Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Ич жаккы мизи жарым тегерек формада келген, көбүнчө ээр чабууда, аяк чабууда ж. б. колдонулуучу керки, аспап.
2. Бозо сүзүүдө колдонулуучу башына бир укумдай жыгач туурасынан ашталган таякча.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бозо сүзүүдө колдонула турган аспап аталгы же аталга аталат. Иймекей жыгачтын ортосуна ашталган сапка кайыш ороп коюп, кайыштын эки учун жаа сыяктуу жыгачка байлап коёт. Жаа сыяктуу жыгачты ары-бери кыймылдатканда аталганын. учундагы иймекей жыгачы ары-бери чимирилип, бозонун тобу үстүнө калып, маңызы кездемеден өтүп кетишин камсыз кылат. Аталга сөзү жогорудагы атала сөзү сыяктуу эле атал+га деген бөлүктөрдөн туруп, «чалгы, чала турган аспап» дегенди билдирген сөз болуп чыгат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ич жаккы мизи жарым тегерек формада болуп, көбүнчө ээр, аяк чабуу үчүн колдонулуучу керки. Колундагы аталгы ыргып кетип, тигинин бутуна тийди (Байтемиров). 2. Бозо сүзүүдө колдонулуучу жумуру саптуу, башына кичинекей туура жыгач ашталган курал.