Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Балалуу болгон эркек (балдарына карата). Баланын атасы. Атанын сакалын сыйлоо.
2. Жалпы эле жашап калган кишилерге кайрылганда айтылат. — Ташбай ата алмасы качан болот?деди [Динар] (Сыдыкбеков).
  1. 3.                  миф. Мифтик түшүнүк боюнча айрым айбандардын колдоочусу. Чолпон ата (койдун колдоочусу); Камбар ата (жылкынын колдоочусу); Чычаң ата (эчкинин колдоочусу); Ойсул ата (төөнүн колдоочусу).

Чоң ата — баланын атасынын атасы; небересинин атасы. Аяш ата — досунун атасы; атасынын досу. Эр Табылды аяш атасы уста менен сүйлөшүп турганын көрдү («Эр Табылды»). Тай ата — таята менен бирдей. Кайын ата — кайната менен бирдей. Ата-баба — ата-тек; өткөн укум-тукум. Алар өз элинин, өз ата-бабаларынын даңкын булгашкан жок (Бөкөнбаев). Ата конуш же ата журт — эзелден жердеген мекен; ата мекен. Ал элдин бир замандан берки ата конушу (Сыдыкбеков). Ата журтум, силерди Кантип чыдайм сагынбай (Токтогул). Ата мекен — эзелден жердеген, ата-бабасы өткөн, туулуп-өскөн жер, родина. Атабаладай к. бала. Атасын таанытуу — көргүлүгүн көрсөтүү. Тең ата — туугандыгы жактан бирдей даражада; бирдей укукта.
АТА II этиш. 1. Атын, ысмын айтуу. Улам бир баланын атын атап, Нина Леонтьевна ага суроо жаңыртат (Сыдыкбеков).
2. Арноо, арнап коюу; багыштоо.
АТА III сырд. Каалоону же өкүнгөндүктү билдирүүдө колдонулат, атаганат. Ата, ошо келсе болот эле! Ата, балам, сага жаман болгон экен!