Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Атайын максат менен, кокусунан эмес. Атайылап сага алып келдим. Жакшылап багып мин (Бейшеналиев). Атайылап мында келем мен эчен (Эралиев). Тирүү жандыкты атайылап өлтүрүү лама дининде эң чоң күнөө (Акматов)

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТАЙЫЛАП ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча тикелей же кыйыр ниет менен жасалган жосун. Эгер адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун аңдап билсе, анын коомдук коркунучтуу кесепеттерин баамдай алса, алардын ошондой болушун кааласа, анда ал тикелей ниетте жасалган кылмыш катары таанылат. Эгер адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун аңдап билсе, коомдук коркунучтуу кесепеттердин келип чыгышы мүмкүн экендигин баамдай алса, аларды каалабаса, бирок аң-сезимдүү түрдө аларга жол берсе, анда ал кыйыр ниетте жасалган кылмыш деп табылат.