Киргизско-русский словарь Юдахина
Перевод ата в русско-кыргызском онлайн переводчике Эл-Создук

ата I
1. отец; предок;
чоң ата дед (по отцовской линии);
тай ата дед (по материнской линии);
атасы отец (букв. его отец, т.е. отец рождённого мною от тебя ребёнка; так женщина в старом быту называла своего мужа, называть его по имени она не имела права);
ата-баба (лар) отцы и деды, предки;
тең ата
1) равный по происхождению, по предкам;
теңиринин кулубуз, тең атанын уулубуз фольк. мы божьи рабы, мы сыновья равных предков;
2) перен. равный по социальному положению;
тең ата болуп калдык мы поравнялись (по положению);
ата салты менен по обычаю предков;
атасы башка происходящий от другого отца; чужеродец;
атасы башка, аттан түш! с чужого коня среди грязи долой! (букв. чужеродец, слезай с коня!);
...атадан кошул приходиться родственником в...колене;
Курман экөөбүз алтынчы атадан кошулабыз моё с Курманом родство восходит к шестому колену;
жети ата семь прямых предков (по мужской линии; в старом быту каждый взрослый киргиз должен был знать семь своих предков, а если он их не знал, то его презрительно называли кул раб; взаимные браки разрешались только за пределами такого родства);
жети атасын сурап, кыз бермек - ал кезде расим болгон в то время было в обычае выдавать замуж, справившись о семи восходящих поколениях (брачущихся);
жети атасын билбеген бран. уст. не помнящий родства, безродный;
ата-уулунун баарысы люди всех племён, всех родов;
ата-уулдан бирден чыккыла выходите от каждого рода (или от каждого аула) по одному;
2. (при собственных именах) покровитель, патрон;
Кыргызата этн. дух-покровитель всего киргизского народа;
Чолпоната
1) миф. покровитель овец;
2) перен. овцы (общее название);
Камбарата
1) миф. покровитель лошадей;
2) перен. лошади (общее название);
Чычаңата
1) миф. покровитель коз;
2) перен. козы (общее название);
Ойсулата
1) миф. покровитель верблюдов;
2) перен. верблюды (общее название);
3. при именах географических указывает на святость места: Ысык-Ата, Чолпон-Ата, Кочкор-Ата и др.;
атадан калган мал жок мында! здесь нет добра, оставшегося от отца! (я сам нажил, сам могу и проживать);
атаңдын этин жегир! бран. чтоб тебе, окаянному! (букв. съешь тело своего отца!);
атаң-анаң дедимби? или я тебя как-нибудь похабно обругал?
атасын өлтүрүптүрмүнбу? я ему пакость большую сделал, что ли? (букв. разве я его отца убил?);
атаңды өлтүргөн мен эмес элем ведь не я тебе пакость сделал (букв. ведь не я убил твоего отца);
акча атасын өлтүргөн или атасын акча өлтүргөн скряга;
атасы өлгөндөй ичип напившись вдрызг;
аракты атасы өлгөндөй ичип алып, оозуна келгенди айтып напившись вдрызг и болтая всякий вздор;
ата конуш или ата журт родные места, родное пепелище; уст. отечество (см. мекен);
атам заманкы давным-давно прошедшее, прадедовских времён;
атам замандан берки с незапамятных времен;
атама тийип калайын! чтоб я вышла за своего отца! (самая страшная клятва для женщины);
сага тийсем, мен атама тийип калайын! выйти за тебя равносильно тому, что я выйду за своего отца!;
жайдын атасы разгар лета;
кыштын атасы разгар зимы;
чоң атасын тааныйт он узнает кузькину мать;
атадан айланган см. айлан;
атанын баласы то же, что атанын уулу (см. уул).
ата II
(или атаа, атаны)
слово, употребляемое для выражения желания или сожаления;
ата, ошо келсе болот эле! ох, как хорошо было бы, если бы он пришёл!;
атаа, окусаң жакшы болмок эле! эх, хорошо было бы, если бы ты учился!; как жаль, что ты не учился или не учишься!;
"атаны, жакшы кеп бол!" - деп, шаңкылдап күлүп эр Манас санын чаап алганы фольк. "ах, если бы сбылись эти слова!" - сказал Манас, звонко засмеялся и хлопнул себя по ляжке;
ата, балам, сага жаман болгон экен! ах, дитя мое, плохо тебе!;
"атаны, кайран эрлер!" - деп, ыйлап жүргөн мындан көп фольк. а ещё больше таких, которые плакали, приговаривая: "ой, бедные молодцы!";
атаны байкуш! ох, бедняжка!;
атаны кокуй см. кокуй 1.
ата- III
называть, именовать;
атын атап назвав по имени, назвав собственным именем;
атап айтканда а именно; точнее говоря.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Балалуу болгон эркек (балдарына карата). Баланын атасы. Атанын сакалын сыйлоо.
2. Жалпы эле жашап калган кишилерге кайрылганда айтылат. — Ташбай ата алмасы качан болот?деди [Динар] (Сыдыкбеков).
  1. 3.                  миф. Мифтик түшүнүк боюнча айрым айбандардын колдоочусу. Чолпон ата (койдун колдоочусу); Камбар ата (жылкынын колдоочусу); Чычаң ата (эчкинин колдоочусу); Ойсул ата (төөнүн колдоочусу).

Чоң ата — баланын атасынын атасы; небересинин атасы. Аяш ата — досунун атасы; атасынын досу. Эр Табылды аяш атасы уста менен сүйлөшүп турганын көрдү («Эр Табылды»). Тай ата — таята менен бирдей. Кайын ата — кайната менен бирдей. Ата-баба — ата-тек; өткөн укум-тукум. Алар өз элинин, өз ата-бабаларынын даңкын булгашкан жок (Бөкөнбаев). Ата конуш же ата журт — эзелден жердеген мекен; ата мекен. Ал элдин бир замандан берки ата конушу (Сыдыкбеков). Ата журтум, силерди Кантип чыдайм сагынбай (Токтогул). Ата мекен — эзелден жердеген, ата-бабасы өткөн, туулуп-өскөн жер, родина. Атабаладай к. бала. Атасын таанытуу — көргүлүгүн көрсөтүү. Тең ата — туугандыгы жактан бирдей даражада; бирдей укукта.
