АТАШ КҮРӨК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБул сөздү иран тилинен кабыл алган кезде кызык кубулуштар болуп кеткен. Кыргыз тилинин түштүк диалектисинде от кыпчый турган кычкач аташ күрөк делет. Ал чындыгында күрөккө эч окшобойт, кадимки эле кычкач сыяктанып ичке жалпак темирден ийилип жасалат. Күрөккө эч окшобогон буюмду күрөк деп атап калышына төмөнкүдөй себеп болгон. Иранча аташ сөзү кыргызча от дегенди билдирет, ал эми гирак бөлүгү эки составдан турат, гир дегени гирифтан «брать» этишинин учур чагынын формасы, -ак мүчөсү — бир нерсенин аты экенин билдирүүчү мүчө. Иранча сөзмө-сөз которгондо аташги-рак деген «от кармагыч» дегенди билдирет. Бирок бул татаал сөздун экинчи бөлүгүн кыргыздар өзүнүн күрөк деген сөзүнө окшоштуруп кабыл алган. Натыйжада «кармагыч» деген маанидеги сөз күрөк болуп өзгөртүлгөн.
Иранча аташгирак болуп сөзгө сөз кошуу аркылуу жасалган сөздү кыргызча аташкүрөк деп бирге жазуу ылайык өңдөнөт. Антип бирге жазбаганда бул сөздүн гирак бөлүгү күрөк деген кыргыздын өз төл сөзү менен чаташтырылып, маанисин туура түшүнүүгө кедерги болот.