АТ ҮСТҮНӨН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Анчалык көңүл бөлбөй, эптеп-септеп, иши кылып, үстүртөн, кайдыгер гана. Деги түрүнө караганда ат үстүнөн иштеп жүргөн жигит көрүнөт («Кыргызстан маданияты»). Мындай учурда алар тек гана кабыл алууга түшкөн арызды ат үстүнөн карашат. Бардыгына ат үстүнөн мамиле жасай баштадым (Бердикеев). Ат үстүнөн иштей салма оңой-олтоң, баасы жок жумуш деп ойлобо («Чалкан»).