АТЫП ТУРУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өтө тездик менен ордунан ыргып туруу, отурган жеринен секирип козголуу. Ал оозгу үйгө башбагар замат Жамшит экөөбүз ордубуздан атып турдук (Жигитов). Калича атып туруп сыртка ашыкты (Абакиров). Аны көрө койгон Тоймат ордунан атып туруп, адатынча бир дар этип ага кучак жайды (Өмүрбаев).