АТКА МИНЕР
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Октябрь революциясына чейинки мезгилде өзүндө бийлиги жок, бий-болуштун жан-жөкөрү. 2. Колунда анча-мынча бийлиги бар майда актив. «Кошчу» уюму атка минер арамза куулар менен күрөшүп жатат («Эркин Тоо»). Анткени, мурунку ячейканы атка минер шылуундун баласы деп ячейкалыгынан түшүрүп койгонбуз (Жантөшев). Элет оторлоруна салынган оор салык атка минерлердин короктоп ак падышанын атынан опузалап демитүүсү, зордугу менен артылууда (Бейшеналиев). Башка уруулардын атка минерлери чыгым салышып, букара менен лекторду ич ара кайраштыра беришти (Ш.Үмөталиев). Мен эмне силерге окшоп атка минер, жатып ичер белем? (Абдукаимов).