АТ ЖАЛЫН ТАРТУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Чоңоюп, эр жетүү, бойго жетүү. Жылматай ат жалын тарткандан кудайдын кудуретине сыйынууну калтыра элек (Осмоналиев). Эс тартып, ат жалын тарткандан бери кара жанын карч уруп, иштеп келе жатат (Саатов). Мен багам, кор кылбайм, - дейт ат жалын тартып элге аралашкан Үрбүлүм (Бейшеналиев).