Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Катуу оргуштап чыгуу, оргуп агуу. Атырылган фонтан. Булактан атырылып чыккан көк кашка суулар топтолуп, чоң өзөндү жарат («Ала-Тоо»). 2. Алга карай катуу умтулуу, жулкунуу, окторулуп жөнөө, жүгүрүү. Шиберди жойкуп атырылган жыландар Динарга өтө коркунучтуу элес калтырды (Сыдыкбеков). Арышын керип тайгандар Атырылып жүгүргөн (Үмөталиев). 3. Өкүм сүйлөө, опурулуу, адыраңдап тумшугу менен бир тийүү. Сиз жөнү жок атырылбаңыз, айып кимде экенин угуңуз («Ала-Тоо»).