Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жерди жана айрым планеталарды курчап турган газ сыяктуу катмар.
  1. 2.                  сүйл. Аба.
  2. 3.                  өт. Айланадагы шарт.
  3. 4.                  физ. Газдын басымын өлчөөдө колдонулуучу чоңдук, бирдик.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. атмосфера (жерди чулгап турган газсымал оболочка);
2. разг. (воздух) аба;
прошёл дождь и освежил атмосферу жаан жаап, аба сергип калды;
3. перен. атмосфера, айланадагы шарт, чөйрө;
товарищеская атмосфера жолдоштук чөйрө, жолдоштук атмосфера;
4. физ. атмосфера (газдын басышын өлчөөчү единица).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. астр. Жерди жана кээ бир башка планеталарды чулгап турган газ сымал катмар. 2. сүйл. Аба. 3. өт. Айланадагы, шарт, чөйрөнүн абалы. Ишке тоскоолдук кыла турган кыйын атмосфера түзүлбөсүн. 4. Газдын басымын өлчөөдө колдонулуучу бирдик.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТМОСФЕРАДАГЫ АБАДАН АТАЙЫН ПАЙДАЛАНУУ – КРде табигый мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун бир түрү, өндүрүштүк муктаждыктар үчүн атмосферадагы абаны пайдалануу. Кен-байлыктарды казып алуу жана аларды кайра иштетүү, жардыруу жумуштары, калдыктарды жайгаштыруу жана пайдалануу иш-аракеттери атмосферадагы абаны сактоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу менен бирдикте жүргүзүлүүгө тийиш жана бул чаралар айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылуусу керек. Эгер атмосферадагы абаны сактоо боюнча белгиленген талаптарга жооп бербесе жана көзөмөлдөөнүн техникалык каражаттары менен камсыздалбаса, ачылыштарды, ойлоп табууларды, ойлоп табуучулук сунуштарды, жаңы техникалык тутумдарды, заттарды жана материалдарды өздөштүрүүгө жана өндүрүшкө киргизүүгө, ошондой эле чет өлкөлөрдөн технологиялык жабдууларды алып келүүгө тыюу салынат.