чыгаруу» дегенди туюнткан. Ушундай маанини аткар жана аякта этиштери бере алышы алардын уңгусунун бир сөздөн экенине байланышкан.
1. Колтуктан жөлөп атка мингизүү, аттандырып узатуу. Аткарып досун колтуктап («Эр Табылды»). 2. Бир жакка жөнөтүү, жиберүү. Абыкени баш кылып, Алтымыш мерген аткарып («Манас»). Колдун баарын аткарып, Коштоосуна ат алып («Эр Табылды»). Ал менин жалгыз уулум болчу. Мен аны чоң согушта жоого аткаргам (Үмөталиев). Кызды күйөөгө узатуу, үйдөн чыгарып жөнөтүү. Аткарды Абдыракман кызын дешип, Айтышкан эчак эле уккан, билген (Үмөталиев).
Иш жүзүнө ашыруу, орундатуу, иштөө. Ашыр тапшырманы ак ниеттүүлүк менен аткарчу (Сасыкбаев). Дмитрий абышка беш нормадан аткарат (Сыдыкбеков). Эки жолу Абдылда Ракыяны сүйгөн жигит болуп роль аткарган (Байтемиров).
АТ КАРА ТИЛ БОЛГОНДО — жай келип, жылкы көккө тоё баштаган мезгил. «Манаста»: «Кечээ эл өөдөгө тартарда, Ат кара тил мезгилде» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2.72). «Ат кара тил болгондо, Тогуз айга толгондо, Бээжинден чалгын чаларбыз» (Сагымбай Орозбаков, 4.109),— деп сүрөттөлгөндөй көп кездешет.
АТ КОЮУ — «Манас» үчилтигинин ар бир бөлүмүндө башкы жана негизги каармандардын айрымдарынын келечек тагдырына байланыштуу маанилүү учур катары алар төрөлгөндө энчилүү ат коюуга өтө зор көңүл бурулат. Эпосто башкы оң каармандарга ылайыктуу жакшы А. к. кыйын милдет экени ат таба албай кыйналганынан көрүүгө болот:
Ат коюңар деп айтып,
Ак сакал Жакып кеп айтып,
Көптүн келди кашына.
Ат асмандан дечү эле,
Жакшы ат коёр бекен?— деп
Көзүн салды бай Жакып
Аяк менен башына.
Олтурган эрлер дегдеди
Оозуна бир ат келбеди.
Ат коё албай алдырап,
Карап калды жалдырап (Сагымбай Орозбаков, 1.86).
Жаңы төрөлгөн балага А. к-нун татаалдыгы байыркы түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын адамдын келечектеги тагдырына анын атынын магиялык таасири бардыгы жөнүндөгү түшүнүктөрү менен байланышкан. Мындай көз караш жер жүзүндөгү байыркы элдердин бардыгына мүнөздүү: «Ат — адамдардын байланыш жасоосунда эң биринчи каражат. Ал адамга сыймык алып келет жана анын тагдырын аныктайт. Адам аты менен даңкка жетет, ошондуктан ат коюу салтанаты эң жогорку даражада мактоого татыктуу», — деп жазылган индиялыктардын этика жөнүндөгү байыркы китебинде. Натыйжада, балага татыктуу А. к. үчүн байыркы элдердин баёо түшүнүгү боюнча ага татыктуу «көзү ачык» адамдар гана жарамдуу болушу мыйзам ченемдүү. Байыркы түрк-моңгол элдеринин реалдуу турмушунда мындай милдетти шамандар аткарса, алардын эпикалык чыгармаларында оң каарманды идеалдаштыруу салтына ылайык көктөн түшкөн же токойдон кайыбынан чыга келген касиеттүү карыя же кереметтүү күчтүн эгеси укмуштуу жаныбар балага ат коёт (түпкүлүгүндө бул эки кейипкер тең тотемдик түпкү бабага такалат). Демек, Жакып баласына ат коюларда «ат асмандан дечү эле,» — деп кандайдыр бир кереметти алдын ала күтүшү ушул байыркы ишенимдин көркөм чагылдырылышы. «Манас» эпосунун үчүнчү бөлүгү «Сейтектин» варианттарында да Сейтекке А. к. ар башкача кырдаалдарда жүзөгө ашырылат. Радлов жазып алган вариантта Сейтектин атын асмандан түшүп келген алтын сакал Айкожо коёт. Типологиялык көрүнүш индиялыктардын «Махабхаратасында» жолугат. Анын тигил же бул каарманы туулганда асмандан добулбастын күрүлдөгөн доошу угулуп, гүлдөр жаап, көзгө көрүнбөгөн кереметтүү күчтүн үнү анын келечекте аткаруучу улуу иштерин алдын ала айтып жана ага ат коёт. Түштүк Сибирдеги түрк элдеринин эпосторунда кайыбынан пайда болгон касиеттүү карыя балага гана ат койбостон, анын мине турган тулпарын, жоо-жарагын берет же кайдан алууну айтат. Буга салыштырганда Манаска төмөнкүдөй түрдө аттын коюлушу байыртадан келе жаткан салттык көрүнүш:
Аты Манас болсун,
Жери Талас болсун,
Эли кыргыз болсун
Какырдан туулган Каккула
Манастын аты болсун («Манас», Кол жазмалар фондусу, 387-инв., 16-б.).
Орто Азияда жашаган түрк элдеринин эпикалык чыгармаларында жогорудагы касиеттүү карыя мусулман дининдеги ыйыктар менен алмаштырылган. Мисалы, өзбек эпосунда Алпамышка атты Шаймерден коёт, анын келечектеги баатырдык иштерин алдын ала айтат. Мындай трансформациялануу «Манас» эпосунда да орун алган, бир катар варианттарда башкы оң каармандарга Кызыр жана башкалар мусулман ыйыктары ат коёт. Эпостордо келечек баатырдын атын кээде кайыбынан пайда болгон карыя эмес, ошол эле чыгарманын өзүндө активдүү роль ойногон белгилүү каармандардын бири — реалдуу адам коёт, ырас ал калк ичинде зор урматка ээ болот. Мисалы, көпчүлүк түрк элдеринин эпосторундагы каарман — өтө узак жашаган, акылман карыя Коркут ата бата берип баланы бойго бүтүрөт жана ага ат коёт. Көпчүлүк изилдөөчүлөр Коркуттун образы жогоруда эскерилген касиеттүү карыянын образынын эволюциясынын кийинки стадиясындагы көрүнүшү экенин белгилеп жүрөт:
Катылышкан душманын
Өгөөлөсүн темирдей,
Акыры туулса эркек уул
Аты болсун Семетей (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 546-инв., 331-б.),
— деп Семетейди батасы менен бойго бүтүрүп гана тим болбостон, ага атты да койгон, ошондой эле төрөлүүчү баланын келечекте эл кишиси — баатыр болуп өсүшүн каалаган калк карысы Кошой жогоруда эскерилген Коркуттун тибине жатат. Бир катар варианттарда Манас эрезеге жеткиче душмандардан аты жашырылып, «Чоң жинди» деген ат менен жүрөт. Адамдын атынын душмандан жашырылышы алгачкы учурда байыркы тотемдик ишенимдерден келип чыккан. Ат тотемдик символ болуп саналган, ошондуктан магиялык мааниге ээ болгон. Байыркы адамдар ошол магиялык касиетке ээ чыныгы атын душман билип алса зыян келтирет деп, аны жашырын сактап, башка аттар менен жүргөн. Мындай ишенимде элдик оозеки чыгармачылыктын чагылдырылышынын классикалык үлгүсү байыркы египеттиктердин мифтеринде берилген. Кудай аял Исида эң жогорку кудай Ранын (Күн кудайынын) үстүнөн бийликке жетиш үчүн «аны энеси төрөгөндө койгон чыныгы атын» — жашыруун атын билмек болуп аны жыланга чактырат. Жыландын уусунан жапа чеккен Ра айыгыш үчүн өзүнүн көптөгөн атынын ичиндеги жашыруун атын Исидага айтууга аргасыз болот. Исида аны айыктырып өз максатына жетет. Кыргыз эпосунда ушундай эле көрүнүш Төштүк менен Чоюн кулак алптын ортосунда болот. Амал менен Чоюн кулактын жаны жети кучкач экенин билип алган Төштүк аны оңой эле жеңет. Манасты жок кылуу үчүн Эсенкан анын аты боюнча издетиши ушул байыркы мотивдин рационалдуу түшүнүккө ылайыкташтырылып трансформацияланышы. Каарманга Чоң жинди сыяктуу «жаман» ат берүүнүн өзү да байыркы элдердин ишеними боюнча баланы ар түрдүү суук көздөн жазгырып, анын өмүрүн сактап калуунун бир жолу болуп саналган.