АТА II этиш. 1. Атын, ысмын айтуу. Улам бир баланын атын атап, Нина Леонтьевна ага суроо жаңыртат (Сыдыкбеков).
2. Арноо, арнап коюу; багыштоо.
АТА III сырд. Каалоону же өкүнгөндүктү билдирүүдө колдонулат, атаганат. Ата, ошо келсе болот эле! Ата, балам, сага жаман болгон экен!

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Балалуу эркек (өзүнүн балдарына карата). – Илгери менин атам да ушул кенде проходчик болуп иштөөчү эле (Сасыкбаев). Кыз атасы – Кулжыгач («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Жалпы эле улгайган эркектерге кайрылганда урматтоо иретинде айтылат. Балбылдатып ата Ильичтин Чырактарын жагамын (Бөкөнбаев). – Ташбай ата, алмасы качан болот? – деди Динар (Сыдыкбеков). 3. Мифтик түшүнүк боюнча үй айбандарынын колдоочусу. Чолпон ата (койдун колдоочусу). Камбар ата (жылкынын колдоочусу). Чычаң ата (эчкинин колдоочусу). Ойсул ата (төөнүн колдоочусу).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ат берүү, ысым коюу. Ошондон бери ал жерди Кыз-Күйөө деп атап калышат. 2. Атын, ысымын айтуу, атын айтып чакыруу. Улам бир баланын атын атап, Нина Леонтьевна ага суроо жаңыртат (Сыдыкбеков). Фрунзе өскөн шаарым, сүйгөн калаам, Сагынсам атыңды атап канааттанам (Осмонов). 3. Арноо, багыштоо. Чоко жалгыз коюн баласына атап союп бардыгын чакырды (Жантөшев). Кысыр эмди кур тайдан Арбакка атап соёлук («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Бирине-бири эрегишүү; биринен бири калышпоого тырышуу. Айылда жаштайынан бирге өскөн Марзия менен Каныйпа аябай атаандаша турган (Абдумомунов). Бирок эки байтерек экөө бирдей бирине бири атаандашкансып токол чыккан (Айтматов). Шарип, Сатар атаандашып окушат (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жарышуу, теңтайлашуу, таймаш, калышпоого аракет кылган абал. Атаандашып деле кыйын окушат (Бейшеналиев). Айылда жаштайынан бирге өскөн Марзия менен Канийпа аябай атаандаша турган (Абдумомунов). 2. Эрегишкендик, кастык маанайдагы теңтайлашуу, таймашуу.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилиндеги атаандаш сөзү атаан+даш деген бөлүктөрдөн турат. Анын атаан уңгусу монгол тилдеринен кабыл алынган. Бурят тилинде атаа(н) 1) «зависть, вражда: 2) состязание, соперничество, конкуренция»; калмак тилинде 1) «зависть, 2) состязание, соперничество»; монгол тилинде 1) «зависть, 2) ревность» болуп которулат. Кыргыз тилинде атаан сөзү өзүнчө жеке айтылбайт. Ага этиш жасоочу -лаш мүчөсү жалганган түрү гана айтылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТААНДАШ МЕДИЦИНАЛЫК ЭКСПЕРТИЗА – КРде медициналык экспертизанын бир түрү; жарандар тийиштүү экспертизанын жыйынтыгына каршы даттанган учурда сот токтому боюнча дайындалат. Жарандар өлүп же ооруп, жеке өзү даттанууга мүмкүн болбой калса, ал даттанууну жубайынан же жакын тууганынан же мыйзамдуу өкүлүнөн берүүгө акысы бар. А. м. э. жаран тарабынан натыйжасына нааразылык көрсөтүлүп жаткан экспертизага катышкан эксперттерге, ошондой эле А. м. э-нын натыйжасына кызыкдар органдарга, уюмдарга, кызмат адамдарына кызматтык ж. б. жактан көзкаранды болгон эксперттерге тапшырылбайт. Даттануу менен кайрылган жаран белгилүү бир саламаттык сактоо уюму же белгилүү бир эксперттер тарабынан аныкталган А. м. э. жүргүзүү жөнүндө ырасмий өтүнүч менен сотко кайрылууга акысы бар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТААНДАШТЫ АШКЕРЕЛӨӨ – чарба жүргүзүүчү субъектин ишкер абыройуна кедерги келтирүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында, болбосо басылган тексти көбөйтүү же башка жол менен жалган, так эмес же бурмаланган маалыматтарды таркатуу. Абийирсиз атаандаштыктын бир ыкмасы. Башка биркатар өлкөлөрдө кылмыш ишинин өзүнчө курамы болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТААНДАШТЫК – чарбакер субъекттердин жарышуу аракеттери базардагы бааны көтөрүү максатында монополиялаштырууга натыйжалуу тоскоолдук кылуучу жана алардын кардарларга керектүү товарларды чыгарууга кызыктыруучу иш-аракеттери.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тең жарышуучулук, эрегишүүчүлүк. Эки тараптын ортосунда атаандашуучулук күч алды. 2. экон. Товар өндүрүп чыгаруучулардын ортосундагы өзүнүн кызыкчылыктарын канааттандыруу, товарларды сатуу, бир кыйла жогорку пайда алуу үчүн болгон экономикалык таймаш, жарыш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТААНДАШТЫККА КАРШЫ ИШ-ТАЖЫРЫЙБА – базар үстөмдүгүн басып алуу менен, башка өндүрүүчүлөрдүн аракетин чектөө, өз баасын бычуу ж. б. у. с. коммерциялык ишмердүүлүк шарттарын монополиялаштыруу аркылуу чыныгы атаандаштык ченемдерин бузуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бири ата катарында, бири бала катарында болуп кеткен сыяктуу абдан ынтымактуу, мамилелери жакын, бирин-бири сыйлашкан ынак. Ары тууган, ата-баладай болуп калдык эле (Жантөшев). Мындан кийин Токтогул менен кабарлашып, ата-баладай болуп жүрдүк (Тоголок Молдо). Ата-баладай болуп, колунан даам татып жакшылыгын көргөн адамдарга учурашуу дурус жышаан го (Бейшеналиев ).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бири-бири менен мамилеси жакын, өтө татуу, ынтымактуу болуу, ынак болуу. Ары тууган, ата-баладай болуп калдык эле (Жантөшев). Мындан кийин Токтогул менен кабарлашып ата-баладай болуп жүрдүк (Тоголок Молдо). Ата-баладай болуп, колунан даам татып жакшылыгын көргөн адамдарга учурашуу дурус жышаан го (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
увы!; ах, если бы!; как жаль!; вот ведь (как хорошо) !;
"атаганат!" - деп, бармагын тиштеди он очень раскаивался, очень сожалел;
үйү жакшы экен, атаганат, асты жер экен дом у него хорош, да жаль, пол земляной;
атаганат, жакшы тамак болгон экен! вот ведь какая хорошая пища оказалась!;
атаганат, бул Сыргак Манаска тете эр экен! фольк. вот ведь, Сыргак оказался равным Манасу богатырём!

