АТАЛГЫ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБозо сүзүүдө колдонула турган аспап аталгы же аталга аталат. Иймекей жыгачтын ортосуна ашталган сапка кайыш ороп коюп, кайыштын эки учун жаа сыяктуу жыгачка байлап коёт. Жаа сыяктуу жыгачты ары-бери кыймылдатканда аталганын. учундагы иймекей жыгачы ары-бери чимирилип, бозонун тобу үстүнө калып, маңызы кездемеден өтүп кетишин камсыз кылат. Аталга сөзү жогорудагы атала сөзү сыяктуу эле атал+га деген бөлүктөрдөн туруп, «чалгы, чала турган аспап» дегенди билдирген сөз болуп чыгат.