Байыркы элдерде бала эрезеге жеткенде, жоо менен кармашар чагы болгондо, анын жөндөмүнө, сырткы келбетине, алгачкы аткарган эрдик ишине ылайык экинчи сапар А. к. салт болгон. Баатырдык эпостор бул салтты өзүнүн духуна ылайыктап пайдаланган. Көпчүлүк түрк элдеринин эпосторунда каарман биринчи эрдигин жасаганда, ошонусуна ылайык келечекте аткаруучу эрдик иштеринин мүнөзүнө жараша ага ат коюлат. «Манас» эпосунда да башкы каармандын аты кийин коюлганы байкалат. Саякбай Каралаевдин варианты нда алгач «Чоң жинди» деген ат менен белгилүү болсо, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында, ошондой эле түштүктөн жазылып алынган айрым варианттарда адеп коюлган аты Ашырбек, кийин жогорку күчтөр тарабынан «Манас» деген ат берилет. Мифтаков элден чогулткан уламыш боюнча өз аты Сардар, Манас наамы, титул аты деп берилген. Эпосто жалаң Манас эмес, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Серек, Ажыбай, Кыргылчал, Каныкей жана башкалар бир катар каармандардын аттары алардын кылган иштерине, жекече мүнөздөрүнө, сапаттарына жараша алмаштырылат.
Р. Сарыпбеков
Жай келип, жылкы көккө тойгондо. Ат кара тил болгондо, Бетеге өсүп толгондо, Күлчорону көрүп ал («Сейтек»). Эң акыркы зыяпатын да ошол угузган маалында, ат кара тил болгондо аш аты кылып ошол жерде өткөрүштү (Касымбеков).
Жаз өтүп, жайга айланып, жайлоонун чөбү жетилип, жылкы толук тоюнуп, шибердин чыктуу ширесине тили боёлуп карарган мезгил. Эл өөдөлөп ошондо Жайлоого жаңы конгондо, Ат кара тил болгондо («Манас», С. О.). Ат кара тил болгондо, Бетеге өсүп толгондо Күлчорону көрүп ал («Сейтек»). Эң акыркы зыяратын да ошол угузган маалында, ат кара тил болгондо аш аты кылып ошол жерде өткөрүштү (Касымбеков).
АТКАРУУ БАРАКЧАСЫ – сот чечиминин, өкүмдүн, аныктамасы менен токтомунун, сот тарабынан бекитилген тынчтык макулдашуусунун, эларалык жана чет өлкө соттору менен арбитраждарынын чечиминин негизинде берилген аткаруу документинин бир түрү. А. б-на соттун колу коюлуп, соттун гербдүү мөөрү басылат.
АТКАРУУ БИЙЛИГИ – конституциялык укук боюнча мамлекеттеги мамлекеттик бийликтин өзалдынча жана көзкарандысыз бутактарынын бири (мыйзам чыгаруу жана сот бийлиги менен катар). А. б. иш жүзүндө мыйзамдарды, башка ченемдик укуктук актыларды, келишимдерди ж. б. у. с. аткарууга чакырылган. Көптөгөн өлкөлөрдө иш жүзүндө А. б. демократияга зыян келтирүү менен башка бийлик бутактарына үстөмдүк кылат. Айрым өлкөлөрдө президенттин А. б. иш жүзүндө куралдуу күчтөрдүн же экономикалык элитанын таасиринде болот. КРде А. б-н КР Өкмөтү, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ишке ашырат. КР Өкмөтү КРде А. б-нин жогорку органы болуп саналат.
АТКАРУУ БИЙЛИГИНИН БАШЧЫСЫ – мамлекеттик башкаруу органынын жалпы улуттук же аймактык деңгээлиндеги, болбосо өзалдынча башкаруу органынын жетекчиси. Жалпы улуттук деңгээлде монархиянын баардык тариздеринде шарттуу түрдө монарх (парламентардык монархияда – иш жүзүндө өкмөт башчысы ), президенттик республикаларда – президент, парламентардык өлкөлөрдө – шарттуу түрдө президент, ал эми иш жүзүндө өкмөт башчысы, жарым президенттик республикаларда – президент (кээде шарттуу түрдө – өкмөт башчысы). КРде КР ЖКнын макулдугу менен КР Президенти тарабынан дайындалуучу КР Премьер-министри А. б. б. болуп саналат.
instruction (noun)
An action statement in any computer language, most often in machine or assembly language. Most programs consist of two types of statements: declarations and instructions.
АТКАРУУ ДОКУМЕНТТЕРИ – алар: а) соттордун чечиминин, өкүмүнүн, аныктамасы менен токтомдорунун сот тарабынан бекитилген тынчтык макулдашууларынын, эларалык жана чет өлкө сотторунун жана арбитраждарынын чечимдеринин негизинде сот тарабынан берилген аткаруу баракчалары; сот буйруктары; б) доону камсыз кылуу тартибиндеги сот аныктамалары; в) нотариалдык органдардын аткаруу жайгаруусу; г) төлөм эсебинде акча каражатынын жок экендиги тууралуу банк жана башка кредит мекемелеринин белгиси коюлган инкассо тапшырмасы; д) эрезеге жетелектердин иштери боюнча комиссия тарабынан берилүүчү акча төлөтүп алуу чарасы жөнүндөгү токтом; е) административдик тартип бузуу иштерин кароого ыйгарым укук берилген органдар (кызмат адамдары) тарабынан чыгарылган токтом; эмгек талаштары боюнча комиссиянын жана кесипкөйлөр бирлик органдарынын чечиминин негизинде берилген күбөлүк; з) туракжайды өзалдынча ээлеп алган же урап түшчү абалдагы үйдө жашаган жарандарды административдик тартипте көчүрүү жөнүндөгү прокурордун токтому; и) башка органдардын мыйзамда каралган учурлардагы актылары.
АТКАРУУ ЖАЙГАРУУСУ – карыздоо документинин түпнускасында карызкордон карыз берүүчүнүн пайдасына алынуучу акча өлчөмү же мүлк жөнүндө жазыла турган нотариустун же консулдук мекеменин ыйгарым укуктуу кызмат адамынын тескемеси. Ал боюнча карыздар талашсыз, б. а. А. ж-нун негизинде өндүрүлүп алына турган документтердин тизмеси КР Өкмөтү тарабынан аныкталат. А. ж. аркылуу өндүрүү сот чечимин аткаруу тартибинде жүргүзүлөт. А. ж. аткаруу документтерине кирет.
АТКАРУУНУН МҮМКҮН ЭМЕСТИГИ – карыздар үчүн анын күнөөсү менен милдеттенмеде көрсөтүлгөн аракеттерди аткаруусунун мүмкүн эместиги. КР жарандык мыйзамдарына ылайык тараптардын бири да жооп бербеген кырдаалдан келип чыккан милдеттенмени карыздар аткара албаган учурда кредитор карыздардан милдеттенме боюнча аткарууну талап кылууга укуксуз. Милдеттенмени аткарган тарап аткаруунун кайтарымын талап кылууга акылуу. Кредитордун терс аракеттеринен улам карыздардын милдеттенмени аткаруусу мүмкүн болбосо, кредитор андан милдеттенме боюнча аткарылгандын кайтарымын талап кылууга укуксуз.
АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮ – бузулган же талашка түшкөн укукту же мыйзам тарабынан корголуучу укуктарды реалдуу коргоону камсыз кылуу максатында сот актыларын жана бейтарап соттордун чечимдерин мажбурлап ишке ашыруунун мыйзамда белгиленген тартиби. А. ө. – жарандык процесстин корутунду баскычы, анын чегинде жарандарга, уюмдарга же баардык деңгээлдеги бюджеттерге акча каражаттарын жана башка мүлктү башка жарандарга, уюмдарга берүү боюнча милдеттерди жүктөөгө же алардын пайдасына белгилүү аракетти жасоого же ушул аракеттерди жасоодон баш тартууга укугу бар орган тарабынан чыгарылган юрисдикциялык акт жүзөгө ашырылат.
АТКАРУУЧУ – 1) КР кылмыш-жаза мыйзамы боюнча түздөнтүз кылмыш жасаган башка адамдар менен бирге кылмыш жасоого катышкан адам, ошондой эле мыйзам боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбай турган башка адамдарды пайдалануу менен кылмыш жасаган адам. Кылмыштын катышуучусунун бири болуп эсептелет; 2) КР Жарандык кодекси боюнча тапшырыкчынын тапшырмасында шартталган белгилүү иш-аракетти жүргүзүүгө келишим боюнча милдеттенген адам; 3) керектөөчүнүн укуктарын коргоо жөнүндө КР мыйзамынын аныктамасы боюнча менчигинин түрүнө карабастан түзүлгөн уюм, ошондой эле акысыз келишим боюнча иш аткаруучу же керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүчү жеке ишкер; 4) автордук жана аралаш укуктар жөнүндө КР мыйзамына ылайык – роль аткаруучу, ырдоочу, музыка аспаптарында же башка түрдө адабият жана искусство чыгармаларын аткаруучу (а. и. эстрадалык, цирк же куурчак номерлерин) артист, ырчы, музыкачы, бийчи же башка жактар, ошондой эле оюн коюучу режиссер менен дирижер.