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Элге катуу таанылуу, атагы чыгуу, аябай белгилүү болуу (жакшы же жаман жактары менен). Атагы жер жарган нечен мыкты чеберлерибиз, баатырларыбыз бар («Ленинчил жаш»). Самогон «оорусуна» жипсиз байланышып, атагы жер жарып отурат («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Элге катуу таанылуу, атагы чыгуу, аябай белгилүү болуу (жакшы же жаман жактары менен). Атагы жер жарган нечен мыкты чеберлерибиз, баатырларыбыз бар («Ленинчил жаш»). Самогон «оорусуна» жипсиз байланышып, атагы жер жарып отурат («Советтик Кыргызстан»). В.: Атагы таш жаруу. Менин элге таанылып, атагым таш жарар мезгил келген экен го (Каимов). Атаганат ошо киши чоң билим алган болсо, анда атагы таш жарган жазуучу чыкпайт беле, чиркин дүйнө (Жигитов). Даңкы жер жаруу. Сиздин даңкыңыз кезегинде жер жарган (Сыдыкбеков). Даңкы таш жаруу. Райондо май талкандуу кызматта иштеп дуулдап, доор сүрүп, даңкым таш жарып турган кезде ушул шаарга далай жолу келгенмин («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ата-баба жердеген аймак. Бадалдуу тескей салкың төр Сенин ата журтуң кыпчак эл («Олжобай менен Кишимжан). Ак кардуу тоону ээлеген, Ата журтум кыргыз эл (Токтогул). В.: Ата конуш. Ал элдин бир замандан берки ата конушу (Сыдыкбеков). Бул болсо ата конушунан ажырап, баш-оту менен кирип бермек (Ашымбаев). Кол тийбес ыйык сакталат, Ата мекен журтубуз (Тоголок Молдо). Ата мекендин ардактуу уулдары. Мен, ата мекеним деп жүрөм! 2. Эзелки конуш, байыркы турак, турган жер.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АТАЙ — кырк чоронун бири. Бирде Ардалыктын (Сагымбай Орозбаков, 3.49), бирде Шагыл бийдин (Сагымбай Орозбаков,3.175), бирде Сабай бийдин (Сагымбай Орозбаков,4.43) уулу деп айтылат. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда ат чаап, жар тандаган учурда аты он үчүнчү келип, А. тагдыр буюрган Маарамбүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 424).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТАЙЛАШТЫРУУ ЭСЕБИ – эсептин дарек каттары менен тапташтырууну бириктирип турат. Т. э-нде товар даанасынын түрү менен сортунун баасы жана баардык партиянын жалпы наркы көрсөтүлөт. Ал бир партиядагы товар түрү аргандай болгон учурларда жазылат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. нарочно, намеренно, специально, умышленно;
атайы келдим я специально пришёл;
атайы чаралар көр- принимать особые меры;
атайы комиссия специальная комиссия;
2. офиц. чрезвычайный;
атайы жана полномочиелүү посол чрезвычайный и полномочный посол.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Белгилүү бир максат менен, белгилүү бир иш боюнча. Кетип бараткан Жылдызканды атайы токтотуп алды (Байтемиров). Сөздү башкага бургусу келген Шамбет үнүн атайы бек-бек чыгарды (Сыдыкбеков).

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Специальные права заимствования СПЗ (SDR) (Special Drawing Rights (SDR)) —Международные резервные активы, которые создаются МВФ и распределяются среди его членов в дополнение к имеющимся официальным резервам. У членов МВФ, получивших СДР, не возникает реального (безусловного) обязательства по возврату выделенных им СДР. СДР могут быть активами только государств-членов МВФ и ограниченного числа международных финансовых учреждений, которые являются уполномоченными держателями СДР. Стоимость СДР определяется на основе валютной корзины, состоящей из 4-х валют: доллар США, евро, японская йена и фунт стерлингов. При вложении в СДР иногда используется понятие «авуары» – безусловное право на получение иностранной валюты или иных резервных активов у других государств-членов МВФ.  

