АТ-БАШЫ — топоним. Нарын чөлкөмүнүн түштүгүндөгү чоң өрөөн. А.-Б. жердин, суунун, айрыкча сепилдин аты катары 9—10-кылымдан белгилүү. Ал «Улуу жибек жолунун» Ферганадан Кашкарга жана Ысык-Көлдүн тескейиндеги Барскан шаарына кеткен соода жолунун боюнда орношкон. Караханийлер, моңгол жана Моголстан доорунда А.-Б. өрөөнүндө көп тарыхый окуялар болуп өткөн. «Манас» эпосунда кыргыздардын эзелки мекени катары көп айтылат. Сейф ад-Дин Ахсикентинин «Мажму ат-таварих» аттуу эмгегинде да Манас баатыр менен калмактардын ортосундагы согуштарда А.-Б. көп жолу кездешет.
АТ-ӨТКӨӨЛ — топоним. Сейтек Жети-Өзөндө аң уулап жүрүп «Ат-Өткөөлдүн жапыздан» (Курама варианты, «Сейтек», 64) Карадөөгө жолугат. Географиялык реалия катары Орто Азия менен Казакстандын топонимдеринде кезигет.