саяс. Мамлекеттик бийликтин бир бутагы. Адам укугунун жана эрикиндигинин корголушун, аракеттеги мыйзамдардын аткарылышын, мамлекеттик ички жана тышкы ишмердигин уюштуруп жана багыттап турат.
АТКАРУУЧУНУН ЭКСЦЕССИ (лат. excessus – чыгуу, чегинүү) – аткаруучу тарабынан башка кошо катышуучулардын ниетинде болбогон жана алардын макулдашуусунун чегинен чыккан аракеттердин жасалышы.
возвр.-страд. отаткар- быть исполняемым, выполняемым; исполняться, выполняться; алган милдеттенме аткарылды взятое обязательство выполнено; өкүм аткарылды приговор приведён в исполнение; тилеги аткарылды его желание исполнилось.
Кимдир бирөөлөрдүн аткаруусунда иш жүзүнө ашырылуучу. Элдик оюндар, каада-салт, ырым-жырым, аш-тойлордо аткарылуучу оюн-тамашалардан театрдын көп элементтерин көрөбүз (Борбугулов). Мугалим аткарылуучу тапшырма боюнча алдын-ала түшүндүрмө берди.
To-Do Bar (proper noun)
An area within the Outlook application window that can be enabled to show an overview of the user's schedule, tasks and frequent contacts.
р.сев. 1. отказ; 2. контрабанда; что-либо запрещённое; аткез мал запрещённый товар, контрабандный товар; 3. освобождение от штрафа, от наказания (при игре в жашынбак, см.); тапсаң - аткез, таппасаң - бир тай найдёшь - освободишься, не найдёшь (с тебя) жеребёнок (так говорят, задавая загадку).
Орус тилинен кирген отказ деген сөздүн мааниси кеӊейип отуруп, төмөнкүдөй маанилерди туюндуруп калган: 1. контрабанда; что-либо запрещенное; аткез мал запрещенный товар, контрабандный товар; аткезчи контрабандист; түн жамынып, кыр ашып бараткан аткезчи эмесмин; аткезчилик занятие контрабандой; өзү апийим сатып, аткезчилик да кылган (Юдахин 1965:79).
1. Уруксат кылынбаган товарларды башка мамлекеттин чегине жашырын алып өтүү, контрабанда. 2. Жашырын алып келинген товрлар. Бул аймак чек ара, а жашырын алып өтсө аткезчилик болот (Касымбеков).
(аткаруу комитети) 1. исполком; 2. разг. председатель исполкома; айыл аткому ист. 1) аульный исполком; 2) разг. председатель аульного исполкома. аткомдук разг. положение или должность председателя исполкома.
1. тар. Мурунку кездеги сыйлуу жолоочунун же дөөлөттүү адамдын жанында жүрүп, анын өзүн жана атын тейлеп жүрүүчү адам. Бугимовго ат кошчу болуп Максүт ууру жөнөдү (Сасыкбаев). 2. Офицердин жардамчысы, жанына алып жүргөн солдат, адъютант. 3. Бирөөнүн кызматын аткарган адам.
АТ КОЮУ — атчан аскерлердин душманга чабуул коюу ыкмасы. Эпостун согуштук окуяларында баатырларын, балбандарын, аткычтарын, найзачанын, кылыччанын өз-өзүнчө бөлүп, салгылашууга киргизгени жогорку көркөмдүктө элестүү сүрөттөлөт. Кыргыздын элдик оозеки чыгармаларында баатырларды, жоокерлерди атсыз элестетүү кыйын. Ошондуктан А. к. эпосто жоокерчилик окуялардын чордонун түзөт:
Күн жүрүш жактан күркүрөп,
Аркасынан Жолойдун
Алда канча көп аскер
Ат коюптур дүркүрөп (Сагымбай Орозбаков, 4. 314).
1. Аттын оозун кое берүү, чаап жөнөө. Айылга жакындаганда ат койдук (Элебаев). Ат коюп шаарга кирип бардык (Каралаев). 2. Чабуул жасоо, качырып сала берүү. Таң кулан оок болгондо жоону карай ат коюшту («Ала-Тоо»).
1. Аттын оозун коё берүү, чаап жөнөө. Айылга жакындаганда ат койдук (Элебаев). Ат коюп шаарга кирип бардык (Каралаев). 2. Чабуул жасоо, качырып сала берүү. Таң кулан өөк болгондо жоону карай ат коюшту («Ала-Тоо»).
1) Ашкана буюму. Бышып жаткан этти оодарыштырууда, бышкан этти чыгарууда колдонулат. Анын жердигин усталар муңайым темирден тандашат. Ал көбүнчө төрт айрылуу болуп, этти аткып сайып алууга шартташкан. Эгер аткуур башы өзүнчө темирден болсо, депкир сыяктуу мис менен карматылат. Аткуур кармоого эптүү болушу үчүн учу бычак сабындай жыгачтан жумуру жасалат. Аткуур сабынан бери бүтүндөй темирден болушу да ыктымал. Анын сабына зергерлер күмүш жалаткан жана ага оюм-чийим беришкен. 2) Ачакейи бар жумуру саптуу балка түспөлүндөгү, өзүлөрү оюндагысындай жасап алышкан усталардын аспап-куралы. Аны менен мык суурулуп алынат.
аткы I охот. трубочка (деревянная или из бедренной кости жору (см.) для промывания желудка ловчей птицы). аткы- II 1. цапать (напр. когтями); 2. схватить, сграбастать; алтын кемер, бото кур аткый кармап алыптыр фольк. сграбастал он (врага) за золотой пояс, за шейную повязку; 3. терзать.
Iзат. Жыгачтан көңдөйлөтүлүп же жорунун жилигинен алгыр куштардын ичин тазалаш үчүн жасалган түтүк.
АТКЫIIэтиш.1. Чапчып алуу.
2. Оозун чоң ачып тиштөө.
Кыргыз тилинде аткы этиши «тырмактарын же чеңгелин батыра кармоо» маанисин берет. Мындай этиш башка түрк тилдеринде колдонулбайт. Монгол тилиндеги атгах этиши «1) зажимать в кулак, 2) брать горстью» болуп которулат. Ошондуктан аткы этиши кыргыз тилине монгол тилинен кабыл алынган дешке болот. Кабыл алынганда аяккы а тыбышы ы тыбышына алмашып, мааниси да бир аз өзгөргөн.
Чеңгел менен апчып кармоо, апчып алуу. Бала мага жакындай түшүп, бетимден аткып алчудай тикирейип келди (Элебаев). Бетин колу менен аткып алды эле, шүүшүндөп кан кетти (Байтемиров).
Чеңгел менен аткып-аткып кармагылоо, кайра-кайра аткып жулуп алуу. Кымбат суу куюлган унду салааларын кенен ачып, ачуусу менен аткылай баштады (Осмоналиев).
аткыч, аткычыл 1. стрелок: таамай аткыч меткий стрелок; 2. мастер игры в ордо (см.ордо 3); Ажыбайдын жолдошу аткычыл экен бу баары фольк. все спутники Аджибая ловкие игроки в ордо.
1. м. атлас (географиялык карталар, таблицалар, техникалык чертёждордун ж.б. жыйнагы); атлас мира дүйнө атласы; анатомический атлас анатомиялык атлас. 2. м. (ткань) атлас, атилес (жибек кездеменин бир түрү).
зат. Шамдагай, күчтүү, чыдамкай болууга көнүктүрүүчү гимнастикалык машыгуулардын жыйындысы.
♦ Жеңилатлетика — чуркоо, секирүү, диска, ядро ыргытуу сыяктуу көнүгүүлөрдү өз ичине алган спорттун түрлөрү.
Аттын күчүн убактылуу алуу, убактылуу пайдалануу деген мааниде. Пейли жаман кишиден, Аттын майын сурасаң, «Эртең кел» деп саалытат (Осмонкул). Ат майына бир жылкы сурап, бирөөнүн мыкты атын минип, арттан жөнөйт (Осмоналиев).
1. Бирөөнүн атын убактылуу пайдалануу, убактылуу күчүн алуу. Көкала атты сурады Минейин – деп, майыны («Манас» С. О.). Пейли жаман кишиден Аттын майын сурасаң, «Эртең кел» деп саалытат (Осмонкул). 2. Аттын күчү акысы. Ат майына бир жылкы сурап, бирөөнүн мыкты атын минип, арттан жөнөйт (Осмоналиев).
1. астр. Жерди жана кээ бир башка планеталарды чулгап турган газ сымал катмар. 2. сүйл. Аба. 3. өт. Айланадагы, шарт, чөйрөнүн абалы. Ишке тоскоолдук кыла турган кыйын атмосфера түзүлбөсүн. 4. Газдын басымын өлчөөдө колдонулуучу бирдик.