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Атайын максат менен, кокусунан эмес. Атайылап сага алып келдим. Жакшылап багып мин (Бейшеналиев). Атайылап мында келем мен эчен (Эралиев). Тирүү жандыкты атайылап өлтүрүү лама дининде эң чоң күнөө (Акматов)

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТАЙЫЛАП ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча тикелей же кыйыр ниет менен жасалган жосун. Эгер адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун аңдап билсе, анын коомдук коркунучтуу кесепеттерин баамдай алса, алардын ошондой болушун кааласа, анда ал тикелей ниетте жасалган кылмыш катары таанылат. Эгер адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун аңдап билсе, коомдук коркунучтуу кесепеттердин келип чыгышы мүмкүн экендигин баамдай алса, аларды каалабаса, бирок аң-сезимдүү түрдө аларга жол берсе, анда ал кыйыр ниетте жасалган кылмыш деп табылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТАЙЫН АЛЫМДАР – КР бажы аймагына кандайдыр бир товарларды атамекендик өнөржай тармактарына же болбосо ата мекендик ушундай эле товарларды же аларга тикелей атаандаш товарларды чыгаруучуларга орчундуу зыян келтириши мүмкүн болгон, же мындай зыяндын коркунучун туудурган санда же шарттарда алып келгенде бажы органдары тарабынан колдонулуучу бажы алымдарынын өзгөчө түрү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТАЙЫН, АСКЕРДИК ЖЕ АРДАК НААМЫНАН, КЛАССТЫК ЧЕНИНЕН ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАРЫНАН АЖЫРАТУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча жазалоонун бир түрү (кошумча чара катары гана). Оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн жазалоодо сот (күнөкөрдүн кертбашын эске алуу менен) аны атайын, аскердик же ардактуу наамдан, класстык ченден, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратышы мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТАЙЫН БАЙЛАНЫШ – атайын байланыш ишканаларынын уставдарында каралган өзгөчө шарттарга ылайык мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана жеке жактардын атайын почта жөнөтүмдөрүн кабыл алуу жана жеткирүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТАЙЫН КАРАЖАТТАР – КР мыйзамдары боюнча, укук сактоочу жана табият коргоочу органдардын куралдануусунда турган техникалык каражаттар (жабдуулар, буюмдар, заттар) жана кызматтык айбанаттар, алар адамдарга жана материалдык объектилерге мажбурлоочу таасир көрсөтүү максатына эсептелген. А. к-дын тизмеси КР Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТАЙЫН КЛАССТЫК ЧИН – КРде юстиция органдарында, соттордун аппараттарында, Сот департаментинде, прокуратура органдарында иштеген кызматкерлерге жана судьяларга иш-тажырыйбасына, билимине жана ээлеген кызматына жараша жекече берилүүчү атайын наам.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТАЙЫН НААМ – КР ички иштер органдарынын, Адилет министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун, каржы полициясынын, баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча агенттиктин, бажы жана салык кызматтарынын аттестациядан өткөрүлгөн кызматкерлерине анын кызмат абалына, иш-тажырыйбасына, жалпы билими, кызмат мөөнөтү жана жекече салымдарына ылайык жекече берилүүчү наам.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТАЙЫН ТАБИЯТ ПАЙДАЛАНУУ –КРде табигый мүмкүнчүлүктөрдү, аларды айлана-чөйрөдөн ажыратып алуу (чыгарып алуу, жыйноо, терип алуу ж. б.) менен пайдалануунун баардык түрлөрү. А. т. п. пайдаланылуучу объекттердин түрлөрүнө жараша: жер пайдалануу; суу пайдалануу, жердин ички байлыктарын пайдалануу; токой пайдалануу; өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн пайдалануу; атмосферадагы абаны пайдалануу болуп бөлүнөт. Жаратылыш байлыктарын пайдалануунун тартиби жана шарттары КР ченемдик укуктук актыларында белгиленген.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТАЙЫН ТЕСКӨӨ – карызкорго карата колдонулуучу кудуретсиздик жүрүмүнүн жолжобосу. А. т. карызкор юридикалык жакка болгон карызкорго карата – сот тартибинде гана жүзөгө ашырылат. А. т-нүн ыкмалары болуп юридикалык жакты жоюу же кайрадан түзүү, сот тартибине же сот тартибинен сырткары тартипте жүргүзүлсө, жеке ишкерди кудуретсиздөө сот тартибинде гана ишке ашырылат. Карызкорду жоюу же кайра түзүмдөө жана жеке ишкерди кудуретсиздөө А. т-нүн усулдары болуп саналат. Ал атайын тескөөчүнү дайындоону, кредит берүүчүлөрдүн жана юридикалык жактын жана жеке ишкердин ишмердигинин пайдасына карызкордун жоюлуучу массага киргизилген активдерин ажыратууну алдынала карайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТАЙЫН УКУКТАРДАН АЖЫРАТУУ – административдик чара көрүүнүн бир түрү; жарандарга берилген укукту (аңчылык, курал алып жүрүү, автоунаа башкаруу) одоно же такай бузгандыгы үчүн колдонулат. Автоунааны башкаруу укугунан четтетүү чарасы ал каражатты майыптуулугуна байланыштуу пайдаланып жүргөн адамдарга карата колдонулбайт.

Киргизско-русский словарь Юдахина
атак I
1. слава, известность;
атагы чыккан он получил известность, он прославился;
атагы жер жарган он приобрёл громкую славу;
2. звание.
атак- II
то же, что атык-;
Айшанын аты жоголуп "Чоң катын" атагып кеткен имя Айши исчезло, она стала называться "Старшая жена".

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Даңк. Кыргыздын баатыр уулу деп, Ардактуу атак алып кел! (фольклор).
