АТЫП ЧЫГУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)к. АТЫП ТУРУУ Дарбаза тарапта, уясында жаткан ит мени көрүп атып чыкты (Исмаилов). Конгуроо кагылар саам класстан атып чыга жабыла чуркачубуз (Жусупов). Сыртка кантип атып чыкканымды билбейм (Мырзаев). Ал сыртты көздөй атып чыгып, ошол тейден топко кошулбаганын сезди (Ашымбаев).