АТМОСФЕРАДАГЫ АБАДАН АТАЙЫН ПАЙДАЛАНУУ – КРде табигый мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун бир түрү, өндүрүштүк муктаждыктар үчүн атмосферадагы абаны пайдалануу. Кен-байлыктарды казып алуу жана аларды кайра иштетүү, жардыруу жумуштары, калдыктарды жайгаштыруу жана пайдалануу иш-аракеттери атмосферадагы абаны сактоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу менен бирдикте жүргүзүлүүгө тийиш жана бул чаралар айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылуусу керек. Эгер атмосферадагы абаны сактоо боюнча белгиленген талаптарга жооп бербесе жана көзөмөлдөөнүн техникалык каражаттары менен камсыздалбаса, ачылыштарды, ойлоп табууларды, ойлоп табуучулук сунуштарды, жаңы техникалык тутумдарды, заттарды жана материалдарды өздөштүрүүгө жана өндүрүшкө киргизүүгө, ошондой эле чет өлкөлөрдөн технологиялык жабдууларды алып келүүгө тыюу салынат.
атом дегенге таандык. Атомдук энергия. Атомдук салмак. Атом энергиясын пайдаланууга байланышкан. Атомдук электростанция. Атомдук бомба. Жасашып атомдук куралды, Желдетке айлантты кенди да (Байзаков).
АТОМ КУБАТЫ БОЮНЧА ЭЛАРАЛЫК АГЕНТТИК (АКЭА) – 1955-жылы негизделген, БУУ менен макулдашуунун негизинде БУУнун жалпы тутумуна кирген (1956-ж.) өкмөттөр аралык уюм болуп эсептелет. АКЭАнун ыйгарым укуктары: дүйнөдө атом кубатынын жарандык максатта колдонулушун изилдөөнү, өнүктүрүүнү, иш жүзүндө пайдаланууну жактыруу жана колдоо; өз мүчөлөрүнүн каалоосу боюнча өзара кызмат-ташуусу менен материалдык жабдылуусуна ортомчулук кылуу; атом кубатынын тынчтык максатында колдонулуусун өнүктүрүү максатында материалдар, жабдуулар, кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу; атом кубатын тынчтык максатында пайдалануу чөйрөсүндөгү илимий-техникалык маалыматтардын алмашуусуна колдоо көрсөтүү; ядролук материалдардын согуш максатында колдонулушуна бөгөт коюу; бул маселелер боюнча жоопкер болгон БУУ тутумунда турган органдар жана институттар менен бирдикте саламаттык сактоо жана коопсуздук тармагынын ченемдерин аныктоо.
~, ая, -ое атом-го т.; атомдук; атомный вес атомдук салмак; атомное ядро атомдук ядро, атом ядросу; атомные силы атомдук күчтөр; атомная энергия атомдук энергия; атомная бомба атомдук бомба, атом бомбасы; атомное оружие атомдук курал; атомный двигатель атомдук кыймылдаткыч, атом кыймылдаткычы (атомдун күчү менен аракетке келүүчү кыймылдаткыч).
Атооч жөндөмөсү заттарды атап гана көрсөтөт. Ал бардык заттарды таандык эмес түрүндө да, тигил же бул жакка, же затка таандык түрүндө да атай берет. Бардык зат атооч сөздөрдүн баштапкы формасы алардын атооч жөндөмөсүндө турган турпаты менен көрсөтүлөт. Азыркы кыргыз тилиндеги атооч жөндөмөсүндө төмөндөгүдөй грамматикалык маанилер болот.
АТ-ӨТКӨӨЛ — топоним. Сейтек Жети-Өзөндө аң уулап жүрүп «Ат-Өткөөлдүн жапыздан» (Курама варианты, «Сейтек», 64) Карадөөгө жолугат. Географиялык реалия катары Орто Азия менен Казакстандын топонимдеринде кезигет.
1. (чаще в эпосе) весь, всё; атпай кыргыз баласы все киргизы, весь киргизский народ; атпай журтум весь мой народ; атпай журтум баары айтат стих. говорит весь мой народ; атабыз - артык шер Манас, калкыбыз - атпай көп кыргыз фольк. наш отец - превосходный лев Манас, наш народ - все многочисленные киргизы; атпай калмак все калмыки; 2. (в эпосе) атпай (название киргизского племени); Талас өңдүү жер барбы? атпай өңдү эл барбы? фольк. разве есть (ещё где-нибудь) место, подобное Таласу? разве есть племя, подобное атпаю?
Бүткүл, бардык, жалпы эл, кол. Атпай каапыр чогулуп («Манас» С. О.). Мажилиске жыйылган, Атпай кыргыз балдары («Манас» С. О.). Атпай кыргыз көп тууган, Эл сеники, Семетей! («Семетей»). Атпай журттун ичинде, Ардактуу катын көп экен (Тоголок Молдо).
attribute (noun)
For files, information that indicates whether a file is read-only, hidden, ready for archiving (backing up), compressed, or encrypted, and whether the file contents should be indexed for fast file searching.
м. 1. филос. атрибут (предметтин же кубулуштун ажыратылгыс касиети); 2. атрибут (бирөөнүн, бир нерсенин айырмалуу белгиси; бирөөгө, бир нерсеге таандык); 3. грам. атрибут, айкындооч.
1. филос. Предметтин же кубулуштун кокусунан пайда боло калган же өтмө абалына карама-каршы келүүчү өтө зарыл болгон, маанилүү жана ажырагыс касиети, мүнөздүү белгиси. Кыймыл – материянын атрибуту. 2. грамм. Айкындооч.
биол. мед. Органдын же ткандын клеткаларынын азыктанышы бузулушунан же көпкө чейин кыймылсыз болушунан улам алардын шал же сенек болуп калышы же кичирейип кетиши.
атта- I шагать, перешагивать; прыгать, перепрыгивать; аттап өттү он перепрыгнул; ашы бар аяктан аттаба погов. не перепрыгивай через чашку с пищей (не пренебрегай - пригодится); алтымышты аттаган абышка старик в возрасте за шестьдесят; башты атта- или баштан атта- 1) перепрыгнуть через голову (поверженного противника); басып алмай бар деген, баш аттамак жок деген фольк. (в условии борьбы) было сказано, что (побеждённого) притиснуть можно, но через голову прыгать нельзя; бул эмне кылганы? баатыр Жолой канымдын башынан аттап турганы! фольк. что же это он делает? он перепрыгивает через голову хана моего, богатыря Джолоя!; 2) перен. унизить, опозорить; башымды аттабасын... чтоб он меня не опозорил, не унизил; тузуна кара санап, башынан аттап башкага тийип кетти заплатив ему неблагодарностью, опозорив его, вышла за другого; аттап-буттап легко, без затруднений (перепрыгнуть, перейти); ок аттаган катын этн. целомудренная женщина (см.аттат-). атта- II аттап-тондоп см.тондо-.
«Бир нерседен секирип өтүү» маанисин берген бул сөз алгачкы ат+та дегенден келип чыгат. Мындагы ат уңгусу — азыркы «кадам» маанисиндеги сөз (Севортян, 1974, 322). Ага этиш жасоочу -ла мүчөсү жалганганда атта этиши келип чыгып, ал «кадамдоо» дегенге жакын маани берген. Кийин ал жалаң «секирип өтүү» маанисин билдирип, алгачкы маанисинен алыстап кеткен.
Эки ат менен, эки атты алмак-салмак минүү. Мени кош аттап докторго алып келишет (Жантөшев). Кош аттап куусаң карганда, Балам, колуңа тийбейт жаш чагың (Токтогул).
место или препятствие, через которое нужно прыгать (напр. узкое место речки); силер аттаган аттамактан мен деле аттайм там, где вы перепрыгивали, я тоже прыгну; аттамактан жаздым аттап алып, сууга агып кетти он сделал неловкий прыжок, и его унесло водой.
адаб. Биринчи сап менен үчүнчү, экинчи сап менен төртүнчү сап үндөштүктү түзгөн уйкаштык. Тирүүлөй кеткичекти жоо колуна, Ажалдын ачуу тузун таткан жакшы. Душмандын чыдагыча кордугуна, Мекендин турпагында жаткан жакшы! (Үмөталиев).
1. садиться верхом на лошадь; 2. выступать в поход; отправляться в путь; 3. перен. вознамериться; принять решение; жөн эле түшүп аттанат для него пара пустяков; он это в два счёта сделает; аттан! на коней! (предупреждение о приближении опасности); дүйнөдөн аттан- покинуть этот свет (умереть).
1. Атка минүү. Кырк жигитке сыр бербей, Эр Курманбек аттанды («Курманбек»). Кулсар аттанган жатып, чоң жолдун боюна токтогон машинаны көрдү («Кыргызстан аялдары»). 2. Бир жакка карай жөнөө, жолго чыгуу, жолго камынуу. Айткын Салык, балдар үйүңөн качан аттанды эле? (Каимов). Уландар казатка аттанышты (Сыдыкбеков). 3. Кандайдыр бир ишке бет алып чыгуу, көздөгөн максатка жетүүгө, аткарууга киришүү. Зулум кулактар менен салгылашууга аялдар да биз менен бирге аттанышты (Бектенов).