2. Наам, ат. Сынчы деп бул адамга атак конгон (Тоголок Молдо). Жүз бээден алып жүз кулун, Баатыр деп атак коюптур (Үсөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Даңк. Атак – эмгекте. Биз атакты ошону менен гана чыгарабыз (Сыдыкбеков). Атагың чыкты белгилүү Кыргыз элден, Токтогул (Барпы). 2. Наам, ат. Сынчы деп бул адамга атак конгон (Тоголок Молдо). Жүз бээден алып жүз кулун Баатыр деп атак коюптур (Үсөнбаев). Энеси өлгөн жетим деп, Кем атакка калыптыр (Тоголок Молдо).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде атак сөзү ат сөзү менен бирдей маани берип да калат. Мисалы: Жоону сайса, эр сайды, аты калды Манаска (макал). Атагың чыкпаса, жер өрттө (макал). Ушуга караганда атак сөзү ат+ак бөлүктөрүнөн турат деп эсептөөгө болот. Ат уңгусуна кошулган -ак мүчөсүн уңгуга жаңы маани кошумчалай албай турган мүчө деп кароого болот.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
атака (душманга катуу умтулуп кол салуу);
штыковая атака штык менен жасалган атака;
воздушная атака абадан жасалган атака;
идти в атаку атакага баруу, атака жасоо;
отбить (отразить) атаку атаканы кайтаруу;
повести атаку на что-л. бир нерсеге атака жасоо.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Атасына жалбаруу же атасын урматтоо иретинде айтылат. – Айланайын атаке, Алдыңда турган Сыргамын (Бөкөнбаев). Эл үчүн каза таап жоо огунан, Бүкөндүн атакеси кайтпай калган (Осмонов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Атага сый-урмат менен мамиле кылуу, эркелеп кайра-кайра «атаке» деп айтуу. Ата жытын көрбөгөн, Атакелеп эркелеп, Астында ойноп жүрбөгөн («Сейтек»), Атакелеп, ой-боюна койбой сурана берди («Ала-Тоо»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АТАКУЛ — эпизоддук кейипкер, манжулук калмактардын айыл башчысы. Манас Кортукту өлтүрүп салганда кун алмакчы болгон алтайлык калмактар адегенде манжулуктардын айылын талап, андан кийин Жакыптын жылкысын тийип кетмек болот. Ошондо А. «жылкыны алтайлык тийип кетсе, азабын манжулуктар тартпайбы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 138, 139),— деп алтайлыктарды токтотууга аракеттенет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
атала I
болтушка (похлёбка из воды, муки и кислого молока);
жарма атала южн. болтушка из толокна;
жылма атала южн. болтушка из муки;
кәчә атала южн. болтушка с прибавлением сахара;
сүйбөгөнгө суюк атала берет погов. нелюбимому дают жидкой болтушки;
атала баш сал- или аталага баш сал- сев. этн. совать голову в болтушку (одно из диких развлечений в старом быту: на дно большой чашки, наполненной болтушкой, бросали монету; нужно было, погрузив в болтушку лицо, ртом достать монету; за это выдавался "приз");
аталага баш салдыр-
1) понуд. от аталага баш сал-;
2) перен. чинить самодурство ради издевательства;
атасын аталага баш салдырган он (и) над родным отцом издевался;
атала баш, ит тартыш, оюн-күлкү, тамаша фольк. атала баш перетягивание верёвки, игры, забавы, веселье.
атала II
чуйск.
то же, что аталгы.
атала- III
произносить слово ата (см. ата I);
звать на помощь отца;
аталап ыйла- плакать, обращаясь к отцу.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АТАЛА, Аталабек— эпизоддук кейипкер, дөбөт элинин каны. Көкөтөйдүн ашына чакырылып, Акжамбаш деген күлүгү байге алган 60 аттын бири болот (Сагымбай Орозбаков, 3. 100, 268).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Сууга ун чалып, сүт кошулуп бышырылган суюк тамак атала делет. Кээ бир жердегилер жарманы да атала дей берет. Бул сөздүн атал уңгусу кыргызча талкан (тал+кан) сөзүндөгү тал уңгусуна, чал (талкан чал) дегендеги чал этишине туура келет. Булардын эң алгачкы уңгусу тал деп эсептегенде атал түрүндөгүсүнө л тыбышы кошулат. Ал эми чал деген учурда алгачкы т тыбышы ч тыбышына алмашып кеткен. Атала сөзү алгачкы атал+а морфемаларынан куралган дешке болот. Ал эми атал уңгусу чал этишинө туура келгендиктен, жалпы мааниси «чалма», «чалып жасалган тамак» дегенге туура келген сөз болуп чыгат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
«Ата» деп кайра-кайра айта берүү атага сыйлуу мамиле кылуу. Адамда жыргал эмеспи Аталап турса балдарың (Токтогул). Башыңды көтөргөнчө балаң келип аталап турса, анан кайда барасың (Станалиев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Атасы бир, энеси башка. Аталаштан алтоо болгончо, энелештен экөө бол (макал).
2. Аталары бир тууган, аталары туушкан. Тууган-туушкандары.. Шейшенин аталаш агасыныкына жыйылды («АлаТоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Атасы бир, энеси башка (бир туугандык жакындык боюнча). Аталаштан алтоо болгончо, энелештен экөө бол (макал). Дубандын шаарда туруучу аталаш эжеси – Алтын («Ала-Тоо»). 2. Бир атадан тараган же аталарынын ага-инилик туугандыгы бар (жалпы туугандык жакындык боюнча). Ал сенин аталаш тууганың го (Байтемиров). Биздин аталаш туугандарыбыз болгондуктан, жакынсыган тууганыбыз – Кулу калпа (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Ич жаккы мизи жарым тегерек формада келген, көбүнчө ээр чабууда, аяк чабууда ж. б. колдонулуучу керки, аспап.
2. Бозо сүзүүдө колдонулуучу башына бир укумдай жыгач туурасынан ашталган таякча.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бозо сүзүүдө колдонула турган аспап аталгы же аталга аталат. Иймекей жыгачтын ортосуна ашталган сапка кайыш ороп коюп, кайыштын эки учун жаа сыяктуу жыгачка байлап коёт. Жаа сыяктуу жыгачты ары-бери кыймылдатканда аталганын. учундагы иймекей жыгачы ары-бери чимирилип, бозонун тобу үстүнө калып, маңызы кездемеден өтүп кетишин камсыз кылат. Аталга сөзү жогорудагы атала сөзү сыяктуу эле атал+га деген бөлүктөрдөн туруп, «чалгы, чала турган аспап» дегенди билдирген сөз болуп чыгат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ич жаккы мизи жарым тегерек формада болуп, көбүнчө ээр, аяк чабуу үчүн колдонулуучу керки. Колундагы аталгы ыргып кетип, тигинин бутуна тийди (Байтемиров). 2. Бозо сүзүүдө колдонулуучу жумуру саптуу, башына кичинекей туура жыгач ашталган курал.

