АТЫН САТУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кимдир бирөөнүн атагын, наамын, даражасын пайдаланып, ал аркылуу кандайдыр бир максатка жетүүнүн аракетин жасоо, бирөөнүн кадыр-баркына жамынып, өз кызыкчылыгынын камын көрүү. Ай тийбес тоодо көлөкө, Атыңды сатпа бөлөккө (Токтогул). Ал менин атымды сатып жүрсө, өзү жооп берет деди (Байтемиров). Элиңдеги жакшыны «атам» деп атын сатпай айт (фольк.).