АТКЫ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКыргыз тилинде аткы этиши «тырмактарын же чеңгелин батыра кармоо» маанисин берет. Мындай этиш башка түрк тилдеринде колдонулбайт. Монгол тилиндеги атгах этиши «1) зажимать в кулак, 2) брать горстью» болуп которулат. Ошондуктан аткы этиши кыргыз тилине монгол тилинен кабыл алынган дешке болот. Кабыл алынганда аяккы а тыбышы ы тыбышына алмашып, мааниси да бир аз өзгөргөн.