Жол тартарда, жолго чыгарда же кетип баратканда берилүүчү ичкилик, суусундук же башка тамак. Аттанар аякты эртең силерге, жакын досторума беремин («Ала-Тоо»).
этн. Жол тартарда, жолго чыгарда же кетип баратканда берилүүчү ичкилик, суусундук же башка тамак. Аттанар аякты эртең силерге, жакын досторума беремин («Ала-Тоо»).
понуд. отаттан- 1. сажать или подсаживать на коня; конокту аттандыр подсади гостя на лошадь, помоги гостю сесть на лошадь; аттандырып, колтуктап көтөрүп өзу мингизип фольк. взяв под мышку и приподняв, сам посадил на коня; 2. снаряжать в путь, в поход; кыз аттандыр- отправлять невесту в дом жениха.
понуд. отаттан-, то же, чтоаттандыр-; калың кара кошунун, аттантып алды жабылтып фольк. несметное войско своё он снарядил и двинул массой; аттантты биздин айыл он беш жигит, ичинде боз ала баш эң жашы - мен стих. наш аул снарядил пятнадцать джигитов, среди них самый молодой и зелёный я; Айсулуу кушун алып берип, өзүн аттантып жиберди Айсулу подала ему ловчую птицу и подсадила на коня.
Иштин жөнүн жакшы билүү, колунан келүү, аткара алуу, мыкты адистигин көрсөтүү. Мен сизге айтпадым беле, Тооке, андай ишке мен аттанып түшөмүн, профессионалмын деп (Кыдырмышев). Өңгөсүн билбейм, малдын оорусуна аттанып түшөт (Байтемиров). Бирок сынган тетикти дал өзүндөй жөндөшкө аттанып түштү (Ашымбаев).
Иштин жөнүн жакшы билүү, колунан келүү, аткара алуу, мыкты адистигин көрсөтүү. Мен сизге айтпадым беле, Тооке, андай ишке мен аттанып түшөмүн, профессионалмын деп (Кыдырмышев). Өңгөсүн билбейм, малдын оорусуна аттанып түшөт (Байтемиров). Бирок сынган тектикти дал өзүндөй жөндөшкө аттанып түштү (Ашымбаев).
АТ ТАПТОО — күлүктөрдү табына келтирүү ыкмасы. Ат чабышка кыргыздар туш келген эле аттарды кошо берген эмес. Күлүктү атайы бир жыл, алты ай, же үч ай байлап тапка келтирген. Байланган күлүккө жем-чөбү, суусу гана эмес аны маал-маалы менен бастырып, чаптырып туруунун өзү да белгилүү өлчөмдө так ыргак менен тартипке салынган. Учуру келгенде улам аттын терин алып (жылма терин, кара терин, анан акыр аягында ачуу терин алат) жүрүп олтуруп чоң байгеге таптаган. Ачуу тери таза алынбаган күлүктү алыс аралыкка чапканда ал буулугуп өлүп калышы мүмкүн. Кыргыз элинде даңазалуу чоң байгеге атайы тапталган күлүк аттарга чөпкө кошо тууралган козунун этин, кээде жыланды да жедиргендиги айтылат. «Манаста» мындай маалыматтар түздөн-түз айтылбайт, бирок алыс аралыктарга талбай чуркаган, узак салгылаштарда арыбай жүргөн күлүктөрдүн А. т-нун катаал ыргак тартибин сактап тапка келтиргендигинен кабар берет. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Көкөтөйдүн ашында чабылып биринчи келген Аккуланын тапталышы мындайча сүрөттөлөт:
Баатырдын аты Аккула,
Кабыргасы как Кула,
Каса тулпар Аккула
Этине келип ээлигип,
Эликтей башын көтөрүп,
Баскысы келип жээлигип,
Жарым күндүк эти бар,
Жаңыдан тердеткенинде
Жайына келип алыптыр,
Жаадай болгон чоң Кула ат
Табына жетип калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 3. 151).
«Семетей» эпосундагы «Каныкейдин Тайторуну чапканы» эпизодунда:
Оргуй-оргуй чуратып
Ачуу терин алды эми...
Анык кайып буудандын
Оозу менен алышып.
Эңкейиштеп жүгүрсө,
Эликтей колу сайылып.
Өр таяна бергенде
Жал куйругу жайылып,
Табына келген Тайтору (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1.79).
Букарда тарбияланган Семетейди кан көтөргөн тойдо төлгөгө чабылып, чыгып келет.
М. Мукасов
Check Names (proper noun)
A button on the message toolbar that compares the names in the To, Cc, and Bcc boxes against the names in the Address Book and against those contact folders that you've specified as Outlook Address Books.
понуд. отатта- I заставить шагать, прыгать, перепрыгивать; аттатып оку- читать с пропусками, перескакивая с одного места на другое; катынга ок аттат- этн. заставить (целомудренную) женщину прыгать через раненого (от этого, по поверью, пуля выпадает из раны); алып келгин Чүрөктү, ок аттатып калалык, аттаган огу түшпөсө, Чурөктү мууздап салалык фольк. приведи сюда Чурек, велим ей перепрыгнуть (через раненого); если пуля не выпадет, мы её зарежем (значит, она не целомудренна); кылычтын мизин аттат- этн. заставить (мальчика) перепрыгнуть через меч, обращённый остриём вверх (это якобы передаст мальчику качества меча); убалым аттатпасын! чтоб мои (нанесённые мне) обиды шагу не дали ступить!
м.нескл.дип. атташе (бир иш жагынан специалист катарында дипломаттык өкүлдүккө жиберилген официалдык адам); военный атташе согуштук атташе; торговый атташе соода атташеси.
АТТАШЕ (фр. attache , сөзмөсөз – бирөөгө бекитилген) – 1) дипломатиялык кичи кызмат орундарынын бири. КР ж. б. биркатар мамлекеттердеги дипломатиялык кичи даража; 2) кайсы бир тармак боюнча адис катарында дипломатиялык өкүлчүлүккө кирген ырасмий адам (м.: аскер А-си, басмасөз-атташе).
АТТАШЕ (фр. attache , сөзмөсөз – бирөөгө бекитилген) – 1) дипломатиялык кичи кызмат орундарынын бири. КР ж. б. биркатар мамлекеттердеги дипломатиялык кичи даража; 2) кайсы бир тармак боюнча адис катарында дипломатиялык өкүлчүлүккө кирген ырасмий адам (м.: аскер А-си, басмасөз-атташе).
1. Дипломатиялык кенже даража. 2. Элчиликтеги жана миссиялардагы дипломатиялык курамдын кызмат адамы. Кандайдыр бир башка (дипломатиялык эмес) мекеменин атайын тармак боюнча катарында элчиликтерге же миссияларга жиберилген өкүлү. Аскердик атташе. Соода атташеси. Пресс – атташе.
Арадан анчалык убакыт өткөрбөй, тез-тез, тынымсыз, дайыма. Ошонун шарапатынан Кашгары ат тезегин кургатпай апта сайын келмейи парз (Бейшеналиев). Ат тезегин кургатпай Кейитип сени ыйлатпай Келип турам бу жайга («Олжобай менен Кишимжан»). Борборго ат тезегин кургатпай чакырыласыз (Бейшеналиев).
Арадан анчалык убакыт өткөрбөй, тез-тез, тынымсыз, дайыма. Ошонун шарапатынан Кашгары ат тезегин кургатпай ай сайын келмейи парз (Бейшеналиев). Ат тезегин кургатпай Кейитип сени ыйлатпай Келип турам бу жайга («Олжобай менен Кишимжан»). Борборго ат тезегин кургатпай чакырыласыз (Бейшеналиев). Ат тезегин кургатпай каттаган куда-кудагыйлар быйыл келгенди коюшту («Чалкан»). Ат тезегин кургатпай эле эки күндүн биринде чапкылап келип турат («Чалкан»).
этн. Күйөөсүнүн туугандарын (кайын агасынын, кайын инисинин ж.б.) атын тергеген аялдар ошолорго аты уйкаш адамдарды атоодо ысым катары колдонулуучу сөз. Мен муну аттескеринин катынына тиктирип келейин (Сыдыкбеков).
зат.1. Окуу жайын бүтүргөндүк, илимий же атайын наам берилип жөнүндөгү күбөлүк. Жетилүү аттестаты. Профессордун аттестаты. 2. Аскер кызматкерине ага тиешелүү бардык нерселерди алууга укуктуулугун күбөлөгөн документ.
м. 1. аттестат (окуу жайын бүтүргөндүк жөнүндө күбөлүк кат); аттестат зрелости жетилүү аттестаты; 2. воен. аттестат (согуштук кызматкерге командировка убагында жана өзүнүн бөлүгүнөн башка жерде болгондо акча, азык-оокат, кийим жана башка нерсемрди алууга, жана да офицерлердин үй-бүлөсү ага тийиштүү акчаны алууга укук бере турган документ); получать по аттестату аттестат боюнча алуу.