Киргизско-русский словарь Юдахина
имеющий отца;
аталуу жетим сирота, имеющий отца (но потерявший мать);
аталуу жетим - арсыз жетим, энелүү жетим - эрке жетим погов. при отце сирота - непутевый, при матери сирота - баловень.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. отцовство, отцовское право;
аталык акым бар я имею право отца, я имею право как отец;
айланайын, Сейтегим, аталыкка санасаң, Тоотору атка бара көр! фольк. милый мой Сейтек, если считаешь меня за отца, отправляйся за Тоотору-конём;
2. уст. то же, что шефтик;
аталыкка ал- взять шефство.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТАЛЫК – баланын биологиялык жана/же социалдык жактан белгилүү бир эркектен чыккандыгы тууралуу далил. А. туулгандыгы тууралуу күбөлүк жазуу аркылуу катоо органдары тарабынан күбөлөндүрүлөт. А. атасы менен энесинин биргелешкен арызы аркылуу камкордук жана асыроо органы тарабынан аныкталат. Эгер баланын энеси өлүп калса, жөндөмсүз деп табылса, жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбосо же энелик укуктан ажыратылса, атасынын арызы боюнча камкордук жана асыроо органынын макулдугу менен сот тарабынан А. деп табылат. Мурда никеде турбаган адамдардын ортосунда бала туулса, баланын белгилүү бир адамга тийешелүү экендиги тууралуу ата-энелеринин биргелешкен арызы же атасынын арызы жок болгон учурда, баланын белгилүү бир адамга таандык экендиги ата-энелеринин бирөөсүнүн, камкорчунун (багуучунун) же баланы баккан адамдын арызы боюнча, ошондой эле эрезеге жеткен баланын өз арызы боюнча сот аркылуу аныкталат. Баланын биологиялык атасы болуп саналбаган, бирок энесинин күйөөсү тарабынан асырап алынышы социалдык аталык болуп саналат. Ал эми донордук урук менен же кыйыштырылган түйүлдүк аркылуу боюна түйүлгөн балага урук берген донор эмес, төрөгөн адам жубайы менен бирге ата-эне болуп саналат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АТАЛЫК — эпизоддук кейипкер, Кошойдун атасы. Жашы жете элек же башкарууга жараксыз бирөө такка отурганга анын атынан бийлик жүргүзүүнү билдирген «аталык» аттуу сөз антропоним болуп эпоско Кошойго байланыштуу окуялар менен кошо кирген болуу керек, к. Кошой, Кундуз.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. ата дегенге таандык. Аталык мээрим менен кат аркылуу, Кучактап маңдайынан өөп алам (Абдыраманов). Аталык милдетимен кутулайын деп, сени үйлөндүрдүм («Ала-Тоо»). 2. тар. Орто Азияда болгон феодалдык хандыктын жогорку мансаптуу өкүлдөрүнүн бири. Бул Мусулманкул аталык эмеспи (Касымбеков). 3. бот. Өсүмдүктүн эркектик мүчөсү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. ист. атаман (казактык войсколордо жана селениелерде дайындалган же шайланган начальник);
станичный атаман станица атаманы;
войсковой атаман войско атаманы, войсколук атаман;
2. уст. атаман (каракчылар тобунун башчысы);
3. перен. атаман (жалпы башчы; баштоочу).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. тар. Революцияга чейинки Россияда: казак-орус аскерлеринде жана кыштактарында дайындалуучу же шайлануучу начальник. Станица атаманы. Атаман Дутовдун армиясы (Сасыкбаев). 2. Башчы, жетекчи. Каракчылардын атаманы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТАМЕКЕНДИК ИНВЕСТОР – КР резиденти деген статусу бар жана КР аймагында инвестициялык ишмердүүлүктү жүргүзгөн КРдин юридикалык же жеке жактары, ошондой эле чет өлкө жарандары менен жарандыгы жок адамдар.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АТА МЕНЕН БАЛАНЫН КАСТАШУУСУ — дүйнө элдеринин оозеки чыгармаларында (уламыш, жөө жомок, эпос) кеңири таралган салттык мотив. Аталык бийликтин күч ала башташы, башта баланын атасы ким экенине кайдыгер караган энелик коомдун укуктарынын нормаларына каршы келип, эми баланын сөзсүз закондуу атасынан туулушун талап кылган. Тескерисинче болгондо ата менен никесиз туулган баланын ортосунда каршылык чыккан. Бул карама-каршылык көп элдердин оозеки чыгармаларында, айрыкча, эпостордо кеңири чагылдырылган жана «Ата менен баланын салгылашы» деген тема менен фольклористикада кеңири маалым. Бул тема «Манас» үчилтигинен да орун алып, айтуучулардын нечен муундарынын элегинен кайра-кайра өтүп, көп кырдуу темага айланган. Эпостогу кеңири белгилүү чоң эпизоддордун бири «Алмамбеттин окуясында» өз алдынча тема катары кеңири өнүктүрүлгөн (к. Алмамбет, Азизкан). Мындан тышкары эпостун үч бөлүмүнүн тең башкы үч каарманынын аталары менен кагылышы кийинки доорлордун көз карашына ылайыкташтырылганын, өзгөртүлгөн түрдө чагылдырылганын байкоого болот: 1) Манас өмүр бою өз атасы Жакып менен ыркы келишпей өтөт. Ал эми Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Манастын туулушунун айрым белгилерине карап, Жакып ажалы акыры өз уулунан экенин сезет; 2) Семетей энеси Каныкей менен кошо балтыр бешик кезинен чоң атасы Жакып тарабынан куугунтукка алынып, таятасынын колунда эрезеге жеткенче тарбияланат, кайтып келери менен небереси Семетейди өлтүрмөкчү болгон Жакып акыры өзү өлүм табат; 3) Сейтектин өгөй атасы Кыязга каршы турушу баланын өз атасы менен касташуусу жөнүндөгү байыркы мотивдин өзгөргөн түрү болуп саналат.
Р. Сарыпбеков

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Илгерки заман, байыркы мезгил, мурдагы заман. Кара ниеттик менен ак ниеттик атам замандан бери кармашып келе жатыптыр (Бердикеев). Ошол Ак-Белге келип такалган мелтилдеген боз атам замандан соко тиши тие элек (Өмүрбаев). Бул илгери атам заманда болгон окуя экен («Ала-Тоо»). Атам замандан бери кербенчилердин конушубу: ичи-тышы үнөм от жагып тургандай капкара көө (Элебаев). В.: Жер заманда. Алар жер замандагы адамдар. Жер заманда болгон иш.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Небак мурда, илгертеден, башынан эле, көп мезгил мурун. Кара ниеттик менен ак ниеттик атам замандан бери кармашып келе жатыптыр (Бердикеев). Сен атам замандан бери адам менен жан-жаныбарлардын шоруна чыйкан болуп чыктың го (Жигитов). Атам замандан бери кыргыз эли көлдү баарлап, көл боюнда жашап келе жатат («Жаштык жырчысы»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
атан I
холощёный верблюд, верблюд-мерин;
атан төө мас болсо, тайлак менен дос болот погов. когда верблюд опьянеет (развеселится), он с верблюжонком сдружится; связался чёрт с младенцем;
сары атан см. саратан II.
