Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Аталып калуу, атка конуу. Апаңды тартсаң, жез таңдай атыгасың (Аалы). «Кашаң Татыбек» деп эл оозунда атыгып жүргөнү да кокусунан эмес (Байтемиров).
2. Аты чыгуу, белгилүү болуу, аты белгилүү болуу. Атыккан ырчы. Атыккан балбан.