АТТЕСТАТ (лат. attestor – күбөлөндүрөм) – 1) окуу жайын бүткөндүгү жөнүндө документ (м.: жалпы билим берүүчү орто мектепти бүткөндүгү жөнүндө); 2) аскер кызматындагы адамга кызмат которгондо, ишсапарына чыкканда, аргандай керектөө түрлөрүн канаттандырууда, ошондой эле анын бир бөлүгүн үйбүлө мүчөсү алган учурда берилүүчү документ.
АТТЕСТАТ (лат. attestor – күбөлөндүрөм) – 1) окуу жайын бүткөндүгү жөнүндө документ (м.: жалпы билим берүүчү орто мектепти бүткөндүгү жөнүндө); 2) аскер кызматындагы адамга кызмат которгондо, ишсапарына чыкканда, аргандай керектөө түрлөрүн канаттандырууда, ошондой эле анын бир бөлүгүн үйбүлө мүчөсү алган учурда берилүүчү документ.
1. Окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө берилүүчү официалдуу документ. Окумуштууга атайын илимий наам берилгендиги жөнүндө күбөлүк. Профессордун аттестаты. Ага илимий кызматкердин аттестаты. 2. Аскер кызматкеринин ар кандай тийиштүү нерселерди алууга укугу бар экендигин же анын үй-бүлөсүнүн айлык акчасынан алып турууга укуктуулугун көрсөткөн атайын документ. 3. Малдын асыл тукумдуулугун күбөлөндүргөн документ.
АТТЕСТАЦИЯ (лат. attestatio – күбөлөндүрмө) – кызматчылардын адистик деңгээлин, продукциялардын сапатын, иш ордун, окуучулардын билим деңгээлин аныктоо; пикир, мүнөздөмө.
АТТЕСТАЦИЯ (лат. attestatio – күбөлөндүрмө) – кызматчылардын адистик деңгээлин, продукциялардын сапатын, иш ордун, окуучулардын билим деңгээлин аныктоо; пикир, мүнөздөмө.
Өкүнгөндө, катуу кайгырганда айтылчу сөз. Эгерде Алыкул алтымышынчы жылга чейин жашаганда, адабиятты он эсе байытат беле, аттиң!? (Турсунов). Аттиң ай, кара, тагдырдын тайкы тардыгын, Акчага саткан ыйманды, ырды, бардыгын (Мамеев).
Мык суургуч темир аспап. Кол өнөрчүлүккө керектүү аспаптар: чоткерки, орок, бүлөө, өгөө, кайрак, аттиш, кычкач, балка, барскан шыкалган көмүркөйү болор эле (Турсунов).
1. Цирктин же эстраданын программасындагы адамды таң калтыруучу, кызыктыруучу ар кандай номерлер. 2. Көпчүлүк көңүл ачуучу жердеги оюн-шоок өткөрүүчү жайлар, селкинчек, тир, карусель ж.б.
аттуу I, атты именуемый, называемый; Манас аттуу баатыр богатырь по имени Манас; эркек аттуулар все, кто зовётся мужчиной; все мужчины; жаман атты осрамлённый, снискавший дурную славу; жаман бир атты болгондур, "Көк-Тулпар" аты жоголуп, "Көк-Чолок" атка конгондур фольк. он осрамился, его имя "Серый Скакун" исчезло, и он стал именоваться "Серым Хромым"; аттуу-баштуулар или аттуу-баштуу адамдар или аттуу-баштуу кишилер уст. знать, верхушка общества (в старом быту); андай аттуу күн кайда! когда же дождёшься такого счастливого дня! аттуу II 1. лошадный, имеющий лошадь, коня; жалгыз аттуу однолошадный; 2. конный, верховой, всадник; аттуу-жөө или аттуу-жөөлүү (неправ. вместо атты-жөө или атты-жөөлү) конные и пешие; алар менен аралаш, аттуу-жөөлүү болуп, биз дагы жөнөдүк смешавшись с ними, мы тоже тронулись кто верхом, кто пешком; аттуу-жөө болушуп, арттан самсып ээрчип алышкан они плелись сзади, кто верхом, кто пешком.
сын. Бирдеме деп аталгандыкты, белгилүү бир атта болгондукту билдирүү үчүн колдонулат. Каныбек аттуу бейтааныш баланын ким экенин ким айтат (Жантөшев). Айланып, Каркыра аттуу жерге келдим (Осмонов).
♦ Аттуу-баштуукишилер — белгилүү, атактуу, эс-акылдуу кишилер. Жаман аттуу —жаманатты менен бирдей.
АТТУУIIсын.1. Аты бар. Жалгыз аттуу жарышчаак, жаман тондуу күрөшчөөк (макал).
2. Ат минген, атчан. Көп узабай аттуулардын табышы кулактарына даана угулду (Жантөшев).
♦ Аттуу-жөөлүү — атчан да, жөө да; атчандары да, жөөлөрү да бар. [Армияга баруучуларды].. узатып келген ага-туугандары, эне-аталары аттуу-жөөлүү болуп.. чар тарапка тарап кетипжатты (Байтемиров).
Аты бар. Жалгыз аттуу жарышчаак, жаман тондуу күрөшчөөк (макал). Атка минген, атчан. Көп узабай, аттуулардын дабышы кулактарына даана угулду (Жантөшев).
Бирдеме деп аталгандык ты, белгилүү бир атта болгондукту билдирүү үчүн колдонулат. Чаргын Итике дегендин Чолпон аттуу кызын алган (Сыдыкбеков). Арадан күндөр бат-бат алмашылып, Айланып Каркыра аттуу жерге келдим (Осмонов).
Так, даана, айкын-ачык. Биздин милдет – кимдин эмнеге көбүрөөк кызыгарын, анын жөндөмдүүлүгүн аттын кашкасындай даана билип, ага туура багыт берүү. Анын сыры аттын кашкасындай шаңкайып турат (Борбиев). Зор эмгек сиңирип, жумурай-журтка аттын кашкасындай таанылган.
Дапдаана, ачык,өтө таанымал, таасын. Анын сыры аттын кашкасындай шаңкайып турат (Борбиев). Зор эмгек сиңирип, жумурай-журтка аттын кашкасынд ай таанылган («Советтик Кыргызстан»).
Ат үстүндө абдан шамдагай, эркин жүрүү. Кыргыз элинин жигиттери болсо, аттын кулагы менен тең ойноп шамдагай шайыр өскөн («Советтик Кыргызстан»). Аттын кулагы менен тең ойноор элек, азыркы балдар негедир бошоң (Абдыраманов). Жалий Турсундун кыз кезинен аттын кулагы менен тең ойноп чыйрак өскөнүн сезе аргасыз кымылдады (Бейшеналиев).
Ат үстүндө абдан шамдагай, эркин жүрүү, атка мыкты жүрүү. Кыргыз элинин жигиттери болсо, аттын кулагы менен тең ойноп, шамдагай, шайыр өскөн («Советтик Кыргызстан»). Аттын кулагы менен тең ойноор элек, азыркы балдар негедир бошоң (Абдыраманов). Жалий Турсундун кыз кезинен аттын кулагы менен тең ойноп чыйрак өскөнүн сезе аргасыз кытылдады (Бейшеналиев).
понуд. отат- III; мен күчтүү болсом, мергенге аттырат белем? - деди карышкыр (из сказки) если бы я был силён, разве позволил бы охотнику стрелять в меня? - сказал волк; таң аттыр- см.таң I; насыбай аттыр- см.насыбай.
АТУУ – өлүм жазасын орундоонун кеңири таралган ыкмаларынын бири. Совет мезгилинде жазалоо катары да, соттон тышкаркы зомбулук ыкмасы катары да колдонулган (30-жылдары – 50-жылдардын башы).
Ал гана эмес маанисинде. Ойду тактап күчөтүүдө, ырастоодо колдонулат. Актанып бир сөз айтууга дити барбай, атүгүл өөдө кароого жарай албай көзүнө жер көчүп, башы айланып сыртка чыкты (Турсунов). Дооронбектин тоюна жазып-тайып, атүгүл айласыз барып калганы («Агым»).
Анчалык көңүл бөлбөй, эптеп-септеп, иши кылып, үстүртөн, кайдыгер гана. Деги түрүнө караганда ат үстүнөн иштеп жүргөн жигит көрүнөт («Кыргызстан маданияты»). Мындай учурда алар тек гана кабыл алууга түшкөн арызды ат үстүнөн карашат. Бардыгына ат үстүнөн мамиле жасай баштадым (Бердикеев). Ат үстүнөн иштей салма оңой-олтоң, баасы жок жумуш деп ойлобо («Чалкан»).
Анчалык көңүл бөлбөй, эптеп-септеп, иши кылып, үстүртөн, кайдыгер гана. Деги түрүнө караганда ат үстүнөн иштеп жүргөн жигит көрүнөт («Кыргызстан маданияты»). Мындай учурда алар тек гана кабыл алууга түшкөн арызды ат үстүнөн карашат («Советтик Кыргызстан»). Бардыгына ат үстүнөн мамиле жасай баштадым (Бердикеев).