атан- II
то же, что атал-;
Курманбек атым атанган курусун менин даңазам фольк. не зовись я именем Курманбек, ни к чему моя слава (если...).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АТАН — эпизоддук кейипкер, Орго кандын балбаны. Манастын Орго кан менен болгон согушунда майдан талаасына жетпей Көйүш аярдан каза табат (Сагымбай Орозбаков, 2. 84).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бычылган эркек төө түрк жана монгол тилдеринде атан делет. Э. В. Севортян бул сөз ат+ан деген бөлүктөрдөн туруп, ат этиши азыр колдонулбаган менен, байыркы кезде быч деген маани берген деген пикирди айтат. Мына ушул эле этиштен ат деген жылкыга карата айтыла турган сөз да келип чыккан деп карайт (Севортян, 1974, 202). Бул боюнча атан сөзү «бычылган» маанисиндеги сөз болуп чыгат. А. М. Щербак атан сөзү ат сөзү менен байланыштуу болуу керек деген болжолду айтат (Щербак, 1961а, 104). Бул болжолго толугу менен кошулууга болот. Анткени ургаачы төөнү билдире турган инген сөзү инек деген сөзгө -ан мүчөсү кошулуудан келип чыкканы даана көрүнөт. Демек, атан деген сөз да ат деген сөзгө -ан мүчөсү кошулуудан келип чыккан. Ал мүчө кошулуу менен формасындагы айырмачылыкка жараша төөнүн бычылганын билдирип, жылкынын бычылганын туюнткан ат деген сөздөн обочолонуп кеткен.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бычылган, жүк жүктөөгө ж. б. жумуштарды аткарууга ылайыкталган төө. Жети атан комдотуп. («Семетей» С. К.). Карга бий атына минип, небересин алдына салып, атандын буйласын өзү жетеледи (Осмоналиев). Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот (макал). Жүктөөрүңө болсун деп, Комдолуу атан төө келди («Эл адабияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мурдатан, ата-бабадан калган үрп-адат, каада-салт. Ата наркы кана? (Турусбеков). Ата наркын унутпоого тийишпиз. В.: Ата салты. Кардуу айдыңда канындагы ата салтын коё бербеген Борондуу Каранар тандап бөлүп алган иңгендерин тап жылдырбайт (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Атагы чыккан, атыккан, элге белгилүү болгон. Атанган кумарчылардын колуна түшүп калба («Ала-Тоо»). Атанган мергендин бири эле го («Чалкан»). Калп менен чынды жоруган, Атангандан болбогун (Барпы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тилдөө, кагуу, наалат айтуу маанисинде колдонулат. – Атаңдын башы, – дейт Сабыр эми биротоло жанына күч келе чаңырьт кирет (Медетов). – Атаңдын башы! дедим, – дейт күбүрөп. – Сен билгенди мен билбей туруптурмунбу?... («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан өкүнүү, нааразы болуу, жактырбоо маанисинде колдонулат. – Атаңдын көрү! Эл деген тууган-уругу менен бириге калып тамды алеки-саатта бүтүп ала коюп жатышат («Ала-Тоо»). – Атаңдын көрү! – деп кош колдоп өз санын өзү аткып-аткып алып, шалдырап олтура кетти (Медетов). Атаңдын көрү шум дүйнө, Билип калган турбайбы («Мендирман»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан өкүнүү, нааразы болуу, жактырбоо маанисинде колдонулат. -Атаңдын көрү! эл деген тууган-уругу менен бириге калып тамды алеки-саатта бүтүп ала коюп жатышат («Ала-Тоо»). -Атаңдын көрү! - деп кош колдоп өз санын өзү аткып-аткып алып, шалдырап олтура кетти (Медетов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жаштык-мастык курактан өтүп токтолгон куракка жетүү. Алар ата сакал ээгине бүтүп калган адамдар болучу («Ленинчил жаш»). Эми ушул ата сакалы ээгиңерге бүткүчө жаңжалдашып жүргөнүңөр жакшы эмес (Бердикеев). Бала, баланын иши чала, мына, ата сакалы ээгине бүтүп, азамат болот деген уулдарыбыздын кылганы (Абакиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаштык курактан өтүү, көпчүлүк «ата» деп кайрылган, токтолгон куракка жетүү. Алар ата сакал ээгине бүтүп калган адамдар болуучу. Эми ушул ата сакалы ээгиңерге бүткүчө жаңжалдашып жүргөнүңөр жакшы эмес (Бердикеев). Бала, баланын иши чала, мына, ата сакалы ээгине бүтүп, азамат болот деген уулдарыбыздын кылганы (Абакиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Токто, атаңды таанытам! Эргештин өңү кубулуп, тишине тишин коюп жете келди (Мияшов). - Чык быякка, салпаяк, эмесе атаңды таанытам («Советтик Кыргызстан»). - Атын байлап койгула. Айыбы үчүн союп алабыз. Мындан ары атасын тааный жүрсүн (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сазайын колуна берүү, көргүлүгүн көрсөтүү, эси-көөнүнөн калгыс кылуу. – Токто, атаңды таанытам! – Эргештин өңү кубулуп, тишине тишин коюп жете келди (Мияшев). Тапанчасын кара иттин! Ошонусу болбогондо, акесин таанытмак элем (Байтемиров). 2. Бирдемени көркүнө чыгаруу, шаанисин келтирүү. Тамашанын атасын таанытчу («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир атадан тарагандардын өкүлү маанисинде. Ата уулу уруу түзүлүшүндөгү топтордун эң майдасы. Адатта, бир атадан тараган адамдардын бир нече муунун эки-үчтөн, 5–6 чейин ичине камтып, үч-төрттөн тартып, 10–15 түтүндөн (к. түтүн) турат. Ата уулудан калганы. («Манас» С. О.).

