Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Сууга ун чалып, сүт кошулуп бышырылган суюк тамак атала делет. Кээ бир жердегилер жарманы да атала дей берет. Бул сөздүн атал уңгусу кыргызча талкан (тал+кан) сөзүндөгү тал уңгусуна, чал (талкан чал) дегендеги чал этишине туура келет. Булардын эң алгачкы уңгусу тал деп эсептегенде атал түрүндөгүсүнө л тыбышы кошулат. Ал эми чал деген учурда алгачкы т тыбышы ч тыбышына алмашып кеткен. Атала сөзү алгачкы атал+а морфемаларынан куралган дешке болот. Ал эми атал уңгусу чал этишинө туура келгендиктен, жалпы мааниси «чалма», «чалып жасалган тамак» дегенге туура келген сөз болуп чыгат.