АТ ҮСТҮНӨН САЛАМДАШУУ — тең аталыкты, укугу, даражасы бирдейликти мүнөздөй турган жосун. Адатта эң жогорку даражалуу адамга (канга) көз каранды адамдар алыстан атынан түшүп, жөө келип салам айткан, ат үстүнөн саламды зоболосу бирдейлер гана айталган. Көкөтөйдүн ашында Кошой баш болгон кыргыз кандары Манаска баш ийгендеринин белгиси катары жөө келип салам берет. Чоң казаттын астында Манаска каршы аттанган кыргыз кандары аны көргөндө коркуп аттарынан түшүп келип салам айтышат. Жалгыз гана Төштүк Манаска баркы бар зобололуу баатыр катары ат үстүнөн салам айтат.
Ат чабылчу жердей аралык (алыстыкты билдирүүдө колдонулат). Айылдан узап бай Жакып, Ат чабым жерге барыптыр («Манас»). Алар бизди ат чабым жердеги Бишкек эмес, алыскы Мекеге узатчу кишидей камданып жатышкан экен (Эшмамбетов). Ат чабым жерден дүңгүрөгөн жашыл токойду айлана суу жээктей сугатчыларды кезиктирүүгө болот (Бейшеналиев).
25–30 чакырым келген кыргыздын эски аралык өлчөмү. Мында күлүк аттардын алыс аралыкка чабылышы эске алынган. Аяк – башы ат чабым. («Манас» С. О.). Айылдан узап бай Жакып, Ат чабым жерге барыптыр («Манас»). Алар бизди ат чабым жердеги Бишкек эмес, алыскы Мекеге узатчу кишидей камданып жатышкан экен (Эшмамбетов). Ат чабым жерден дүңгүрөгөн жашыл токойду айлана суу жээктей сугатчыларды кезиктирүүгө болот (Бейшеналиев).
АТ ЧАБЫШ (байге) — эпосто кеңири жолуккан кыргыз элинин улуттук салт оюндарынын бири. Байыркы замандардан бери кыргыз эли өз өмүрүнүн ар кандай кубанычтуу учурун улуттук салт оюн-зооктор, көңүл ачуулар менен өткөрүп келген. Мунун өзү «Манаста» кан көтөрүү, кан түшүш, кан тартуу өңдүү салттык үрп-адаттарды, аш-тойлорду дайыма элдик оюндар, көңүл ачуулар коштоп жүргөндүгү менен далилденет. А. ч. байыртадан белгилүү болгон. Ал баатырдык үйлөнүү салтына, башкача айтканда кызга үйлөнүүчү баатырга коюлган ар түрдүү шарттардагы сыноо талаптарга байланыштуу чыгышы мүмкүн. Баатырдык эпостордо чагылдырылган баатырдык үйлөнүү салтында кызга үйлөнүп бүлө куруучу талапкерлер үчүн атайын мелдештер уюштурулган жана кимиси мөрөй алса ошол үйлөнүүгө тийиш болгон. Талапкерлердин өнөрүн сыноодо көбүнчө үч мелдеш: ат чабуу, бута атуу, күрөш мүнөздүү болуп эсептелген. Мына ошол А. ч. мелдешннин (байгенин) кыргыздарда бир канча түрлөрү болгон: аламан байге, чоң байге, кара жарыш, көр байге, мүрзө байге, кемеге байге. Булардын ар биринин өзүнө гана тиешелүү озуйпасы бар. Аламан байгеде аттар орто аралыктарга чабылып, күлүктөрдүн жаш өзгөчөлүктөрүнө чек коюлбайт. Чоң байгеде болсо (муну кыргыздар конолуу байге, коно ат чабыш, түнөтөр байге деп да атайт) өтө алыс аралыкка байге сайылат. Буга ашкан күлүк аттар гана катыша алат. Кара жарышта аттар жакын аралыкка чуркап, байге сайылбайт. Бул чоң байгенин алдында өткөрүлүп, аттарды сыноо, туяк-баштарын байкоо сыяктуу гана милдет аткарат. Көр байге өлгөндүн урматына өткөрүлгөн. Кара ашта чабылчу А. ч-тын бул түрү маркумду жайына койгон учурда чабылып, байгесине анын урунган айрым буюмдары, дүнүйөсү сайылган. Эпосто бул көркана (Сагымбай Орозбаков, 3. 43) деген ат менен учурап, Көкөтөйдү койгондо анын сансыз малынын байгеге сайылганы сүрөттөлөт. Мүрзө байге болсо кырк ашта чабылат. Ашка даярдык көрүп аш өткөрөр жерге кемеге казганда кемеге байге чабылган. Көкөтөйдүн ашында өткөрүлгөн А. ч. — байгенин дал мына ушул коно А. ч. деген түрү. Эпосто «Атты айдатып ийгени, Атпай журттун баарысы Ашты көздөй киргени» (Сагымбай Орозбаков, 3. 160) баяндалып, А. ч-ка кошулган аттар чаап келгенче элдик оюндардын башка түрлөрү өткөрүлгөн, ошондой эле чапкан аттардын байгеси, күлүктөрдүн марага келиши өзүнчө сүрөттөлгөн (Сагымбай Орозбаков, 3. 258—273). Манасчылар чабылчу күлүктөрдүн тапталышына, аттарды чубатуудан өткөрүп сыноого, ат сүрөөгө кеңири токтолушат: А. ч-ка Манастын Аккуласы жана Жолойдун Ачбууданын кошуп эсептегенде миң тулпар чабылат. Аккуласыз Манасты эр сайышта аларына ишенген Коңурбайдын арам ою оңунан чыкпай жеңилет. Бул гана эмес чоң байге сайылган тулпарлардын жарышында Манастын Аккуласынын биринчи болуп (экинчи Төштүктүн Чалкуйругу, үчүнчү Жолойдун Ачбууданы) марага келиши Коңурбай, Жолой баш болгон кытай, калмак колбашчы баатырларынын намысына тиет. А. ч-та алдыга чыгып келаткан Жолойдун Ачбууданын кыргыздар атайылап жыкты деген шылтоо менен кытай, калмактар жаңжал чыгарып байгени талап алат. Байгеден чыккан жаңжал «Манас» эпосунун көпчүлүк варианттарына мүнөздүү. Анткени:
Баш байгеге сайганы,
Сексен миң жылкы, миң атан,
Жана жүз миң кой болду,
Тогуз миң толук уй болду,
Эсебин малдын ала албай
Эл жакшысы буй болду.
Жабыкбашы кундуздан
Жана токсон үй болду,
Үй башына карасаң
Бирден эркек ээси бар,
Экиден шайдоот күң болду (Сагымбай Орозбаков, 3.146).
Эпостогу Көкөтөйдүн ашында чоң байгеге сайылган бул баш байге айтып тургандай чыгып келген күлүктүн ээси мына ушунча мал-мүлк жана кул, күңдүү болот. Мунун өзү ошол салттык мелдештин да, ошондой оюнзооктору мол сүрөттөлгөн «Манастын» өзүнүн да байыркылыгынан кабар берет. Байгеге минтип кишинин кошо сайылышы эпосто Манаска Алмамбеттин келишиндеги кан тартышта да элестүү сүрөттөлгөн.
Жыйырма чоро жаштардан
Байге боло калбаспы.
Атты чапкан өзүбүз,
Макул болсо сөзүбүз,
Башканын аты алабы?!...
Адамды байге сайды деп
Алмамбеттин көңүлүн
Бир көтөрүп салалы! (Сагымбай Орозбаков, 3.325).
Чапкан күлүгү менен кошо эрктүү түрдө өз башын да байгеге сайганы чоролордун Алмамбетке чоң урмат көрсөтүшкөнүн, анын кан тукуму экенин сыйлагандыктарын жана өмүр бою ага чоролук кызмат кылууга өзүлөрүнүн даяр экендиктерин көрсөтүп турат. Бул жерде эзелтен сөөк урматтап, адилет башчы күтүүнү эңсеп келген элдин нукура акыл-эс, ой-пикири чагылдырылган.
Манастын Каныкейге үйлөнгөн тоюндагы жар тандоо салтында чабылган А. ч. байгенин өзгөчө түрү (Сагымбай Орозбаков, 2. 421—427) катарында сүрөттөлөт. Манасчы Саякбай Карала уулу өзгөчө берилүү, зор эргүү менен айткан «Каныкейдин Тайторуну чабышы» эпизоду «Семетей» эпосунда өзүнчө бөлүмдү түзөт. Анда Букарда тарбияланган Семетей он экиге толгондо таятасы Темиркан аны кан көтөрүп той берет. Тойдо өткөрүлгөн А. ч-та Каныкейдин Семетейдин келечегин билиш үчүн, алтымыш асый Тайторуну чабышы, анын чыгып келиши жогорку көркөмдүктө эмоциялуу баяндалат. Коомдун өнүккөн кийинки баскычында байыркы мезгилдердеги баатырдык үйлөнүүдөгү салттык мелдештер коомдун социалдык абалы өзгөргөнүнө байланыштуу өзүнүн алгачкы функциясын жоготот да, ар кандай жыйындарда (түшүм майрамдарында, өкмөттүк салтанаттарда) гана өткөрүлүүчү улуттук салттык оюндарга айланат. Мисалы, кыргыздарда кыз куумай, балбан күрөш, эр эңиш, улак тартыш, ат чабыш жана башкалар оюндар ушул кезге чейин улуттук-салттык оюн катарында сакталып келе жатат.