Киргизско-русский словарь Юдахина
аташ I
ир.:
аташ күрөк см. күрөк;
аташ көсөө см. көсөө I.
аташ- II
взаимн. от ата- III
1. совместно называть, называть друг друга;
2. быть друг для друга предназначенным; быть друг с другом помолвленными;
эр Семетей баатырдын аташканы Чачыкей фольк. суженая Семетея богатыря - Чачыкей;
аташканым, алганым болсун ичи шам-чырак стих. моя суженая, моя жена пусть будет внутренне светла;
аташкан досум мой друг, с которым мы обменялись клятвой в верности.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I: аташ күрөк — 1) от чыгаруучу, күл чыгаруучу калак; 2) диал. кычкач, кыпчуур.
АТАШ II: 1. ата этишинин кош мамилеси.
2. Убадалашуу, үйлөнүүгө, турмуш курууга убадалашуу, сөз бүтүү. Эр Семетей баатырдын Аташканы Чачыкей («Семетей»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөздү иран тилинен кабыл алган кезде кызык кубулуштар болуп кеткен. Кыргыз тилинин түштүк диалектисинде от кыпчый турган кычкач аташ күрөк делет. Ал чындыгында күрөккө эч окшобойт, кадимки эле кычкач сыяктанып ичке жалпак темирден ийилип жасалат. Күрөккө эч окшобогон буюмду күрөк деп атап калышына төмөнкүдөй себеп болгон. Иранча аташ сөзү кыргызча от дегенди билдирет, ал эми гирак бөлүгү эки составдан турат, гир дегени гирифтан «брать» этишинин учур чагынын формасы, -ак мүчөсү — бир нерсенин аты экенин билдирүүчү мүчө. Иранча сөзмө-сөз которгондо аташги-рак деген «от кармагыч» дегенди билдирет. Бирок бул татаал сөздун экинчи бөлүгүн кыргыздар өзүнүн күрөк деген сөзүнө окшоштуруп кабыл алган. Натыйжада «кармагыч» деген маанидеги сөз күрөк болуп өзгөртүлгөн. Иранча аташгирак болуп сөзгө сөз кошуу аркылуу жасалган сөздү кыргызча аташкүрөк деп бирге жазуу ылайык өңдөнөт. Антип бирге жазбаганда бул сөздүн гирак бөлүгү күрөк деген кыргыздын өз төл сөзү менен чаташтырылып, маанисин туура түшүнүүгө кедерги болот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТА-ЭНЕ – туулгандыгы тууралуу китепчеде белгилүү бир балага ата-эне катары жазылган жактар (атасы менен энеси). Ошентип, «А-э-нин» юридикалык түшүнүгү биологиялык түшүнүк менен дал келбей калышы да мүмкүн (м.: жасалма түрдө уруктандырылса).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТА-ЭНЕЛИК УКУКТАН АЖЫРАТУУ – сот чечими боюнча балдарды коргой турган укуктук чара; балага аталык же энелик фактыга негизделген баардык укуктардан, анын ичинде тарбиялоо укугунан, балалуу жарандар үчүн белгиленген аргандай жеңилдиктер менен жөлөкпулдардан, карыганда багылуу милдеттеринен айрылуу. Бирок, А. у. а. ата-энелерди баласын багуу милдетинен бошотпойт. Ата-эне (же алардын бири) төмөнкүдөй учурларда ата-энелик укугунан ажыратылышы мүмкүн: ата-энелик милдетин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн качса; эч себепсиз эле өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн) же дагы башка дарылоо жайларынан, тарбиялоо жайынан, социалдык коргоо жайынан алуудан баштартса; ата-энелик укугунан кыянаттык менен пайдаланса ж. б.; балдарга мыкаачылык менен мамиле жасаса, анын ичинде алардын жыныстык колтийгистигин бузса; аракечтик менен баңгиликтин өнөкөт оорусуна чалдыкса; баласынын же жубайынын өмүрүнө же денсоолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса; эрезеге жетелек балдарынын селсаяк болуп кетишине жол берсе.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АТА-ЭНЕЛИК УКУКТУ ЧЕКТӨӨ – КР үйбүлө мыйзамдарына ылайык, соттун чечими менен колдонулуучу, баланы ата-энелеринен (алардын биринен) аларды ата-энелик укуктарынан ажыратпастан туруп алып коюуда турган балдарды коргоо чаралары. Эгер баланы ата-энелери (алардын бири) менен калтырып коюу, ата-энелерге (алардын бирине) байланышпаган жагдайлар (жин оорусу же башка бир оор жагдайларга алып келүүчү өнөкөт илдет) боюнча бала үчүн коркунучтуу А-э. у. ч-гө жол берилет. Ошондой эле эгер баланы ата-энелери (алардын бири) менен калтыруу алардын жүрүм-турумдарына байланыштуу бала үчүн коркунучтуу болуп саналса, бирок ата-энелерди (алардын бирин) ата-энелик укуктарынан ажыратууга жетишерлик негиздер аныкталбаган учурларда да ата-энелердин укуктарын чектөөгө жол берилет. Эгер соттун А-э. у. ч. жөнүндөгү чечими чыккандан тартып 6 ай өткөндөн кийин дагы ата-энелер (алардын бири) өзүнүн жүрүм-турумун өзгөртпөсө, асыроо жана багып алуу органы аларды ата-энелик укутарынан ажыратуу жөнүндө доо коюуга милдеттүү. Баланын кызыкчылыгы үчүн асыроо же багып алуу органы бул мөөнөт аяктаганга чейин да ата-энелерди (алардын бирин) укуктарынан ажыратуу жөнүндө доо коюуга акылуу. А-э. у. ч. жөнүндөгү доо баланын жакын тууганы, мыйзам тарабынан жашы жетелек балдардын укуктарын коргоо жүктөлгөн органдар жана уюмдар, билим берүү мекемелери, ошондой эле прокурор тарабынан коюлушу мүмкүн.