И. Абдувалиев
Ат минген, ат үстүндө келаткан. Салт атчан. Баракелде техниканын күчүнө! – деп кырда турган атчан кыргыз кыйкырып жиберди (Сасыкбаев). Бая колхоздун конторунан келатса, Акунжан атчан жолунан чыккан (Байтемиров).
name (noun)
A meaningful shorthand that makes it easier to understand the purpose of a cell reference, constant, formula, or table, each of which may be difficult to comprehend at first glance.
этиш.1. Аталып калуу, атка конуу. Апаңды тартсаң, жез таңдай атыгасың (Аалы). «Кашаң Татыбек» деп эл оозунда атыгып жүргөнү да кокусунан эмес (Байтемиров).
2. Аты чыгуу, белгилүү болуу, аты белгилүү болуу. Атыккан ырчы. Атыккан балбан.
называться, прозываться; получать прозвание, прозвище; канга тоюп катыккан, жана өзү кабылан Бакай атыккан фольк. насытившись кровью, он окреп и получил прозвание леопард Бакай; карап тургун ошондо, кабылан Манас атыгат фольк. вот посмотри тогда, он назовётся леопардом Манасом.
1. Аталып кетүү, атка конуу. «Кашаң Татыбек» деп эл оозунда атыгып жүргөнү да кокусунан эмес (Байтемиров). Эл бүлдүрүп, журт кырып, Канды кечип катыккан, Калың элдин баарына Кан ичер болуп атыккан («Сейтек»). 2. Аты чыгуу, даңкка ээ болуу, белгилүү болуу. Атыккан мерген. Атыккан балбан. Тигил совхоз жүзүм менен атыккан (Токомбаев).
понуд. отатык- называть; менин атым Керим эле, бирок... эл "Чоң Койчу" атыктырып жиберишти моё имя было Керим, но люди меня прозвали "Главным пастухом овец".
возвр.-страд. отат- III 1. быть брошенным; 2. быть выстреленным; мылтык атылды выстрелили из ружья; 3. быть застреленным; атылып өл- застрелиться; 4. вскочить; ордунан атылып (он) вскочив с места; Мырзаалы атылып туруп бийлей баштады Мырзаалы, вскочив, начал плясать; бала атылган бойдон чыгып кетти мальчик выскочил стремглав.
АТЫЛБАС КУРАЛ – адамдын булчуңунун күчүнүн жардамы аркылуу объект менен тикелей айкашта колдонулуучу же болбосо адамдын булчуң күчү же механикалык түзүлүштөр менен алыстан багыттталып-ыргытылуучу курал.
АТЫЛМА (ОК АТУУЧУ) КУРАЛ – бул дарынын же башка бир жарылуучу заттын оталуусунан улам жаралган газдын күчү аркылуу багыттуу кыймылга келүүчү атылып чыккан нерсе менен аралыктагы бутаны жок кылууга эсептелген курал-жарак.
1. щепотка; бир атым насыбай щепотка насвая (его обычно с левой ладони бросают под язык или за губу); 2. выстрел; жалгыз атым дары количество пороху на один заряд; бута атым см.бута II.
Насыбай атканда жана мылтык дүрмөттөгөндө колдонулуучу өлчөм, чен. Бир атым насыбай. Жалгыз атым дары. Тез атары дагы бар, Жүз атым дары батычу («Эл адабияты»).
Кимдир бирөөнүн атагын, наамын, даражасын пайдаланып, ал аркылуу кандайдыр бир максатка жетүүнүн аракетин жасоо, бирөөнүн кадыр-баркына жамынып, өз кызыкчылыгынын камын көрүү. Ай тийбес тоодо көлөкө, Атыңды сатпа бөлөккө (Токтогул). Ал менин атымды сатып жүрсө, өзү жооп берет деди (Байтемиров). Элиңдеги жакшыны «атам» деп атын сатпай айт (фольк.).
Бирөөнүн атын атаарда: «такыр унутуп калыптырмын, оюма түшпөй жатат» деген мааниде, же жек көрүү маанисинде айтылат. Кара тоголок милиционер ким эле, атың өчкүр ай, унутуп калыптырмын (Бердикеев).
Бирөөнүн атын эстен чакырганда: «такыр унутуп калыптырмын, оюма түшпөй жатат» деген мааниде же жек көрүү маанисинде айтылат. Кара тоголок милиционер ким эле, атың өчкүр ай, унутуп калыптырмын (Бердикеев).
Ал жөнүндө такыр сөз болбой калуу, унутулуп калуу. Дале болсо бирөөдөн бирөөлөргө айтылып, оозго алынып, аты өчпөсүн дешкен (Осмоналиев). Чала казакты чыга чаппасам, атым өчсүн! (Айтматов).
Өтө тездик менен ордунан ыргып туруу, отурган жеринен секирип козголуу. Ал оозгу үйгө башбагар замат Жамшит экөөбүз ордубуздан атып турдук (Жигитов). Калича атып туруп сыртка ашыкты (Абакиров). Аны көрө койгон Тоймат ордунан атып туруп, адатынча бир дар этип ага кучак жайды (Өмүрбаев). В.: Атып чыгуу. Дарбаза тарапта, уясында жаткан ит мени көрүп атып чыкты (Исмаилов). Коңгуроо кагылар саам класстан атып чыга жабыла чуркачубуз (Жусупов). Сыртка кантип атып чыкканымды билбейм (Мырзаев). Ал сыртты көздөй атып чыгып, ошол тейден топко кошулбаганын сезди (Ашымбаев).
Өтө тездик менен ордунан ыргып туруу, отурган жеринен секирип козголуу. Ал оозгу үйгө башбагар замат Жамшит экөөбүз ордубуздан атып турдук (Жигитов). Калича атып туруп сыртка ашыкты (Абакиров). Аны көрө койгон Тоймат ордунан атып туруп, адатынча бир дар этип ага кучак жайды (Өмүрбаев).
к. АТЫП ТУРУУ Дарбаза тарапта, уясында жаткан ит мени көрүп атып чыкты (Исмаилов). Конгуроо кагылар саам класстан атып чыга жабыла чуркачубуз (Жусупов). Сыртка кантип атып чыкканымды билбейм (Мырзаев). Ал сыртты көздөй атып чыгып, ошол тейден топко кошулбаганын сезди (Ашымбаев).
атыр I ар. благовония, духи; атыр жыттуу благовонный, ароматичный. атыр- II то же, чтоаттыр- (только в сочет. с таң); таң атырып бодрствуя до рассвета; проведя ночь без сна; мен, таңды атырбай, изимди жашырайын я скроюсь, не дожидаясь рассвета; күлкүлөр күндү батырып, тамаша таңды атырып фольк. в смехе проходило время до заката, в веселье - до рассвета.
1. (о лошади) скакать крупным карьером; 2. вскочить; ринуться; атырыла туруп, маңдайына турду вскочив, он встал против него; атырылып чыкты он выскочил (напр. из двери); он вылетел бомбой; 3. перен. наскакивать; набрасываться с бранью.
1. Катуу оргуштап чыгуу, оргуп агуу. Атырылган фонтан. Булактан атырылып чыккан көк кашка суулар топтолуп, чоң өзөндү жарат («Ала-Тоо»). 2. Алга карай катуу умтулуу, жулкунуу, окторулуп жөнөө, жүгүрүү. Шиберди жойкуп атырылган жыландар Динарга өтө коркунучтуу элес калтырды (Сыдыкбеков). Арышын керип тайгандар Атырылып жүгүргөн (Үмөталиев). 3. Өкүм сүйлөө, опурулуу, адыраңдап тумшугу менен бир тийүү. Сиз жөнү жок атырылбаңыз, айып кимде экенин угуңуз («Ала-Тоо»).
понуд. отатырыл-; жарманы атырылтып кайнатып жатты он так кипятил жарма (см.жарма I 3), что она брызгала; атырылтып ат минген бул кандай чал? что это за старик, который горячит своего коня?
атыш I и. д. отат- III стрельба; атыш жарышы соревнования по стрельбе; атыш кыл- или атыш сал- вести стрельбу; атыш-чабыш стрельба и сеча; атыш-чабыш ичинен араң чыккан жулушуп фольк. из стрельбы и сечи с трудом они выбрались, продираясь. атыш- II взаимн. отат- III совместно стрелять; состязаться в стрельбе; перестреливаться; үйрөнгөн жоо атышарга ийги (или жакшы) погов. с врагом изученным перестреливаться хорошо (напр. о споре представителей одной специальности, которые понимают друг друга).